Ал арада АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп Украина жана Орусия боюнча атайын чабармандыкка сунуштаган Кит Келлог согушту 100 күнд ичинде токтотуу ниети менен бөлүштү.
“Трамп согушту адилеттүү чечкиси келет”
Дональд Трамп согушту токтотуу маселесинде Киевдин кызыкчылыгын эске алып, адилеттүү чечим кабыл алынышын көздөйт. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын шайланган президентинин Украина жана Орусия боюнча чабарманы болуп дайындала турган атайын өкүлү Кит Келлог билдирди.
“Ал [Орусиянын президенти Владимир] Путинге же орустарга бир нерсе берүүгө аракет кылбастыгын адамдар түшүнүшү керек. Ал чындыгында Украинаны жана анын эгемендигин сактап калгысы келет. Трамп бул адилеттүү жана акыйкат чечим болоруна ынандырууну каалайт. Бул тууралуу ал бир нече жолу, ошол эле Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин өзүнө да айткан”, - деди отставкадагы генерал Fox News телеканалына 8-январда курган маегинде.
Трамп былтыр шайлоо өнөктүгү маалында Украинадагы согушка кызматка киришкенден кийинки 24 саатта чекит коерун билдирген. Эми ал жакынкы алты ай ичинде аскердик аракеттерди токтото аларына үмүттөнүп жатканын айтууда.
“Бул алты айдан да эртерээк болот деген үмүттөмүн”, - деди Трамп 7-январдагы маалымат жыйын маалында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Келлог Трамптын 20-январда өтө турган инаугурациясынан кийин 100 күн ичинде согуш чечилиши мүмкүн экенин боолгоду.
“Ал бул оңой эмес экенин билет. Бирок анын дымагы бар”, - деген Келлог Трамп менен согуш тууралуу сүйлөшүүсүнүн чоо-жайын бөлүшүүдөн баш тартты. Ошондой эле ал Трамп менен Путиндин келечектеги сүйлөшүүсү тууралуу кыйытты.
“Албетте, биз шарттарды коебуз.. Акыры ал Путин жана президент Зеленский менен сүйлөшөт. Менимче, алар жакынкы келечекте мунасага келишет”, - деди Келлог.
Келлог президент Жо Байденди Путин менен эки жылдан ашуун убакыттан бери сүйлөшпөгөнү үчүн сынга алды. Генералдын сөзүнө караганда, Трамп Американын душмандары менен да, союздаштары менен да баарлашып турат.
Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский Дональд Трамптын "күтүүсүз, болжолдоого мүмкүн болбогон мүнөзү" Орусия менен согушка чекит коюуга жардам бериши ыктымал экенин билдирген.
"Трамп абдан күчтүү, анын мүнөзү күтүүсүз, болжолдоого мүмкүн эмес. Мен анын дал ушундай мүнөзү Орусияга карата колдонулушун абдан каалайт элем",- деген эле украин президенти 2-январда.
Серепчилердин пикиринде, эгерде элге убада кылгандай Кремлге бир да маселеде чегинип бербей, Орусиянын Украинага каршы ачкан согушун токтото алса, Дональд Трамп өзү кыялдангандай, атагы “кансыз согушту” токтото алган популярдуу республикачы президент Рональд Рейгандан ашып, тарыхта калышы мүмкүн.
Байдендин администрациясы Киевге соңку жардамын жарыяладыбы?
АКШ Украинага 500 миллион долларга жакын аскердик жардам берилерин жарыялады. Бул тууралуу Пентагондун башчысы Ллойд Остин бейшембиде Киевдин өнөктөштөрүнүн Германиянын “Рамштайн” базасында өткөн жыйында билдирди.
Министр жаңы пакетке “Украинанын абадан коргонуу системасы үчүн ракеталар, көбүрөөк ок-дары, аба-жер системасынын ракеталары жана украиналык F-16 учактарын колдоо үчүн башка жабдыктар кирерин” айтты.
“Украинанын эркин жана коопсуз жашоосу, адилет дүйнө орнотуу үчүн бар аракет көрүүгө жигердүүбүз. Биздин биргелешкен аракетибиз уланууга тийиш”, - деп билдирди Остин.
Бул - АКШда шайланган президент Дональд Трамптын бийликке келүүсү алдында Рамштайн форматындагы акыркы жыйын болду. Ага украин президенти Владимир Зеленский да катышты.
Украинаны коргоо боюнча контакт тобу 2022-жылы АКШнын демилгеси менен Киевге берилген аскердик жардамды координациялоо үчүн түзүлгөн. Ага 50дөн ашуун мамлекет кирет, басымдуусу НАТОнун мүчөлөрү. Биринчи жыйын 2022-жылдын 26-апрелинде Германиянын Рамштайн-Мизенбах шаарында өткөн. АКШнын Коргоо министри ага 40тай мамлекетти чакырган. Кийин бул топко кошулгандардын саны 50гө жеткан.
Трамп согушка чекит коюуга убада кылганы менен Киевге берилген жардамдын көлөмүн сындап келатат. Урушту токтотуу планынын чоо-жайын да жарыялай элек.
“Рамштайн башында америкалык тарап турган формат катары түзүлгөн. АКШ НАТОдогу эң күчтүү мамлекет, коргонууга эң көп каражат салган, согушууга жөндөмдүү күчтөрү бар жалгыз мамлекет болуп саналат”, - дейт НАТОдогу Украина миссиясынын башчысы Наталья Галибаренко.
Байкоочулардын баамында, Кошмо Штаттарсыз Рамштайн жолугушуулары мынчалык натыйжалуу болбой калат.
Бул жолку жыйында украин президенти Владимир Зеленский катышуучуларды украин дрондорун чыгарууга инвестициялоого чакырды.
"Дрон колдонууда Европада баарынан да украиналыктар тажрыйбалуу. Бизде дрон чыгаруу мүмкүнчүлүгүбүз да жогору. Ошондуктан украин күчтөрүнө инвестиция салгыла. Анткени согуштан кийин бул силердин да күчүңөр болот", - деди Зеленский. Ал ошондой эле Орусияга басым жасоону улантууга чакырып, "Путин акчасы түгөнгөндө гана токтойт", - деп кошумчалады.
“Американын куралы болгону жарым жылга жетет”
Ал эми украиналык аскердик аналитик Евгений Дикий Жо Байдендин администрациясы бөлгөн соңку жардам Киевге жетеринен күмөн санайт.
“Байден жардам көрсөтөрүн жарыялары менен эле ал курал-жабдыктын баары бир сутка ичинде украин кампаларына түшүп калбайт. Тилекке каршы, буга 3-4 ай сарпталат. Анын баары АКШ армиясынын аскердик кампаларынан чыгарылып, жеткирилгиче көп убакыт керек”, - дейт ал.
“Настоящее время” телеканалына курган маегинде Дикий украин армиясы буга чейин чогулткан курал-жабдыктын запасы кеминде жарым жылга жетерин белгиледи.
Украинадагы согуш жүрүп жаткан үч жыл ичинде Вашингтон Киевге жалпы суммасы 175 миллиард долларлык аскердик жардам көрсөттү.
Шерине