Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:44

Март ыңкылабы: Жалал-Абадда жоголгон миллиондор, дайыны чыкпай калган айыпталуучу


Коллаж сүрөт.
Коллаж сүрөт.

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин бийлиги күч менен кулатылып аяктаган Март ыңкылабына туура 20 жыл болду. Башаламандык менен коштолгон нааразылык акцияларда чуулгандуу, азыркыга чейин бүдөмүк бир катар окуя да орун алган. Алардын бири Улуттук банктын Жалал-Абад облустук башкармалыгынан 22,7 миллион сомдун жоголушу болгон. Бул кылмышка шектүү дегендердин бири Нурлан Нышанов ошондон бери дайынсыз. Миллиондордун жоголушунда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жана анын айланасындагы бир катар адамдардын ысымы аталган эле.

"Акчаны 12 мүшөккө, бир кагаз кутуга салып жеткирдик..."

2005-жылы 24-мартта Жалал-Абад шаарында облустук акимчиликтин алдында ошол кездеги президент Аскар Акаевдин кетишин талап кылып миңдеген адам чогулган. Ага чейин аталган аймак нааразылыктын борборуна айланып, облустук администрациянын имаратын ал кездеги оппозициянын тарапкерлери ээлеген эле.

Тополоң маалында Улуттук банктын аймактагы башкармалыгынан 126 миллион сом чыгарылып кеткен жана кийин анын 22,7 миллионунун дайыны чыкпай калган.

Ошол маалда башкармалыктын ал кездеги жетекчиси Мелис Батырбеков сабалган.

Ошол кезде түзүлгөн элдик кошуундун жетекчиси Гамал Сооронкулов ири суммадагы акчанын таланып-тонолуп кетишинен чочулап, аны 12 мүшөккө, бир кагаз кутуга салып, облустук ички иштер башкармалыгына жеткирип беришкенин айтып берген.

Гамал Сооронкулов мындан 20 жыл мурда болгон окуяларды эстеп, бирок аки-чүкүсүнөн бери айтып бергиси келген жок:

Гамал Сооронкулов.
Гамал Сооронкулов.

"Ал окуя боюнча сот болду го. Соттолгон балдар соттолду. Мен ошол элдик кошуундун жетекчиси элем да. Ошол окуяларга раматылык атам дагы кейип жүрүп өтүп кетти. Соттун чечими чыккандан кийин аны алып атама бардым,"Куран кармап дагы ак экенимди айта алам" дедим. Калган акчаны мен командам менен милицияга жеткиргем. 103 миллион сом жеткиргем. Эсимде деле калбаптыр, ал өзүнчө үрөй учурган окуя болчу. Азыр аны эстегим да келбейт. Ошол окуядан кийин бир досум Нурлан Нышанов дайынсыз жок болуп кетти. Ошого аралашты деген досторумдун бири каза болуп калды. Дагы бири соттолуп чыкты. Чынында алардын баары күнөөсүз балдар. Акыры баары барып Жаныш Бакиевге такалды го. Раматылык Молдомуса Конгантиевге дагы тийди. Баары эле илинип калды, ошон үчүн эч нерсе айткым келбейт. Бул суроо ошону менен асылып калды, убагында биз жаманатты болдук. Мен ал акчаны облустук ички иштер башкармалыгына алып баргам, андан бир айдан кийин кайра банкка жеткизгем. Менин болгон аралашканым ошол болгон".

Бул окуяны "Азаттыктын" ошол маалдагы Жалал-Абаддагы кабарчысы Ырысбай Абдраимов чагылдырып турган. Ошол кезде Гамал Сооронкулов ага банктагы акчаны сактоо үчүн алганда алар менен кошо бейтааныш, кылмыштуу топтун мүчөлөрү дагы болгонун айтып берген.

"Гамал Сооронкулов ошол акча бандиттердин колуна түшпөсүн деп Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына тапшырганбыз деп айткан. Анын аркасынан кызыккан деле адам болгон жок окшойт, бат эле унутулуп калды", - деди Абдраимов.

Дайыны чыкпай калган айыпталуучу

Бул кылмыш ишин Жалал-Абад облустук прокуратурасы тергеген, иш Өзгөн райондук сотуна өткөрүлүп берилген жана ошол маалда эле кылмышка шектүүлөрдүн бири делген Нурлан Нышановдун дайыны чыкпай калган.

Бул ишти тергегендердин бири, атын атагысы келбеген кызматкер "Азаттыкка" төмөнкүлөрдү билдирди:

"Мен ишти алып барып Өзгөнгө таштагандан кийин эле ал киши дайынсыз жок болуп кеткен. Болжол менен алтыбы, сегизби, ошончо адамга айып тагылган. Алардын арасынан үч-төртөөнүн көзү өтүп кеткен. Акчаны ким алып кеткенин, кайдан кантип алып кеткенин биз толук далилдегенбиз. Ошолор жок болуп кетти да. Ошол Нурлан Нышанов машинага жүктөгөн, үйүнө алып барып, ошол жерден эки мүшөк акча жок болуп кеткен. Биз эксперимент кылганбыз. Кутуларга салынган миң сомдуктар кеткен да. Биз ошол миң сомдуктардын көлөмүн алып, аны канча мүшөк болот экен деп капка салып, эксперимент кылганбыз. Базардан мүшөктү кайдан сатып алганынан өйдө тактаганбыз. Иште кайсы машинага канча мүшөк акча жүктөлгөнүнөн өйдө жазылган. Бардыгы так тергелген. Бул өзүнчө бөлүнүп алынган иш болчу да, кийин дагы өзүнчө тергеп, облустан сотко кетиришкен. Биз тергеп жатканда эле эки-үчөөнүн көзү өтүп кеткен".

Нурлан Нышановго алты беренеден турган айып коюлганы айтылган. Ал Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Сайдулла Нышановдун аталаш тууганы болгон. Экс-депутат "Азаттыкка" ал окуяларды эскерип жатып тууганынан ошондон бери кабар жоктугун билдирди:

Сайдулла Нышанов.
Сайдулла Нышанов.

"Ошону менен эле дайынсыз жок. Биз аталаш тууганбыз. Мен ал окуянын эмне болгонун так билбейм, бирок анда акча болгон эмес. Анын акча алганын билбейм. Чынын айтсам байланыш болгон эмес. Тууганбыз го, бирок алар башка жакта, шаарда жашашкан, биз тоолукпуз. Сотко катышып жүргөнүн да билбейт экемин. Ал 2005-жылдын күз айларынан бери дайынсыз. Үй-бүлөсү бар болчу, үч уул, үч кызы бар эле. Ал 1960-жылкы эле, ошол маалда 45ке чыккан чоң эле киши болчу да. Ошондон бери жок. Мен эч нерсесин билбейм, кандай болгон, кантип алышкан, ким алган. Анын эч нерсеси жок эле. Азыр анын үй-бүлөсүнүн бир чоң үйү же машинеси жок. Ал акчаны алган эмес".

Март окуяларынан кийинки сот процесси айыпталуучунун жоктугуна байланыштуу бир канча жолу жылып, кийин токтоп калган.

Каралбай, токтоп калган кылмыш иши

Жалал-Абадда 2005-жылы 24-март күнү Аскар Акаевдин кетишин талап кылып нааразылык акциясына чыккандар арасында университеттин окутуучусу Дилбар Чокоева дагы болгон. Анын айтымында, ошол күнү банктан акча жоголгону көпчүлүккө белгисиз болгон:

"Жогорку Кеңештин азыркы депутаты Камила Талиева Март окуяларынан кийин губернатордун орун басары болуп калган. Экөөбүз түшкү тамакты такай чогуу иччүбүз. Анткени ал ага чейин мени менен университетте кафедрада чогуу иштечү да. Анан ошол бир күнү айтып калды, банкты бирөөлөр тоноп кетиптир деп. Ошондо эмне деп жооп бергени эсимде жок, бирок көп нерсеси белгисиз бойдон эле калган. Ошол тоноонун башында Жаныш Бакиев туруптур деген анча-мынча сөз болгон, бирок ал өрчүбөй эле ошол замат токтоп, андан ары белгисиз бойдон калган. Ошол кездеги банктын башкаруучусу менен тааныш болчубуз. Анткени ал бир жолу кыргыз сомунун бир канча жылдыгына байланыштуу иш-чара өткөрүп бергиле деп биздин кафедрага кайрылган. Анткени сомдорго жазуучу, акындардын, манасчылардын жана башкалардын сүрөттөрү коюлган да. Биз анан жакшы кече өткөрүп бергенбиз, ал жакшы акча берген. Ошондон тааныш болуп калганбыз. Бир жолу ал кишинин маегин уктум. Ал жабырлануучу бойдон эле калды окшойт. Банктан акча жоголгонун көпчүлүк эл билген деле жок. Жаныш Бакиев аралашты дегенди укканда көпчүлүк эл, баарыбыз эле кантип эле деп ишенгибиз келбеди. Эми карапайым элди алдап коюш оңой да".

Бул окуя коомчулуктун эсине 2019-жылы мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге 2005-жылдагы иш кайра карала баштаганда түшкөн.

Анда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Конгантиевге байланыштуу сотто эки эпизод боюнча иш каралган. Биринчиси - 2005-жылдын 24-мартында Улуттук банктын Жалал-Абаддагы филиалынын ошол кездеги жетекчиси Мелис Батырбековдун сабалышы, экинчиси - 2010-жылдын Апрель окуясынан кийин козголгон кылмыш иши болгон.

Конгантиевге "Батырбеков уруп-сабоого кабылып жатканын көрүп жардам берген эмес" деген айып коюлган. Сотто Батырбеков жабырлануучу катары көрсөтмө берип, бейтааныш адамдар аны машинага салып Улуттук коопсуздук комитетинин облустук башкармалыгына алып барышканын айтып берген. Анын ырасташынча, ошол жакта болгондо УКМКнын имаратында жүргөн белгисиз адамдар андан банктын сейфинин ачкычын талап кылышкан, кийин аны сабаган адамдар банкка барып, эшигин талкалып кирип, акчаны алып кеткен. Ал ошондой эле ​Конгантиевге эч кандай доосу жок экенин, анын үй-бүлөсүн сактап калууга жардам бергенин айткан.

"Мени ур-токмокко алышкандан кийин УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башчысынын кеңсесине алып барышты. Ал жактан да коркутуп, басым кылышты. Ошол учурда кабинетке Жаныш Бакиев менен Молдомуса Конгантиев кирип келишти. Бакиевди көрүп бир чети корксом, экинчи жагынан таанышым Конгантиевди көрүп үмүт пайда болду. Жаныш Бакиев жана мени сабаган дагы бирөө башка кабинетке кирип кетип, бир бөлмөдө мен, Конгантиев жана дагы бир киши болуп үчөөбүз калдык. Мен ошол учурдан пайдаланып Молдомусага менин туугандарыма балдарымды бала бакчадан, мектептен алып, башка жакка катыш керек экенин айтып коюусун сурандым. Себеби мени ур-токмокко алган кишилер үй-бүлөмө коркунуч жаратты. Молдомуса сыртка чыгып, телефон аркылуу менин суранычымды туугандарыма жеткирди", - деп айтып берген сотто Батырбеков.

Март ыңкылабы маалында Молдомуса Конгантиев облустук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылын башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси болгон. Ал сотто төмөнкүчө көрсөтмө берген:

Молдомуса Конгантиев.
Молдомуса Конгантиев.

"Ошол учурда эшикте бут коёрго жер жок болчу. Элдин баары облустук администрация жана ага жакын жердеги банктын алдында турган. Мен Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына барсам, Жаныш Бакиев жетекчи болуп калыптыр. Ал "бир келишим түзүшүм керек, мени УКМКга жеткир" деди. Кирсек, Мелис столдо отуруптур. Мен "бул жакта эмне отурасың?" деп сурадым. Ал "эшиктен мени аз жерден бөлүп кете жаздашты. Ушул жакка алып келишти" деди. Кабинетте үч-төрт мүнөттөй гана турдум. Кайра чыгып эле Мелистин суранычын туугандарына айттым. Ошол күнү эле Бишкекке чыгып кеттим. Мелис УКМКнын кабинетинде отургандан кийин коопсуз жайда экен деп ойлогом".

Март окуяларынан кийин башкы прокурор болгон Азимбек Бекназаров иштин каралбай токтоп калган себебин Конгантиевдин Бакиевдер менен жакын мамилеси менен байланыштырган.

"2005-жылы Курманбек Бакиев бийликке келгенден кийин Жалал-Абаддагы банктын иши боюнча Жаныш Бакиев менен Молдомуса Конгантиев экөө чогуу жүргөн. Мен башкы прокурор болуп турганда кылмыш ишин козготком. Бирок мени беш айдан кийин жумуштан бошоткондон кийин бул иш жабылып калган. Биз кылмыш ишин сотко өткөргөнбүз. Мен кызматтан алынгандан кийин "Нышановдун (ред: депутат Сайдулла Нышанов) тууганы жоктугуна байланыштуу" деп Өзгөн райондук сотунан ишти кайра артка чакыртып алып, иш токтоп калган. 2010-жылдан кийин кайра калыбына келтирилди. Анткени бул иштин мөөнөтү өтүп кетпейт. Себеби ал убактылуу токтотулган. Убагы келгенде кайра карала берет", - деген Бекназаров.

Сот Конгантиевди 2019-жылы актаган жана Жогорку сот экс-министрди 2020-жылы толук актаган чечим чыгарган. Конгантиев 2022-жылы оорудан улам каза болду.

Жаныш Бакиевге бул фактыга байланыштуу дагы айып тагылган, ал учурда издөөдө жүрөт.

2022-жылдын Октябрь окуяларынан кийин келген бийлик Жалал-Абаддан жоголгон миллиондорго байланыштуу иш кайра каралабы, чекит коюлабы деген суроолорго азырынча комментарий бере элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG