Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:59

"Крокус Сити Холлдогу" кол салуу: алгачкы версиялар жана реакциялар


Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы кандуу окуядан каза болгондордун саны 133кө жетти. 24-мартта жалпы Орусия боюнча улуттук аза күтүү күнү жарыяланды.

Куралчан белгисиз топ 22-марттын кечинде Москванын четиндеги миңдеген адам чогулган "Крокус Сити Холл" концерттик залына ок жаадырган.

Социалдык медиага тараган видеодон куралчан адамдар залда кезиккен адамдын баарын атып баратканын көрүүгө болот. Имараттын ичинде дүрбөлөң башталып, эл сыртка чыгуу үчүн кача баштаган. Күбөлөрдүн айтымында, имаратта жарылуу болуп, өрт чыккан, чатырдын жарымы кыйраган.

Окуя болгон жерге келген укук коргоо органдарынын кызматкерлери элди алып чыгып, кол салгандарды издей баштаган. Имарат курчоого алынып, ок аткандар качып кеткени тууралуу дагы маалыматтар тараган. Социалдык түйүндөрдө кылмышка шектүүлөрдүн автоунаасы деген сүрөттөр жарыяланды.

23-мартта Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Бортников Путинге 11 адам кармалганы тууралуу маалымат берди.

Кол салуу артында кимдер турушу мүмкүн?

Путиндин пресс-катчысы Дмитрий Песков орус президенти "Крокус сити Холлдо" болгон окуя тууралуу ок атыла баштаганда эле кабардар болгонун билдирди. Орусиянын президенти Владимир Путин 23-мартта, түштөн кийин телекайрылуу жасап, кол салууну “кандуу жана варвардык теракт” деп атады.

Орус президенти шектүүлөр Украинаны көздөй баратканда кармалганын, аларга чек арадан өтүп кетүүгө “жол” даярдалганын билдирди. Бирок анын чоо-жайына токтолгон жок.

Ага чейин айрым саясатчылар Орусия Украинага каршы согушуп жатканын эске алып, "Крокус Сити Холлго" кол салуу артында Киев турушу мүмкүн экенин айтышкан.

Киев болсо бул окуяга эч кандай тиешеси экенин билдирип, согушта террордук ыкмаларды колдонбой турганын баса белгиледи.

"Крокус Сити Холлдогу” ок атуу менен Украинанын эч байланышы жок. Мунун эч кандай мааниси да жок.”, - деди украин президентинин кеңсе жетекчисинин кеңешчиси Михаил Подоляк.

Биринчиден: Украинанын орус армиясы менен согушуп жатканына эки жылдан ашты. Согуш аскердик туура чечимдер жана куралдардын санына жараша аяктайт. Террористтик чабуулдар эч кандай маселени чечпейт.

Экинчиден, Украина эч качан террористтик ыкмаларды колдонгон эмес. Бул маанисиз. Баса, учурдагы согушка чейин Орусия өз жарандарына чабуул коюп, нааразы болгон этникалык топторго каршы "контртеррористтик акттарды" уюштуруу үчүн террордук ыкмаларды колдонгон. Москвадагы Кашир шоссесиндеги жана Волгодондогу окуяларды эске салуу жетиштүү.

Үчүнчүдөн: "Крокус Сити Холлдогу" окуяга чейин Москвадагы чет элдик элчиликтер кандуу окуялар болушу мүмкүн экенин эскерткенин укканбыз.

Жыйынтык: Москвадагы окуя согуштук пропаганданы, милитаризацияны, мобилизацияны күчөтүүгө, согушту жайылтууга колдонуларынан кымындай да шек санабайбыз. Андан тышкары Украинанын жай тургундарына урулган геноциддик соккуларын актоо үчүн да колдонулат", - деп жазган Подоляк.

АКШ кол салууга Украинанын тиешеси жок экенин билдирди. Эки жума мурда, Орусиядагы президенттик шайлоо алдында АКШ Москвада теракт болушу мүмкүн экенин эскертип, америкалык жарандарга эл көп топтолгон жерге барбоого чакырган.

Шайлоодон кийин Владимир Путин Батыш өлкөлөрүнүн Орусияда теракт болушу мүмкүн деген чочулоосуна "чагым" жана "коомдо башаламандык жаратуу аракети" катары баа берген.

"Крокус Сити Холлдогу" окуядан кийин кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террористтик тобу алганы тууралуу билдирүү пайда болду. ЖМКга чыккан бул билдирүүнүн чындыгы күмөн санатты, бирок CBS жана New York Times атын атабаган булактарга таянып, АКШнын чалгын кызматы "Ислам мамлекети" тобунун Москвага кол салуусуна катышы бардыгын айтып жатышканын, Орусияга теракт болушу мүмкүн деген маалыматтарды буга чейин эле бергенин жазышты.

NYT Ооганстанда орун-очок алган "ИМдин" бөлүгү Орусиядан Ооганстан, Чеченстан жана Сириядагы аракеттери үчүн өч алгысы келгенин жазды.

Социалдык тармактарда Орусиядагы "Крокус Ситиде” ок чыгаргандар тажик жарандары деген такталбаган маалымат тарап жатат. Буга байланыштуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы кандуу окуяга тажикстандык же тажик тектүү жарандардын байланышы жөнүндө маалыматты тактап, анан таратууга чакырды. Бул өлкөнүн Ички иштер министрлиги тажик жарандарынын кол салууга тиешеси жок экенин билдирди.

Анализ

Иликтөөчү Христо Грозев "Настоящее Времянын" эфиринде кол салууга "Ислам мамлекети" террордук тобунун катышы барын ыктымал версия катары караган.

"Америкалык тараптын бир канча жума мурда Орусияга алдын ала эскертүүсү менен байланыштырсак болот. Эскерүү орус тарап "жалпы" деп атап, эл аралык террордук топ катары карап келген "Ислам мамлекети-Хорасандын" ооган уюгу болушу мүмкүн деп ынанымдуу берилген. Америкалык чалгын кызматынын маалыматында, орус тарап эскертүүгө тоңмоюндук кылып, олуттуу карабагандай түр көрсөткөнү менен, акыркы эки жумада Орусиядагы бул уюмдун айрым мүчөлөрү кармалган".

Журналист Дмитрий Колезев:

"Москвага теракт жакындап келгени орусиялык чалгын кызматынын чагымына окшобойт, бирок бул алардын шерменде болгонун билдирет. "Коопсуздук" үчүн эбегейсиз акча жумшалат, реалдуулукта коопсуздук камсыздалбайт. Ири, абдан жакшы даярдалган терактка жол беришти. Бул жалгыз-жарым аткыч эмес, ири масштабдуу операция. Кол салгандарды табыша элек (бирок алар табылабы?). Атайын кызматтар саясий аңдуу жана жарандарды коркутуу менен алек. Коомду реалдуу коркунучтардан коргоо милдетин аткарышпайт. Идеясында бул маселени оппозициялык саясатчылар жана журналисттер кабыргасынан коюшу керек эле. Тилекке каршы, экөөнө тең бул тууралуу айтыла турган федералдык каналдарга жол буулган. Күч органдары кол тийгис - анткени алар азыркы режимдин таянычы. Андыктан пропаганда трагедияны "бир туунун алдында" бириктирүүгө аракет кылат жана ал мүдөөнү ишке ашырат".

Саясат таануучу Владимир Пастухов:

Трагедиянын үч ракурсун так белгилеп алуу зарыл;

1) Эмне болду?

2) Болгон нерсени кимге шылташат?

3) Окуя болгондон кийин ага байланышы жок нерселер эмне болот жана аны кимдин моюнуна илишет?

"Дмитрий Колезев биринчи учур - орусиялык атайын кызматтын чагымы эмес, анан шерменде болушу дегенге макул. Бирок бул алардын чагымды уюштуруу жөндөмүнө ишенбегеним үчүн эмес, алар керектүү жыйынтыкты алуу менен анын кесепетин кошо аңдай албаганы үчүн айтылды.

Экинчи суроо боюнча акыркы чечим саясий жактан кабыл алынат. Айыпкер табылбайт, бирок ал түз эле аталат. Мен эгер ал Украина болбосо катуу таң калам. Анткен менен эгер Орусиянын чалгын кызматы америкалыктардан жана алардын өнөктөштөрүнөн алдын ала жетиштүү маалыматты чындап алган болсо, бул Украина эмес болуп чыгып жана алардын изи бар деп айтууга мүмкүн болбой калышы ыктымал.

Үчүнчү суроо боюнча, бул кесепеттер. Теракт Орусиядагы болуп жаткандан окуялардын жалпы багытына туура келет жана ал мурда эле башталып, азыр да жүрүп жаткан процесстерге катализатор болот. Өлкө мындан ары террорго жана жарандык согушка ыктайт жана бул секирик менен болот.

Өлүм жазасына мораторийдин алынышы, жарандыктан ажыратуу тажрыйбасынын кайра жанданышы, дүйнөлүк интернетти жарым-жартылай өчүрүү, аскердик абалдын киргизилиши жана мобилизациянын тездетилиши - тобокелдик зонасындагы окуяларга кирет".

Реакциялар

АКШнын Ак үйүнүн кеңешчиси Жон Кирби каза тапкандардын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, болгон окуяны тирукмуш чабуул катары сыпаттады.

"Баарыбыз Москвадагы кадрларды көрүп жатабыз. Биз көбүрөөк маалымат алууга умтулуп жатабыз. Кадрлар өтө оор, карап тура албайсың".

Германия, Британия жана Түркия баштаган 20дай өлкө орусиялыктарга көңүл айтып, кол салууну айыпташты. Жай тургундарга кол салууну Евробиримдик жана БУУ дагы айыптады.

Кыргызстандын кол салууну айыптаган билдирүүсүн Тышкы иштер министрлиги таратты. Мекеме Орусиядагы кыргыз жарандарын эл көп чогулган жерлерден оолак болууга чакырды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон кандуу кол салууга байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтты.

“Бул кылмышты чечкиндүү айыптоо менен буга натыйжалуу каршылык көрсөтүүгө багытталган аракеттерди колдой турганыбызды билдиребиз жана эл аралык терроризмге каршы күрөштө бүтүн дүйнөлүк коомчулуктун аракеттеринин биригишин жактайбыз”, - деп айтылат билдирүүдө.

Орусиянын шаарларында кол салуунун курмандыктары эскерилүүдө. Андан тышкары Париж, Таллин, Вена, Ташкент, Кишинёв баштаган дүйңөнүн ири шаарларында адамдар маркумдарды эскерип, гүл коюп, шам жагып жатышат.

Эскерүү иш-чарасы Кыргызстандын борбор калаасында да өтүп жатат. Бишкектеги Орусиянын элчилигинин алдында "Крокус Сити Холлдогу" кандуу окуяда каза болгондор эскерилүүдө. Ал жерге келген айрым шаардыктар гүл коюп жатышканына "Азаттыктын" кабарчысы күбө болду.

"Свобода" радиосу

XS
SM
MD
LG