Төкмө акын Асылбек Маратов 26-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) болуп, эскертүү алып чыкканын Фейсбуктагы баракчасына жазды. Бирок кайсы ишке байланыштуу жана эмненин негизинде эскертүү алганын тактаган жок.
Ал “Т-Медиа” порталына “Быйыл 17-январда Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечеде саясий окуяларды кошуп ырдадым эле. Ошол сөздөрүм үчүн эскертүү алдым”, - деп айткан. УКМК бул тууралуу комментарий бере элек.
17-январда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда “Төкмө келсе төр бошот” долбоорунун алкагында Элмирбек Иманалиевди эскерүү айтыш-концерти болгон. Асылбек Маратов концертте коомдогу айрым көйгөйлөр, мамлекеттик карыз, салык, кымбатчылык маселеси тууралуу төккөн. Ал республикалык "Айтыш" коомдук фондунун төрагасы.
Төкмө акын Элмирбек Иманалиев 2020-жылы 20-апрелде 42 жашында оорудан улам мезгилсиз өмүрдөн өткөн.
Кыргызстанда буга чейин да социалдык тармактардагы билдирүүлөрү үчүн адамдарга иш козголуп соттолгон же камалып чыккан окуялар болгон. (BTo)
Шерине