Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:16

"Талибандын" бийликтеги үч жылы: кордолгон аялдар, таанылбаган өкмөт


Ооганстан
Ооганстан

“Талибан” кыймылы Кабулдагы бийликти кайра басып алганына үч жыл болду. Ооганстандын жаңы өкмөтүн бир да мамлекет тааный элек. Талибдер аялдардын укуктарын чектеп, БУУ аны “гендердик апартеид” деп атаган.

Эл аралык коомчулуктун көңүлү Украинадагы, Газадагы согуштарга бурулуп жаткан кезде, Ооганстан мурдагыдай террордук коркунуч жаратпай калганы менен көптөгөн маселелер кала берүүдө.

Талибдердин майрамы жана кейиштүү гуманитардык абал

14-августта талибдер бийликке кайтып келгенинин үч жылдыгын белгилешти. Бир кездери америкалык аскерлер жайгашып, согушкерлерге каршы күрөштүн символикалык очогу болуп келген Баграм базасындагы салтанатта "Талибан" өкмөтүнүн мүчөлөрү жетишкендиктери менен мактанышты.

Талибдер бийликке келгенин майрамдап жатышат. Герат, 2024-жылдын 14-августу
Талибдер бийликке келгенин майрамдап жатышат. Герат, 2024-жылдын 14-августу

Алар шариятты бекемдегенин, “тынчтыкты жана коопсуздукту “ камсыздаган аскердик система түзүшкөнүн айтып жатышты. Байкоочулар диаспораны кайтып келүүгө, Батышты бийлик менен кызматташууга чакырган "Талибдандын" билдирүүлөрү көбүрөк эл аралык аудиторияга багытталганын белгилейт.

Бирок өлкө туш болгон кыйынчылыктар, каатчылык, адам укуктары, карапайым элдин үмүтүн бир аз болсо да жандырган убадалар ал салтанатта сөз болгон жок.

Ондогон жылдарга созулган жаңжалдар жана бейстабилдүүлүк миллиондогон ооганды ачарчылыктын кырына такады.

Ооганстандын экономикасы кыйла алсырады. 2023-жылы чет жактан келген жардам өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 30 пайызына жакынын түзгөн.

Акыркы үч жылда БУУ Ооганстанга жардам берген эл аралык уюмдарды каржылоого бери дегенде 3,8 млрд доллар бөлгөн.

Жаңы бийликтин экономикага дем берүүгө чамасы чектелүү.

Былтыр 2,96 млрд доллар салык чогултулганы менен, кыйын абалдагы өлкө үчүн бул жетишсиз. Акча Борбордук банк тарабынан эмес, чет жакта басып чыгарылат. Исламда үстөк пайыз алууга тыюу салынгандыктан, андай операциялар жүрбөйт, банктар насыя бербейт. “Талибан” өкмөт деп таанылбагандыктан, карызга акча бере албайт, өлкө эл аралык банк системасынан кесилген.

Экономикага кыз-келиндердин билим алуусуна чектөө да залакасын тийгизүүдө. Эмне дегенде калктын жарымынан салык алынбай калды.

Тарик Фархади
Тарик Фархади

“Үч жылдын ичинде Ооганстан гуманитардык кризистерди башынан кечирди. Анткени буга чейин НАТОнун күчтөрү жайгашкан учурда Ооганстанга эл аралык жардам байма-бай берилип келчү. Азыр ошол жармадын чакан гана бөлүгү келип жатат. Мени өзгөчө аялдар менен балдар арасындагы ачарчылык коркунучу, жеткинчектердин тое тамактанбай калганы кооптондурат. Талибдер эч өзгөргөн жок, мурдагы бойдон калган. Жаш кыздар үчүн мектептерди жаап салышты, мамлекеттик мекемелерге иштөөсүнө тыюу салышты”, - деп айтат саясий аналитик Тарик Фархади.

13-августта эл аралык 10 уюм жасаган билдирүүдө Ооганстанда бийлик алмашканына үч жыл болгон чакта миллиондогон киши “дүйнөдөгү эң чоң гуманитардык кризиске кириптер болгонун” белгилешти.

Кабулдагы наабайканын жанындагы балдар. 2-декабрь 2021-жыл
Кабулдагы наабайканын жанындагы балдар. 2-декабрь 2021-жыл

“Гуманитардык жардамга көз каранды оогандар жакырчылыкка батып, жер которууга мажбур болуп, үмүтсүздүктүн айлампасында калды. Эл аралык коомчулук колдоо көрсөтпөсө, Ооганстан унутулган кризиске айланышы ыктымал”, - деп айтылат билдирүүдө.

Save the Children, World Vision, Islamic Relief Worldwide, International Rescue Committee жана башка уюмдардын эсебинде ушу тапта 40 миллион калктын 23,7 миллиону жардамга муктаж, 6,3 миллион киши жер которууга аргасыз болгон, жумушсуздуктун деңгээли акыркы бир жылда эки эсеге өстү.

"Кыз-келиндердин укугун чектөөнү талибдер негизги принцибине айландырган"

14-августтагы аскердик парадга жалаң эркек кишилер катышты. Жергиликтүү жана чет өлкөлүк аял журналисттерге салтанаттарды чагылдырууга уруксат берилген жок.

Талибдер бийликке кайтып келгенден кийин 1990-жылдардын аягындагы абал кайталанбайт деген убадасына турган жок.

11-августта Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму үч жылдан бери Ооганстанда "аялдардын укугу жаатында дүйнөдөгү эң олуттуу кризис жаралганын" билдирди.

Укук коргоочу уюмдун баяндамасында айтылгандай, талибдердин тушунда Ооганстан кыздар 6-класстан кийин мектепке баруу укугунан ажыратылган жалгыз өлкөгө айланды, аялдардын эркин жүрүүсү, медициналык жардам алуу, спорт менен машыгуу укугу чектелди, гендердик зомбулукка кабылган кыз-келиндер коргонуу укугунан ажырап калды.

Оор гуманитардык кризистен биринчи кезекте кыздар, аялдар жабыркап жатканы белгиленет.

“Талибан” кыймылы кыз-келиндердин жүрүм-турумун жана билим алуусун чектөөдөн баш тартпай турганын жакында өкмөт өкүлү Забиулла Мужахид айткан.

Нан сатып алуу үчүн кезекте турган аялдар. Кабул, 2023-жылдын 23-майы
Нан сатып алуу үчүн кезекте турган аялдар. Кабул, 2023-жылдын 23-майы

Улуттар Уюму талибдердин мындай аракетин “гендердик апартеид” деп атаган.

Фархади айткандай, алар кыз-келиндердин укуктарын чектөөнү өзүнүн негизги принцибине айландырып алган.

Куугунтукка аялдар гана эмес мурдагы саясатчы, журналист, активисттер кабылып келатат.

Талибдер жапырт мунапыс алкагында Ооганстандын бул өлкөдө АКШ аскерлери жайгашкан жылдары алар менен кызматташкан жетекчилерине жана башка бийлик өкүлдөрүнө басым болбой турганына убада кылган.

Бирок бир катар эл аралык уюмдардын адистери жана БУУнун байкоочулары Ооганстанда мурдагы жетекчилерге жана ишмерлерге каршы куугунтук, өч алуу, сотсуз жазалоо, кыйноо сыяктуу көрүнүштөр кеңири жайылганын айтып, далилдерин келтирүүдө.

Жүздөгөн ооганстандык журналист коркутуп-үркүтүүнүн жана куугунтуктун айынан мекенин таштап, чет өлкөлөргө чыгып кетүүгө мажбур болду.

Талибдер бир катар эл аралык маалымат каражаттарынын ишине тыюу салып, чет өлкөлүк журналисттерге виза берүүдөн баш тартты.

Былтыр Ооганстанда бардык саясий топторго жана бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Кыйноо жана өлүм: Мурдагы ооган аскерлерин тооруган коркунуч
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:04 0:00

Таанылбаган өкмөт жана талибдер менен кызматташуу аракеттери

Үч жылдан кийин да талибдердин өкмөтүн бир да мамлекет тааный элек. Буга кыз-келиндерге жасалган репрессивдүү чаралар да себеп болууда.

Кыргызстан "Талибан" өкмөтүн расмий тааныбай турганын, бирок Кабул менен диалогго баруу зарыл экенин билдирген.

Орозбек Молдалиев
Орозбек Молдалиев

"Талибан" реалдуу бийлик болуп турат, аларды таанысак болот деп айтылып жүрөт. Мисалы, Кыргызстан гуманитардык жардам берип, Памирдеги кыргыздарга жардам жеткирүү менен чектелип келатат. Калган өлкөлөр да Кабулдагы бийлик талибдер болуп турат, алар менен эсептешиш керек деп айтканы менен конкреттүү кадамдар жасала элек. Изоляциядагы өлкөдө бир нерсе өзгөртүү да кыйын. 1995-96-жылдары да талибдерди тааныйлы, алар менен мамиле түзөлү деп турган кезде 11-сентябрь теракттары болуп кетти, анан антитеррордук операция башталды", - дейт коопсуздук боюнча кыргызстандык эксперт Орозбек Молдалиев.

Кабул кошуна өлкөлөр, Кытай, Орусия өңдүү ири державалар менен мамиле курууда бир топ ийгиликтерге жетишти. Тарик Фархади анын себебин мындайча түшүндүрөт:

“Муну реалдуу саясат деп атап коюшат. Ооганстанды башкарган топ менен иштешүүгө туура келүүдө. Себеби өлкө Түштүк Азия, Индия, Пакистан менен соода жолунун кесилишинде орун алган. Мисалы, Борбор Азия жаратылыш газын же электр энергиясын экспорттоо үчүн Ооганстан аркылуу өткөн коридорго муктаж. Борбор азиялык өлкөлөр "Талибан" менен соода кылганы менен алардын бийлигин таануга чейин барган жок. Себеби Улуттар Уюму талибдер режимин тааныган эмес. Кытайдын лидери “Талибан” дайындаган элчинин ишеним грамотасын кабыл алды. Мунун символикалык мааниси бар. Бирок Бээжин дагы өкмөтүңөрдү модернизациялашыңар керек, Ооганстандагы башка этностордун өкүлдөрүн да камтуу зарыл деп айтып келатат. Кытайдын көз карашында ошондо гана Ооганстанда стабилдүүлүк орнойт. Кытай үчүн Ооганстандагы туруктуу кырдаал башка нерселерге караганда маанилүү”.

Июлдун этегинде "Талибан" Ооганстандын чет мамлекеттердеги 14 дипломатиялык өкүлчүлүгү менен байланыш токтотулуп жатканын, мындан ары алар берген консулдук документтерди кабыл албай турганын жарыялады.

Талибдердин аскредик парады. Баграм авиабазасы, 14-август 2024-жыл
Талибдердин аскредик парады. Баграм авиабазасы, 14-август 2024-жыл

Талибдер Кабулдагы бийликти басып алгандан кийин өлкөнүн айрым чет элдеги дипломатиялык миссиялары мурдагы өкмөттү гана мыйзамдуу деп эсептей турганын билдирип келишкен.

Кытайдан тышкары Пакистанда жана Орусияда талибдердин дипломатиялык миссиялары иштеп жатат. Испания менен Нидерланддагы өкүлчүлүктөр да талибдер менен бул боюнча иштешүүгө даярдыгын билдиришкен.

"Ооганстандын аймагында түрдүү террордук уюмдар бар"

"Талибан" алар гана Ооганстанды башкарууга, коопсуздукту орнотууга жөндөмдүү экенин айтып келет. Фархади согуш токтогондуктан өлкөдө тынчтык орноп калганын белгилейт:

“Менимче, өлкө стабилдүү болуп калды. Себеби согуш токтоду. "Талибан" бийлигине каршы ишмердик менен алектенбесе, чет жактардагы оогандар мекенине ээн-эркин бара алышат. Стабилдүүлүк Борбор Азия үчүн оң көрүнүш. Кошуна өлкөлөр 20 жылдан бери ал жактагы бейпилдикти эңсеп келишти”.

“Ислам мамлекети-Хорасан” террордук уюму талибдерди жихаддан баш тартканы үчүн айыптап, мындай риториканы өз катарына талиб жоочуларын жалдоо үчүн пайдаланып келатат. Алар "Талибандын" башкаруусуна көлөкө түшүрүү үчүн өлкө ичинде жана сыртында теракттарды уюштуруп жүрөт. “Ислам мамлекети-Хорасан” талибдерди өз катарына тартуу максатында түрдүү тилдердеги пропаганда түйүнүн колдонот.

Орозбек Молдалиев "Талибан" Борбор Азияга кол салууну көздөбөгөнүн башынан эле айтып келгенин, бирок ал өлкөдө түрдүү экстремисттик уюмдар бар эскенин эске салат:

"Ооганстандын аймагында түрдүү террордук уюмдар бар. Ошол эле "Ислам мамлекети-Хорасан" тобунун талибдер менен мамилеси начар. Алар Москвадагы "Крокус сити" концерт залына кол салган. Бул Ооганстан кол салды дегенди билдирбейт. "Ислам мамлекети" террордук уюму дүйнөнүн картасын чийип алып, сен баланча жак менен күрөшөсүң деп бөлүштүрүп койгон. Кабулда жакында эле жардыруу болуп бир нече киши каза тапты. Террордук уюм кол салса, аны талибдер жасады деп айтуу туура эмес. Экинчиден, "Талибандын" ичинде биримдик жок. Алар да ар кайсы уруулардан куралган. Ички майда нааразылык бар болгону менен чоң бир жаңжал тутана элек".

2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттардан кийин АКШ баштаган НАТО күчтөрү Ооганстанда 20 жыл бою талибдерге каршы согуш жүргүзүп келишкен. 3 жыл мурун, 15-августта "Талибан" Кабулдагы бийликти кайрадан басып алган, президент Ашараф Гени өлкөдөн качып кеткен. 31-августта АКШнын аскердик күчтөрү ооган жергесинен чыгарылган.

XS
SM
MD
LG