Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:50

БУУнун Дохадагы жыйынына биринчи жолу талиб делегациясы келди


Доха шаары.
Доха шаары.

Катардын баш калаасы Доха шаарында "Талибан" башкарган Ооганстан менен эл аралык коомчулуктун байланышы тууралуу Бириккен Улуттар Уюму уюштурган сүйлөшүүлөр башталууда.

Бул БУУ Ооганстанга байланыштуу Дохада өткөрүп жаткан үчүнчү жыйын болгонуна карабастан бул ирет ага "Талибан" өкмөтүнүн делегациясы биринчи жолу катышууда.

"Франц пресс" агенттиги талибдердин өкүлдөрү Дохага келишкенин, эл аралык делегациялар менен баштапкы сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жекшемби күнү кабарлады.

Укук коргоо уюмдары ооганстандык аялдар эки күндүк бул сүйлөшүүлөргө катышпай калганын сынга алышып, жыйында Ооганстандагы кыз-келиндердин укуктары талкууланбай турганын айтышууда.

"Талибан" бул жыйындын күн тартибин жана ага ким катышарын аныктоодо негизги ролду ойноду. Мунун өзү чоң маселе жана талибдерге ыйгарым укук жана легитимдүүлүктү тартуулайт", - деди Ооганстандагы Адам укуктары боюнча көз карандысыз комиссиянын мурдагы башчысы жана "Равадари" укук коргоо уюмунун азыркы аткаруучу директору Шахразад Акбар.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү жана Ооганстанга көмөктөшүү боюнча миссиясынын башчысы Роза Отунбаева ооган аялдары бул жыйынга катышпаганы менен "Талибан" менен сүйлөшүүлөрдө Ооганстандагы кыз-келиндердин укуктары тууралуу маселе көтөрүлөрүн айтты. Ошондой эле ал талиб делегациясынын сүйлөшүүлөргө катышуусу алардын өкмөтүн таануу дегенге жатпай турганын белгиледи.

Дохадагы жыйынга БУУнун өкүлдөрүнөн тышкары 20дай өлкөнүн, анын ичинде АКШнын делегациясы да катышары күтүлүүдө.

"Талибан" 2020-жылдын август айында Ооганстанда бийликти басып алгандан бери бул кыймыл негиздеген өкмөттү бир дагы өлкө расмий тааный элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG