Орусиянын Белгород облусунда мамлекеттик "Биринчи каналдын" кабарчысы Анна Прокофьева набыт болуп, аны коштоп жүргөн оператор Дмитрий Волков жаракат алды. Бул тууралуу аталган телеканал билдирип, журналисттер Украина менен чек арада украин тараптын минасына туш болгонун кабарлады.
35 жаштагы журналист буга чейин RT телеканалынын испан редакциясында, 2023-жылдан тарта "Биринчи каналда" иштеп жаткан. Ал Орусиянын Украина менен согушу тууралуу материалдарды даярдап келген.
Бир апта мурун “Известия” гезитинин кабарчысы Александр Федорчак согуш жүрүп жаткан аймакта каза тапкан. Ал Украинанын Харьков облусунун Купянск багытында соңку макаласын даярдаган. Ошол эле күнү Коргоо министрлигинин “Звезда” телеканалынын оператору Андрей Панов жана тартуучу топтун айдоочусу Александр Сиркели набыт болгону маалымдалган.
Орусия Украинаны кеңири масштабдуу согуш ачкандан бери эки тараптан тең ондогон медиа кызматкерлердин өмүрү кыйылды. Бир жыл мурун украин бийлиги 100дөн ашык медиа кызматкер каза болгонун, анын 90дон ашыгы журналисттер экенин маалымдан.
Согушту чагылдырган кабарчылардын өлүмү үчүн эки тарап бири-бирин айыптап келишет. (AiA)
Шерине