Өткөн айда Ат-Башы райондук ооруканасында 36 жаштагы кош бойлуу келин Бааркүл Сатындиева каза болду.
Туугандары анын өлүмүнө гинекология бөлүмүнүн кызматкерлерин күнөөлөштү. Алардын айтымында, төрт айлык боюнда бар келин Ат-Башы райондук аймактык ооруканасына 13-сентябрь күнү кайрылган.
Маркумдун кайын энеси Асыл Оморова келинине дарыгерлер жакшы көңүл бурбай койгону үчүн ушундай окуяга кабылганын айтты:
- Келиним ооруканага кыйналып барды. Көрсө ичиндеги бала эчак эле өлүп, ириңдеп кетиптир. Ошондон улам жандандыруу бөлүмүнө түшүптүр. "25 миң сомдук дары саябыз" деп айтышты. Биз баарына макул болдук. Бирок аталган дарыны да сайбай, операция да жасашпаптыр. Менин келиниме окшогон дагы толтура келиндер төрөйт да. Анан дагы эле ушинтип отурушса эмне болот? Иштей алышпаса ордун бошотуп беришсин же ал төрөткананы жаап коюшпайбы!
Ат-Башы аймактык ооруканасынын директору Илим Бейшеналиевдин айтымында, маркумдун жакындары сөөктү соттук-медициналык экспертизага берүүгө макул болгон жок. Ошондуктан ким күнөөлүү экенин аныктоо мүмкүн болбой жатат. Ошондой болсо да келиндин өлүмүнө байланыштуу эки дарыгер кызматынан бошотулган. Бирок дарыгерлердин тартыштыгына байланыштуу экөө тең ишин улантууда.
Маркум Бааркүл Сатындиеванын артында эки уул, бир кызы калды. Ал Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылындагы орто мектепте мугалим болуп иштечү.
Нарын облустук ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Самат Асаналиев кош бойлуу жана төрөт учурундагы аялдар менен дарыгерлердин кооптуу жагдайлары тууралуу буларды айтты:
- Биринчи кезекте азыркы учурда аялдардын өздөрүнө байланыштуу оорулар биринчи кооптуу фактордо турат. Бул гениталдык жана экстрагениталдык деп бөлүнөт. Төрөт учурунда аялдардын ден соолугунун алсыздыгы да чоң кыйынчылык жаратууда. Мындан тышкары кант диабети, зат алмашуу оорулары, жүрөт оорулары кездешип жатат. Ал эми Нарын облустук ооруканасында материалдык жактан болобу же дары-дармек жактан болобу, кыйынчылык жарата турган нерсе жок. Мындан башка төрөт учурундагы эне-баланын тобокелчилиги да дарыгерлердин жоопкерчилигине кирет. Анткени бизде дарыгер жетишпейт. Эс албай суткалап нөөмөттө турушат. Бирок биз дарыгердин тартыштыгын жаратпай, элди ойлоп жумушту үзгүлтүккө учураткан жокпуз.
Деген менен "Нарындагы төрөтканада дарыгерлер бейтаптын ден соолугуна кайдыгер мамиле кылат" дегендер четтен чыгат. Маселен, Нарын шаарынын тургуну Перизат Жумакадырова "тун баламды төрөгөндө дарыгерлердин шаалакылыгынан улам чүрпөмдүн өмүрүн сактоого мүмкүн болбой калды" дейт:
- Мен толготуп барганда дарыгерлердин нөөмөтү алмашып жатыптыр. Мени жакшы карашкан жок. Бир сыйра көзөмөл кылышты да, башка аялдарды төрөтүп жүрүштү. Бир күн кечке толготтум. Саат түнкү он эки болгондо дарыгер да, акушер да жатып алышты. Таңга маал толгоом бышып калганда дарыгерлерге барып “мен чыдабай калдым, тургула” деп ойготсом “ушинтип таң аткыча ызылдайсыңар” деп акушери туруп келди. Тамчылатма да сайбай коюшту. Баланын башы чыгып келатканда толгоом жанып кетип, бала кайра ичке кирип кетип сууга тумчугуп калды. Ошентип чарчап калды. Эгер тамчылатма сайганда толгоом жанмак эмес. Дарыгерлердин күнөөсү экени даана көрүнүп турду. Ушундан коркуп калып кийинки эки баламды операция жолу менен төрөдүм.
Нарын шаарында кош бойлуу болуп каттоого турган аялдар Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна караштуу “үй-бүлө мектебине” барып кеп-кеңеш алып турушу зарыл. Бирок аталган мектептин инструктору Тилек Шаршенова бул жайга бардыгы эле келе бербей турганын билдирди:
- Кош бойлуу аялдардын баары эле "аман-эсен, ден соолугу чың бала төрөп алайын" деп ойлошот да. Бирок арасында өзүнүн ден соолугуна кайдыгер мамиле кылган кош бойлуулар да кездешет. Мисалы, каттоого убагында турушпайт, жазып берген дарыларды өз убагында ичишпейт. Мындан сырткары, ар кандай илдеттерге да кош көңүл мамиле кылышат. Мындайлар он кош бойлуу аял болсо, анын үчөө деп койсок болот. Анткени азыр үй-бүлөлүк пландаштыруу жана башка көйгөйлөр көп. Андыктан бардык эле кош бойлуулар келип кеп-кеңеш алат деп айта албайм. Бирок алар келиши керек. Арасында өз каалоосу менен кызыгып келгендер да бар.
Нарында аялдар маал-маалы менен төрөттөн каза тапкан окуялар катталып турат. Маселен, 2014-жылы да Нарын районунан да ушундай эле эненин өлүмү катталып, анын жакындары буга түзмө-түз дарыгерди айыптап чыгышкан. Бул окуяга байланыштуу ошол түнү нөөмөттө турган дарыгер гана иштен бошоп, бир аз убакыт өткөндөн кийин кайра жумушуна кирип алган. Ал эми төрөттөн каза тапкан келиндин күйөөсү калыстык издеп, ушул убакка чейин тийиштүү органдарга кайрылып жүрөт.