Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:44

Түштүк Кореяда токойдогу өрт 24 адамдын өмүрүн алды


Андонг шаарындагы токой өртү. Түштүк Корея, 25-март, 2025-жыл
Андонг шаарындагы токой өртү. Түштүк Корея, 25-март, 2025-жыл

Түштүк Кореядагы токойлордогу өрттөн каза болгондордун саны 24кө жетти. Рейтер агенттиги шаршемби күнү өрт өчүрүүчү тик учак кулап, анын учкучу каза болгонун жазды.

Катуу шамал жана кургак аба ырайынан улам өрт адам жашаган кварталдарды талкалап, 27 миңден ашуун киши үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Бул Түштүк Кореядагы акыркы он жылдагы эң ири өрт кырсыгы.

Андонг шаарынын бийлиги өрт ишемби күнү тутанып, ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген бир нече объектилер коркунучта экенин билдирди.

Өрт менен күрөшүүгө ондогон тик учак жана миңдеген өрт өчүрүүчүлөр тартылганы кабарланды.

21-мартта Корей жарым аралынын түштүгүндөгү Санчхон округунда ондон ашык жерде төрт тутанган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG