"Азаттык" радиосунун "Мигрант медиа" долбоорунун журналисти
1992-жылы СССРдин паспорту менен Эстониядан Кыргызстанга келип, кийин документин жоготуп ийген Юрий Гичко ошол бойдон мекенине кайта албай жүрөт. Анын документтерин калыбына келтирүү аракеттеринен майнап чыккан эмес.
Канатбек Жолоев 10 жылдан ашык Орусиянын абагында отурду. Ал Орусияга айдап бараткан машинеден маңзат табылып, төрт киши кармалган. Канатбек 17 жылга кесилген. Ал азыр жазасын жеңилдетилген тартипте өтөп жатат. Көзөмөл органдын тыкыр текшерүүсү менен иштейт.
Кыргызстандык Бегайым Самудунова быйыл августта АКШда жол кырсыгында каза тапты. Анын трак айдай баштаганына эми гана беш ай болгон. Маркум ага чейин Кыргызстандын Жогорку сотунда 11 жыл иштеген.
Кыргызстандык Сания Щинар Америкадагы Түштүк Дакота университетинин лабораториясында изилдөө жүргүзүп, эмчек рагын айыктыруу үчүн жаңы технология сунуштады. Анын жардамы менен рак клеткаларын жок кылуучу дарыны тери аркылуу жеткирсе болот.
Кызыл-Кыя шаарынын 39 жаштагы тургуну Илхом Орусияда наабайканада иштечү. Былтыр 23-январда Пермь шаарында аны полиция кармап кеткен. Ага “террорчуларга жардам берген”, “терроризмди актаган” деген айып коюлган. Бирок Илхом, жакындары, айылдаштары муну “куру доомат” деп эсептейт.
Былтыр турмушка чыгып, төрт ай мурда Орусияга барган Азиза учурда Тамбов облусунда камакта отурат. Жакындары ал Телеграмдан табылган ишке азгырылып, шылуундардын торуна түшкөнүн айтууда. Тамбовдо абакта жаткан келиндин агасы жана күйөөсү жардам сурап, коомчулукка кайрылды.
"Ихсан" кооперативинен жабыркаган мигранттар нааразылык билдирип жатышат. Алар сот "Ихсандан" чыгымды өндүрсө, мигранттар төлөгөн акча да кайтарылабы же жокпу деп тынчсызданууда.
Орусия басып алган Мариуполду кайра курууга кыргызстандыктар да тартылып жатат. Бул тууралуу "Азаттыктын" чакан иликтөөсүндө анык болду. Анда Бишкекте жайгашкан айрым борборлор социалдык тармактар аркылуу кыргызстандыктарга Мариуполдо жумуш сунушташат.