Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:49

Ооганстанда үйдөн иштөөгө мажбур болгон аялдардын маянасы азайды


Ооганстан. Архивдик сүрөт.
Ооганстан. Архивдик сүрөт.

Ооганстанда мамлекеттик кызматта иштеп жатып, бирок бийликке талибдер келгенден кийин үйдөн иштөөгө мажбур болгон аялдардын айлык маянасы кыскарды. Бул тууралуу бүгүн 8-июлда өлкөнүн «Талибан» кыймылы башкарган Каржы министрлиги билдирди.

Кыскаруу канча пайыз болгону айтылган жок. Министрликтин өкүлү Ахмад Вали Хакмал AFP маалымат агенттигине:

«Кеңсеге барып иштебеген, үйдөгү аялдардын айлык маянасы 5000 афгани (70 АКШ доллары) болот», - деп айтып берди.

Ал эми айрым тармактарда, мисалы, мамлекеттик ооруканаларга же билим берүү мекемелерине барып иштөөгө уруксаты бар аялдардын маянасы кызматына жараша кадимки өлчөмдө төлөнө берери маалымдалды.

2021-жылдын 15-августунда "Талибан" Кабулда бийликти кайрадан басып алган, 31-августта АКШнын аскердик күчтөрү бул өлкөдөн чыгып кеткен.

Мамлекеттик сектордо эмгектенген көптөгөн аялдарга кеңсеге барып иштөөсүнө тыюу салынган, бирок алардын аялык маянасы сакталары убада кылынган.

Талибдер «инклюзивдик өкмөт» түзүү, аялдардын билим алуу жана иштөө укугун кепилдөө боюнча сунуштарга макул болбой келет. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Ооганстандын Батыштагы банк резервдери камакта турат, талибдердин айрым лидерлерине АКШ издөө жарыялаган. Кыргызстан "Талибан" өкмөтүн расмий тааныбай турганын, бирок Кабул менен диалогго баруу зарыл экенин билдирген.

“Талибан” кыймылы Ооганстанда кыз-келиндердин жүрүм-туруму жана билим алуусу боюнча чектөөлөрүнөн баш тартпай турганын өткөн аптада Ооганстан боюнча өткөн эл аралык жыйындын жыйынтыгы тууралуу Кабулдагы маалымат жыйында кыймылдын өкүлү Забиулла Мужахид билдирген.

Катардын борбор шаары Дохада 30-июндан 1-июлга чейин өткөн конференцияны Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) уюштурган. Мындай жыйындарды БУУ 2021-жылдан бери өткөрүп келе жатат. Бул жолкусуна “Талибан” өкүлдөрү биринчи жолу катышты.

Укук коргоо уюмдары БУУнун конференцияга «Талибандын» катышуусуна шарт түзүү үчүн ооган аялдарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусун чектеген чечимин айыпташкан. (RK)

XS
SM
MD
LG