Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:33

"Талибан" ооган аялдарын чектеген чечиминен баш тартпайт


Забиулла Мужахид. Архив сүрөт.
Забиулла Мужахид. Архив сүрөт.

“Талибан” кыймылы Ооганстанда кыз-келиндердин жүрүм-туруму жана билим алуусу боюнча чектөөлөрүнөн баш тартпайт. Бул тууралуу Ооганстан боюнча өткөн эл аралык жыйындын жыйынтыгы тууралуу Кабулдагы маалымат жыйында кыймылдын өкүлү Забиулла Мужахид билдирди.

Катардын борбор шаары Дохада 30-июндан 1-июлга чейин өткөн конференцияны Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) уюштурган. Мындай жыйындарды БУУ 2021-жылдан бери өткөрүп келе жатат. Бул жолкусуна “Талибан” өкүлдөрү биринчи жолу катышты.

Укук коргоо уюмдары БУУнун конференцияга «Талибандын» катышуусуна шарт түзүү үчүн ооган аялдарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусун чектеген чечимин айыпташкан.

БУУ “Талибанды” Ооганстандын мыйзамдуу бийлиги деп тааныбайт.

Мужахид Доха конференциясында «кызматташтык духу» жана «ишеним атмосферасы» сезилип турганын айтты.

БУУнун башкы катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү жана Ооганстанга көмөктөшүү боюнча миссиясынын башчысы Роза Отунбаева ооган аялдары бул жыйынга катышпаганы менен "Талибан" менен сүйлөшүүлөрдө Ооганстандагы кыз-келиндердин укуктары тууралуу маселе көтөрүлөрүн айткан. Ошондой эле ал талиб делегациясынын сүйлөшүүлөргө катышуусу алардын өкмөтүн таануу дегенге жатпай турганын белгилеген.

Быйыл 6-мартта БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып Отунбаева Ооганстандагы бийликти аялдарды чектеген эрежелерин токтотууга чакырган.

Ооганстандын бийлик жүргүзгөн «Талибан» кыймылы 2022-жылдын апрель айында аялдарды хижаб кийип жүрүүгө милдеттендирген жарлык чыгарган. Быйыл январь айынан тартып өкмөт ошол жарлыктын негизинде көчөдөн кыз-келиндерди кармап кетип жатканы кабарланган.

2021-жылдын 15-августунда "Талибан" Кабулда бийликти кайрадан басып алган, 31-августта АКШнын аскердик күчтөрү бул өлкөдөн чыгып кеткен.

Талибдер «инклюзивдик өкмөт» түзүү, аялдардын билим алуу жана иштөө укугун кепилдөө боюнча сунуштарга макул болбой келет. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Ооганстандын Батыштагы банк резервдери камакта турат, талибдердин айрым лидерлерине АКШ издөө жарыялаган. Кыргызстан "Талибан" өкмөтүн расмий тааныбай турганын, бирок Кабул менен диалогго баруу зарыл экенин билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG