Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:03

"Шаар куруу боюнча дайыма иштеген институт болушу керек"


Ишенбай Кадырбеков
Ишенбай Кадырбеков

Кыргызстандын бир топ аймактарында, анын ичинде Ош жана Бишкек шаарларында “кызыл сызыктан” чыгып кеткен деген жүйө менен үйлөрдү, имараттарды буздуруу иштери уланууда. Жергиликтүү бийлик муну иретке салуу аракети менен деп түшүндүрүп, жолду кеңейтүү зарылдыгын белгилеп жатат. Айрым жарандар колунда "кызыл китеби" бар экенин айтып, үйүнүн буздурулушун мыйзамсыз деп, кенемте талап кылып жатышат. Курулуш жаатындагы мындай кризис качан жана кандай жагдайда пайда болгон? Мындай көйгөйдү кантип алдын алуу керек?

Бул тууралуу "Азаттык" архитектор, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, курулуш, архитектура, долбоорлоо мекемелеринде министр, директор, төрага кызматтарын аркалаган Ишенбай Кадырбеков менен маектешти.

- Ишенбай мырза, учурда негизги шаарлар баш болуп, аймактарга чейин “кызыл сызыктан” өтүп кеткен курулуштар буздурулуп жатат. Мындай масштабдуу көйгөй качан жана кантип жаралып калган?

- Шаар куруу саясаты ар бир шаар жаралганда “кызыл сызык” деп белгилейт. Бул бүгүн же кечээ эмес, мурдагы күнү эле пайда болгон деп койсок болот. “Кызыл сызык” деген анчалык деле эмес, андан да маанилүү “курулуш сызыгы” дегени бар. Шаар өсүп турат, туурабы? Ал өскөн сайын маселелер чыга берет. Унаа көбөйгөндө жолду кеңейтиш керек. Бирок жолдун тегерегине курулуш курулуп калган болсо жолду кантип чоңойтосуң? Ошондуктан башкы планды же деталдуу пландаштыруу долбоорун даярдаганда келечекти эске алып, "кызыл сызыкты" белгилеп коюшат. Бул жолго эле. Мындан тышкары тротуарлар, арыктар болушу керек. Ошол үчүн “курулуш сызыгы” деген каралып, анын бери жагына имарат салууга уруксат эмес. Бул шаар куруу мыйзамында жазылган. Тилекке каршы, биз “кызыл сызыкты” гана кармап калдык. Азыр жолду “кызыл сызыкка” чейин кеңейтүүгө да болбойт, тротуар да керек. Бул, орусча айтканда “табу” болуп калды. Убагында жергиликтүү бийлик буга көңүл бурбай, курулушка уруксат берип, бир жагынан эл да өз билгенин кылып, кура башташты. Бүгүн ошону иретке келтирип жатат.

- Ошол иретке келтирүү иш-аракеттери кандай этапта, шартта жүрүшү керек? Мисалы, айрым тургундар колунда "кызыл китеби" бар экенин айтып, нааразылыгын билдирип жатышпайбы.

- Бул жерде жергиликтүү бийлик текшерип чыгышы керек. Себеби “кызыл сызыктагы” имаратка андай документти бере алышпайт. Архитектура “кызыл сызыкты” жана “курулуш сызыгын” карайт. Ошондой эле Мамлекеттик каттоо кызматы да бар. Эки мекеменин маалыматын салыштыруу керек. Мамкаттоо чегин кайсы жерден алып өттү? Кээде эки мекеменин документи айкалышпай калышы мүмкүн. Ушуга карабай "кызыл китеп" берилген болсо, ошого кол койгон кызматкер жооп бериши керек. Мындай жагдайдын жаралып калышында уруксат берген жана көзөмөл кылбаган жактан эки ката болгон.

- Мындай жагдай жаралбашы үчүн кандай көзөмөл жүрүп турушу керек эле?

- Ал үчүн дайыма шаар куруу боюнча башкы пландарды жасап туруш керек. Андан кийин деталдуу пландаштыруу долбоорун шартка, шаардын өсүшүнө карап дайыма жасап туруу зарыл. Мисалы, Бишкек шаарындагы ат майдандын ордуна жаңы кичи район курулганы жатпайбы. Ал жерде мурда бир кабаттуу үйлөргө ылайыктап эле “кызыл сызыкты” өткөргөн. Эми ал жерге 40 миңдей кишиге ыңгайлашкан шаар курулуп жатат. Ошентип анын тегерегиндеги мурунку “кызыл сызык” жараксыз болуп калды. Демек, бир эле ат майдандын участогун эмес, бүт ошол Жумушчулар шаарчасынын башкы планын карап чыгып, “кызыл сызыкты” карап, жылдыруу керек. Себеби эртең шаар курулганда ал жерде унаалар көчөгө батпай калат. Азыр кандай ката кетип жатат? Ат майдандын ордуна курула турган кичи райондун долбоорун даярдап жатат дагы ошол тегеректи камтыбай коюп жатат. Жаңы шаар болобу, чакан район болобу, дайыма "кызыл сызык" менен курулуш сызыгын улам жаңылап туруу зарыл. Ал үчүн башкы план жасалат. Ал алдыдагы 25 жылды эске алып жасалат. Азыр Бишкекте 1,2 миллион эл жашайт деп эсептелип жатпайбы. 25 жылдан кийин 2 миллиондон ашып кетет экен. Ошол үчүн азыр даярдалып жаткан башкы планда ушунун баарын эске алуу керек.

- Борбор калааны эле алсак, азыр жаңы курулган турак жайлар көп болгону менен ал жерде унаа коюучу жайлардын тартыштыгы, жолдун кууш болуп калганы сыяктуу маселелер бар да. Алдыдагы 25 жылды эске алып даярдалчу башкы планда ушул сыяктуу учурлар да каралабы? Негизи эле анда кайсы критерийлер менен каралат?

- Жер кодексинде, архитектура, шаар куруу боюнча мыйзамда “Шаардын башкы планынын негизинде гана жер бөлүп берүүгө уруксат” деп жазылган. Бул бекерден жазылган эмес да. Бирөөгө жер берердин алдында анын башкы планга, курулуш сызыгына туура келип-келбей турганын текшерип чыгуу керек. Эгерде бул талаптар жасалбаса, жергиликтүү бийликтин чоң катасынын айынан биздин же биздин балдарыбыздын башы ооруйт. Совет маалында шаардык аткаруу комиссиясында “Фрунзе шаардык долбоору” деген долбоорлоо институту болуп, ал жерде 600дөй кызматкер иштечү. Анын ичинде башкы планды даярдаган топ иштечү, анда 100дөй кызматкер болгон. Азыр Бишкек мэриясында долбоорлоо институту да жок.

- Бул жаатта администрациялык да көйгөй бар экен да...

- Ооба, чоң көйгөй бар да. Мисалы, мэрия ушундай маселелер пайда болгондо башкы план институтун, долбоорлоо институтун уюштуруп, адистерди тартуу керек. Күнүнө иш алып барып, кайсы жерге эмне куруу керек, кандай көйгөй бар дегенди карап чыгып турушу шарт.

Казакстандын борбору Астана шаарын долбоорлоо үчүн дүйнөлүк сынак жарыяланып, дүйнөдөгү белгилүү архитектор, жапониялык Кисё Курокава утуп алган. Ошентип Астана шаарын кура башташты. Бирок ошондо алар айла жоктон Астана илимий долбоорлоо, шаар куруу институтун ачышпадыбы. Ошентип алар өсүп келе жатышат. Бишкек дагы биздин борбор болгондон кийин ал жерде ошондой институт иштеши керек.

Шерине

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG