Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:44

Газа: Израилдин чабуулдарынан улам барымтадагылардын өмүрүнө коркунуч туулганы кабарланды


Израилдин эли ХАМАС барымтага алгандарды бошотуу талабы менен чыккан акциялардын бири. (архивдик сүрөт)
Израилдин эли ХАМАС барымтага алгандарды бошотуу талабы менен чыккан акциялардын бири. (архивдик сүрөт)

АКШ жана Евробиримдик тарабынан террордук уюм деп таанылган палестиналык ХАМАС радикал тобу Израил армиясынын Газа тилкесине кайрадан кол салууларынан улам барымтадагылардын өмүрү коркунучта экенин билдирди. Бул тууралуу "Франс-пресс" (AFP) агенттиги жазды.

ХАМАСтын өкүлдөрү буга чейин 2023-жылдын 7-октябрында барымтага алынгандардын айрымдары Израилдин бомбалоосунан каза болгонун билдиришкен. Бирок Израилдин медициналык экспертизасынын корутундусу радикал топ буга чейин сөөгүн кайтарган эне жана эки бала туткунда өлгөнүн аныктаган.

23-мартта ЦАХАЛдын күчтөрү Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарынын бир бөлүгүн курчоого алганы кабарланган. Ал жакта миңдеген тургун чыга албай калганын жергиликтүү өкүлдөр билдирди.

Израилдин коргоо министри Исраел Кац билдиргендей, алар Газадагы ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмунун согушкерлерин гана бутага алып, карапайым адамдарга зыян келтирбөөнүн аракетин көрүп жатат.

Эки тарап ортосунда АКШ, Катар жана Египеттин ортомчулугу менен жыл башында ок атышууну токтотуу боюнча келишим түзүлүп, ал 19-январда күчүнө кирген. Үч баскычтан турган ал макулдашуу узак мөөнөттүү согуштук аракеттерди токтотууга, Израил аскерлеринин Газадан толугу менен чыгышына жана ХАМАСтын барымтасындагы бардык туткундарды бошотууга багытталган эле.

Биринчи баскычында ХАМАС 25 туткунду тирүү жана сегиз адамдын сөөгүн кайтарган. Анын ордуна Израил дээрлик 1800 палестиналыкты түрмөдөн бошоткон. Израилдик аскерлер Газадагы бейтарап аймактарга чейин артка чегинип, жүз миңдеп жер которгон палестиндер Газанын түндүгүнө кайтып келишкен.

Эки тарап келишимди узартуу боюнча орток пикир таба албай келишет.

Газанын Саламаттык сактоо башкармалыгынын маалыматы боюнча Израилдин Газадагы аскердик операциясынан 48 миңден ашык адам набыт болду. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG