Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Украина-Орусия: Киев Москванын жарыясынан күмөн санады


Орус-украин чек арасынын жанында турган Орусиянын аскерлери.
Орус-украин чек арасынын жанында турган Орусиянын аскерлери.

Орусия Украинанын чек арасындагы аскерлеринин бир бөлүгүн артка кайтарганын жарыялады. Киев менен НАТОнун баш катчылыгы буга толук ишенбей жатат. Ошол себептүү Батыш чыңалууну азайтуу үчүн дипломатиялык аракеттерин токтоткон жок.

Мунун фонунда Орусия Украинанын Донбасс аймагында жикчилдер түзгөн “элдик республикаларды” таануу процессин тездетти.

Кайттыбы же кайткан жокпу?

Украинанын чек арасына жакын жайгашкан айрым аскердик бөлүктөр артка кайта баштаганын Орусиянын Коргоо министрлиги жарыялады.

15-февралда министрликтин расмий өкүлү Игорь Конашенков учурда Орусияда дээрлик бардык аскердик бөлүктөр катышкан машыгуулар өтүп жатканын, алардын айрымдары тапшырмаларды аткарып бүткөнүн билдирди.

Игорь Конашенков
Игорь Конашенков

"Мурдагыдай эле күжүрмөн аскердик даярдык боюнча иш-чаралар аяктагандан кийин аскерлер өздөрүнүн туруктуу жайгашуу пункттарына жүрүш жасайт. Түштүк жана Батыш аскер округдарынын өз милдеттерин аткарып бүткөн бөлүктөрү темир жол жана автомобиль транспортуна жүктөө ишине киришти жана бүгүнтөн тарта өздөрүнүн аскердик гарнизондоруна өтө баштайт", - деди Конашенков.

Ал Беларуста "Союздук чечкиндүүлүк - 2022" аскердик машыгуусу өтүп жатканын, анда болжолдуу сырткы агрессиянын мизин кайтаруу жолдоруна көңүл буруларын кошумчалады.

АКШ, Британия сыяктуу НАТОго мүчө өлкөлөр Орусия Украина менен чек арасына жакын аймактарына 130 миңдей аскерин жана аскердик техникасын топтоп койгонун, Москва кайсы учур болбосун Украинага кол салышы мүмкүн экенин эскертишүүдө.

Буга улай Орусия Беларуста 10-февралда бул өлкө менен биргелешкен аскердик машыгуу баштаган. Бул кооптонууларды андан бетер күчөткөн.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусиянын билдирүүсүнө аскерлер чындап артка кайткандан кийин гана ишенүүгө болорун айтып, Москваны өз күчтөрүн чек ара аймактарынан толук чыгарып кетүүгө чакырды.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусиянын аскерлерди артка тартуу тууралуу билдирүүлөрүн ырастаган белгилерди альянс көрө электигин маалымдады. Ошентсе да Москванын жок дегенде ошентип жарыялаганы алардын кризисти чечүү үчүн диалогго даярдыгын көрсөтүп жатканын кошумчалады.

Йенс Столтенберг
Йенс Столтенберг

“Дипломатия уланышы керектигин билдирген белгилер Москва тараптан болуп жатат жана бул этияттык абалда үмүт жаратууда. Бирок биз азыр жеринде деэскалациянын белгилерин көрө элекпиз”, - деп билдирди Столтенберг 15-февралда Брюсселде журналисттерге.

Йенс Столтенберг НАТОго мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин эки күндүк жолугушуусунда сүйлөп жатып, Орусиянын күчтөрүнүн Украинанын тегерегинде жыйналышын “кансыз согуштан бери боло элек терс көрүнүш” катары баалады. Ал Москва чабуул үчүн толук даяр болуп бүткөнүн белгилеп, бирок аларда бул жолдон кайтууга да убакыт бар экенин кошумчалады.

Шольц менен Путиндин кездешүүсү

Ал арада, 15-февралда Кремлде орус президенти Владимир Путин менен Германиянын канцлери Олаф Шольцтун үч сааттан көп убакытка созулган сүйлөшүүсү жыйынтыкталды.

Шольц Украинанын чек арасында Орусиянын он миңдеген аскерлери топтолуп турганына тынчсыздануусун билдирди. Ал Европадагы согушту алдын алуу чөлкөмдөгү бийлик жетекчилеринин жоопкерчилигинде экенин, чыңалууну жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттер уланып жатканын белгиледи.

Германиянын канцлери Олаф Шольц Москвада. 15-февраль, 2022-жыл.
Германиянын канцлери Олаф Шольц Москвада. 15-февраль, 2022-жыл.

"Айрым аскердик бөлүктөр чыгарылганын угуп жатканыбыз жакшы жышаан. Мындай белгилер дагы көп болот деп үмүттөнөбүз", - деди Шольц.

Ал Германия Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдой турганын, бул өлкөгө карата агрессия терс кесепеттерге алып келерин эскертти.

Орусиянын соңку аракеттери былтыр жайында НАТОнун саммитинде Украинаны аталган уюмга кошуу маселеси каралгандан кийин күчөгөн. Москва буга каршылык билдирип, күз айларынан баштап аскерлерин коңшу өлкөнүн чек арасына жакын жерлерге жыйнай баштаган.

АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Москваны "чабуул жасаганга даярданып жатат" деп айыптаган. Кремл аны четке кагууда, ошол эле маалда “коопсуздук кепилдиктерин” талап кылып келет. Чыңалуу жыл башынан бери курчуду.

Иш жүзүндө Орусиянын куралдуу күчтөрү учурда Украинаны дээрлик тегеректеп турат. Аскерлер орус-украин чек арасынан сырткары Беларуста, Крым жарым аралында жана Кара деңиз тарапта да жайгашты.

Шольц менен кездешүүдөн кийинки билдирүүдө президент Владимир Путин буларга токтолду:

Владимир Путин Олаф Шольц менен. Москва, Орусия. 15-февраль, 2022-жыл.
Владимир Путин Олаф Шольц менен. Москва, Орусия. 15-февраль, 2022-жыл.

"Орусиянын мындан аркы аракеттери кандай болот? Баары план боюнча болот. Ал кандай нерселерден улам түзүлөт? План жеринде болгон реалдуу окуялардын негизинде түзүлөт. Реалдуу абал кандай болоруна ким жооп берет? Азырынча эч ким жооп бербейт. Бул бизден эле көз каранды эмес. Бирок биз өзүбүз койгон маселелер боюнча өнөктөштөр менен дипломатиялык жол аркылуу сүйлөшүүгө жана келишүүгө даярбыз".

Германиянын канцлери Олаф Шольц Москвага барардан мурда Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуп кеткен. Немис канцлеринин алдында француз президенти Эммануэл Макрон жана Британиянын эки министри Киевде жана Москвада сүйлөшүүлөрдү өткөрүп кеткен.

Экинчи жаакка чабуу

Бир жагынан чыңалуу боюнча позитивдүү кабарлар чыгып жаткан чакта, экинчи жагынан Орусияда Украина үчүн башка терс аракет уланып жатты.

Мамлекеттик Дума Украинанын чыгышындагы өздөрүн "Донецк элдик республикасы" жана "Луганск элдик республикасы" ("ДНР" жана "ЛНР") деп атап алган жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактардын көз карандысыздыгын таануу өтүнүчү менен президент Владимир Путинге кайрылды.

Коммунисттик партия даярдаган тиешелүү токтом долбоорун 351 депутат колдоп, 16 эл өкүлү каршы, бирөө калыс болду.

Спикер Вячеслав Володин документке дароо кол койгонун, эми ал президентке жөнөтүлө турганын айтты.

Орусия менен Украинанын чек арасындагы Донбасс аймагынын картасы.
Орусия менен Украинанын чек арасындагы Донбасс аймагынын картасы.

"Парламент жана Орусия калкынын көбү Донбасстагы кырдаалга тынчсызданып жатат. Биз күн сайын Донбасстагы кырдаалды көрүп жатабыз жана биз муну жөн гана карап тура албайбыз", - деди ал.

Токтомдо украин бийлиги Луганск жана Донецк облустарындагы "тарыхый жактан калыптанган турмуш-тиричиликтин нормаларына сабырсыз болуп калды" деп жазылган. Аталган аймактардын көз карандысыздыгын таануу сунушун Коммунисттик партия киргизди.

2014-жылы Орусия Крымды аннексиялагандан көп өтпөй Украинанын чыгышында Москва колдогон жикчилдер менен украин армиясынын ортосунда кармаш тутанган. Андан бери Донбасста 14 миңдей адамдын өмүрү кыйылды.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусиянын жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактарды расмий таануу аракети Москванын Донбасстагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Минск келишиминен чыкканына тете экенин айтты.

Дмитрий Кулеба
Дмитрий Кулеба

"Мен дагы бир жолу Украинанын расмий позициясын эске сала кетейин. Ал эч качан өзгөргөн эмес. Эгер Орусия эки аймактын көз карандысыздыгын тааныган чечим кабыл алса, Орусия Минск келишиминен де-факто жана де-юре чыккан болот. Биз өнөктөштөрүбүзгө бул тууралуу айттык", - деди Кулеба.

Москвага таянган жикчилдер “Референдум” аттуу добуш берүү өткөрүп, “Луганск элдик республикасы” дегендер өз алдынча “көз карандысыздык” жарыялашса, "Донецк элдик республикасын” түздүк дегендер Орусияга кошулуу өтүнүчү менен кайрылган. Батыш бул референдумдарды тааныган эмес. Ал эми Киев бул өнөктүктү Москва уюштурган “фарс” деп атаган.

Донецк көмүр бассейни же Донбасс деп аталган Украинанын өндүрүшкө бай аймагында 3,5 миллиондой калк жашайт. 2014-жылдан бери 740 миңдей киши орус паспортун алганы белгилүү.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG