Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:31

Лейлекте жүрөккө операция жасалды


Инаят Карагулова операциядан кийин.
Инаят Карагулова операциядан кийин.

Лейлекте райондук ооруканалардын базасында алгачкы жолу жүрөккө операция жасалды.

Буга чейин бейтаптар миң чакырым жол жүрүп Бишкекке же чет өлкөгө барышчу.

Лейлек районунун 53 жаштагы тургуну Инаят Карагулова тубаса жүрөк оорусунан жабыркап келген.

Бирок борборго барып дарыланууга каражат таппай жүргөн. 18-январда ага борбордон келген дарыгерлер операция жасашты.

Бейтаптын сиңдиси Гүлбайра Фазилова учурда колу жеңил догдурларды алкап бүтө албай турган чагы.

Гүлбайра Фазилова
Гүлбайра Фазилова

- Кантип ыраазычылык айтарымды билбей турам. Анткени баары ойдогудай болду. Эжем өзүн жакшы сезип калды. Дарыгерлердин алыскы аймактагы муктаждарга ушинтип колдоо көрсөтүп жатканы мактоого арзыйт, -деди Гүлбайра Фазилова.

Операцияга керектүү шаймандарды жана адис-дарыгерлерди борбордон аймакка жеткирүү иши Түштүк Кореянын кайрымдуулук фондунун жардамы менен ишке ашкан.

Үч саатка созулган операция тууралуу кардиохирург Жаныбек Гайбулдаев буларды айтты:

Жаныбек Гайбулдаев.
Жаныбек Гайбулдаев.

- Бул эми биздин күндө эле жасап жүргөн ишибиз. Бирок Лейлектин райондук ооруканасында биринчи жолу жүрөккө операция жасап жатканыбыз үчүн башында бир аз толкундадык. Бейтаптын абалы азыр жакшы.

Операциядан кийин Лейлекке саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев келип кетти.

Министр бейтаптын ал-жайын сурап, андан кийин аймактагы саламаттык сактоо мекемелеринин абалы, медициналык мекемедеги иш менен таанышты.

Космосбек Чолпонбаев алыскы аймактарда жүрөк оорусунан жабыркагандарга жеринен операция жасоо мындан ары да уланарын билдирди:

- Аймактык ооруканада Кыргызстан боюнча биринчи жолу жүрөккө ачык операция жасалды. Бишкектен он адис келди. Башта төрт кишиге операция жасоо пландалган. Шартка байланыштуу бир эле кишиге жасалды. Жүздөй кишини дарыгерлер кабыл алып, кеп-кеңеш берди. Мындан ары элди кыйнабай эле аймактарга барып, операция жасап турсакпы деп чечтик. Буюрса апрелде дагы ушундай ишти дагы уланталы деп жатабыз.

2017- жылы Баткен облусунда жүздөн ашуун бала тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн. Мындай абал аймакта кардиохирургиялык оорукана ачуу зарылдыгы чекке жеткенин кабар берет дешет дарыгерлер.

Адистердин белгилешинче, тамаш-аштын сапаты, экологиянын бузулганы жана стресстин айынан жүрөк-кан тамыр жана инсульт оорусуна чалдыккандар көбөйгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG