Себеби ал Кыргызстандан паспорт алуу үчүн Эстониянын органдарынан түпкү документтерин таптыруу керек болчу. Анын баары түрдүү жагдайлардан улам созулуп келатат.
"Кулдай эле иштеп жүрдүм"...
Эстониянын жараны Юрий Гичко өз баянын кыргызча-орусча аралаштырып айтып отурду. Анын Кыргызстанда жүргөнүнө 30 жылдан ашыптыр. Бул аралыкта кыргыз тилин бир аз үйрөнүп да алыптыр:
“Эстон тилин билчү эмесмин. Такыр сүйлөй албай койдум. Бул жакка келгенде, орустар кыргызча сүйлөп жүргөнүн көрүп ойлодум. Менин эмнем кем экен? Аракет кыла баштадым. Кыргызда айтат эмеспи, “аракет кылсаң, берекет” деп. Мына, берекетке жеттим, буюрса. Кыргызстандын президенти менин өтүнүчүмдү укса, көйгөйүмдү чечүүгө жардам берсе, ыраазы болмокмун"...
Каарманыбыз алгач Кыргызстанга эмнеден улам кызыгып калганын жана кайсы жылы келгенин айтып берди:
“1992-жылы 6-мартта Кыргызстанга келдим. Поездде, бир таанышым менен келгем. Ал Эстонияда аскерде кызмат өтөчү. Аскердик кызматы аяктап калганда “мени менен баргың келсе жүр, конок болуп барасың, анан кайра кетесиң” деди. Өзүм жашмын, 17 жашта болчумун. Кыргыз фильмдерин көрүп, ошондон да кызыгып калдым да. Көзүм менен көрөт экенмин деп, ошон үчүн макул болуп келгем”.
Юрий Гичко кезинде Кыргызстанга СССРдин паспорту менен келген. Бишкекке келген соң таанышын таппай калган, кийинчерээк паспортун да жоготуп алган экен.
“Паспортумду жоготкондон кийин тек жайымды тактоо үчүн Бишкектеги балдардын баш калкалоо жайына түштүм. Ал жерде бир ай болдум. Андан кийин 18 жашка чыкканда мени атайын жайга которушту. Ал жерден мага бир айга убактылуу маалымкат жазып берип, чыгарып коюшту”.
Ошентип, Юрий ким экенин тастыктоочу эч бир документи жок калат. Өлбөстүн күнүн көрүп, бул жылдары күнүмдүк жумуштарда иштеп, жан багып жүрөт.
“Орой болуп калабы, бирок кулдай болуп жүрдүм да. Анткени ар кайсы жумуш берчүлөр “биздикине кел, сага жардам беребиз, кейибей эле кой” дешчү. Ишенесиң да, жашмын да. Эптеп жашаш керек да. Ишенип барсам, аягында жардам бербейт. Убакыт өтүп, ушул маалга чейин жүрөм. Мал баккан күндөр болду. Ооба, көбүнчө мал бактым. Мен эч нерсе алчу эмесмин. Бир кесе ысык сорпо үчүн иштечүмүн. Анан жата турган жай болсо ошол жетиштүү болчу. Мага эч ким акча төлөгөн эмес”, - дейт ал.
"Апамдан тартып алып, балдар үйүнө берип коюшкан"...
Юрийдин сөзүнө караганда, Эстонияда балдар үйүндө чоңойгон. Борбор шаар – Таллиндеги өскөн дареги азыр деле анын эсинде экен:
“Кичине кезибизде тарбиячылар балдар үйүнүн дарегин жаттатышкан. Ошондуктан мен эстеп калгам. Балдар үйү Таллин шаары, Кадака-Тее көчөсү, 153 дарегинде жайгашкан. Мен ал жерде 1-классты окудум. №55 орто мектеп болчу".
Юрий апасын элес-булас эстейт. Апасы аны жана анын бир тууган эжесин да колунан келишинче багып жүрүп, кайсы бир себептен улам энеси менен балдары ажырап калган.
Натыйжада Юрий Гичко да, анын эжеси Алина Гичко да балдар үйүндө чоңоюшкан.
“Укканым боюнча, апамдын үстүнөн көп арызданышчу экен. Апам бизди карай албаса, анда мыйзам чечет дешкен экен. Апам эжем экөөбүздү аябай жакшы карачу. Бизди тыпыйтып кийинтчү. Балалык жашообуз жаман эмес эле. Айтор, эмне болгонун билбейм. Апамды энелик укуктан ажыратып, бизди балдар үйүнө алып кетишкен экен", – деди Юрий.
Каарманыбыз бир тууганы менен табышканына аз эле болду. Эжеси азыр Эстонияда жашайт.
“Азаттык” Юрийдин эжеси Алина Гичко менен да байланышып, анын таржымалын укту:
“Мен ал кезде бала төрөп, өз алдымча жашап жаткан элем. Ал кайда кеткенин такыр билбей калдым. Ал жөн эле дайынсыз болуп кетти. 1990-жылдары апама Кыргызстандан кат келген. Келип, аны алып кетүүнү суранышкан. Бирок апамдын акчасы жок болчу. Кантсе да 90-жылдары [жашоо кыйын] болчу да. Эч ким [Кыргызстанга] барган жок. Ал дагы кабарсыз кетти. Ошону менен таптакыр дайынсыз жок болуп кетти”.
Анткен менен бир туугандар кайра табышкандан бери жүзмө-жүз көрүшө элек. Алина турмуш шартына байланыштуу Кыргызстанга келе элек. Ал эми Юрий өзү паспортсуз Кыргызстандан чыга албайт.
"Апам инимди табышымды аябай суранган эле. Көзү өткүчө “Юраны тап” деп суранып жүрдү. Мен аны таптым. Ага айттым, апамдын мүрзөсүнө баралы, көрөсүң, апам да тирүү болсо сени тапканымды көрмөк дедим", - деди Алина.
Юрий паспорт алуу үчүн Кыргызстандын мамлекеттик органдарына бир топ ирет кайрылган. Бирок бул үчүн анын Эстониядагы туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн, паспортунун түпкү нускасы керек экен. Юрийдин эжеси Алина анын көчүрмөсүн тапкан менен, маселени чечиле элек.
"Юрийдин туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсүн колума алдым. Дароо копия жасоо борборуна бардым да, бардык документтерди ага жибердим. Мага туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн [көчүрмөсүн] гана беришти. Башка документтерин беришкен жок", – деди Алина Гичко.
Кыргыз жана эстон бийликтеринин жүйөсү
Бирок Кыргызстандын органдары күбөлүктүн түп нускасын сурап жатат. Учурда Юрийдин иши Кыргызстандын Акыйкатчы институтунун көзөмөлүндө.
Акыйкатчынын орун басары Жаныбек Жороев буларга токтолду:
"Эстониянын мамлекеттик органдары менен Тышкы иштер министрлиги аркылуу тыгыз байланыштабыз. Алар жооп беришти. “Бирок бизге бир канча убакыт керек. Тактоо иштерин аяктагандан кийин маалымат беребиз” деп кат жөнөтүшкөн. Бүгүнкү күндө эң негизги документ - туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн [түп нускасын] ала турган болсок, өз суроо-талаптарыбызды, өтүнүчүбүздү Санарип өнүктүрүү министрлигине жөнөтөбүз. Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышы үчүн документтерди даярдоого көмөк көрсөтөбүз".
Бул аралыкта “Азаттыктын” Түндүк Европадагы кабарчылары Эстониянын мамлекеттик органдарына кайрылып, Юрий Гичконун иши тууралуу маалымат сурады.
Эстониянын полициясы Юрийдин ошол жакта туулганын тастыктап, мындай билдирүү берди:
“Гичкого туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн жөнөтүү үчүн анын тек-жайын аныктоо керек болчу. Муну полиция жасады. Мамлекеттик архив анын аты-жөнү менен туулган күнү дал келгенин, Таллинде туулганын, туулгандыгы тууралуу акт бар экенин тастыктады. Экспертизанын жана Гичконун ким экенин тастыктоо ишинин жыйынтыгы Тышкы иштер министрлигиндеги кесиптештерибизге берилди”.
Жарым өмүр документсиз өттү
Быйыл 50 жашка чыккан Юрий өмүрүнүн теңинен көбүн документи жок өткөрдү. Азыр деле анын паспорт алуу маселеси качан, кантип чечилери белгисиз болуп турат.
"Капыстан ооруп калсам ооруканага кайрыла албайм. Себеби бардык жерде паспорт, камсыздандыруу документи керек. Менде ал жок да. Ошондуктан Эстониянын өкмөтүнөн өтүнөм. Сиздерден менин көйгөйүмдү ордунан жылдырууга жардам бериңиздер деп суранам. Кыргызстандын президенти менин өтүнүчүмдү укса, көйгөйүмдү чечүүгө жардам берсе, ыраазы болмокмун. Чын жүрөгүмдөн ыраазы болмокмун. Көйгөйүмдүн чечилишине кол кабыш кылса жакшы болмок", - дейт Юрий.
Ушул тапта Юрий документинин даяр болушун күтсө, бир тууганы Алина иниси Эстонияга кайтса дегенге эки көзү төрт болуп турган чагы.
"Баары жакшы чечилсе, ал бул жакка келет деп үмүттөнөм. Кантсе да [Эстония] анын мекени эмеспи. Бул жерди көрүшүн каалайм. Андан бери кандай өзгөргөнүн көрсө дейм. Анан апамдын мүрзөсүнө барса экен", – деди Алина Гичко.
СССРдин документи менен жүрүп, кийин Кыргызстандын паспортун ала албай калгандар буга чейин да болуп келген. Документтин жаңылай албай калгандардын көбү мурда Өзбекстанда, Тажикстанда, Казакстанда же башка жакынкы коңшу мамлекеттерде туулгандар эле.
Шерине