Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:15

"Ашказанынан, боорунан кыйналып жатат". Султанбековдун абакта ачкачылык кармаганына 56 күн болду


Темирлан Султанбеков.
Темирлан Султанбеков.

Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун ден соолугу начарлап жатканын адвокаты жана атасы айтып чыкты. Султанбеков алы кетип, көрүүсү начарлай баштаганын жана сол буту ооруп жатканын кабарлаган.

Жаза аткаруу кызматы Султанбековдун абалы канааттандырарлык экенин, ал медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө турганын билдирүүдө.

Дээрлик эки айдан бери камакта жаткан партия лидеринин ден соолугу начарлап баратканын анын адвокаты Айбек Турдуев айтып чыкты. Ал Султанбеков учурда шаардык милиция бөлүмүндө экенин кабарлап, саламаттыгы тууралуу буларды билдирди:

Айбек Турдуев
Айбек Турдуев

"Темирланды шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына алып келишти. Азыр иш прокуратурада. Таанышып, кол койсо, сотко барып калышыбыз мүмкүн. Бизде дайыма коркунуч бар, бирок өзү менен жолугуп сүйлөшсөк, жакшы эле деп коюуда. Негизи конкреттүү медициналык бүтүм керек болуп жатат бизге".

Султанбековдун ачкачылык кармап жатканына 8-январда 56 күн болду. Ал суу жана шире (сок) гана ичип жатканы айтылууда. Буга чейин жакындары жана Социал-демократтар партиясы ачкачылыкты токтотууга чакырган.

Атасы Медетбек Султанбеков уулунун ден соолугунан кабатыр болуп турушканын айтты:

"Адвокат аркылуу үч жолу жолугушуу үчүн өтүнүч бергенбиз. Үч жолу тең уруксат бербей коюшту. Ден соолугу болсо начарлап калды. Сол буту дагы ооруп жатыптыр. Менин оюмча, нервдери кысылып жатат. Анан денесине жара чыгып жатыптыр. Дарыгерлер менен сүйлөшсөм, алар ушунча күн болуп кеткенин, ашказанынан, боорунан кыйналып жатканын айтышты. Ачкачылыкты токтот деп күнүгө кат менен айтып жатабыз. Ачыгын айтканда, балам укпай, "бул менин акыркы чарам" деп жатат".

Ал эми Жаза аткаруу кызматы Темирлан Султанбековдун абалы туруктуу жана канааттандырарлык деп бааланып жатканын билдирди. Ал № 21 мекеменин медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө турганын айтты.

Өткөн жылдын соңунда, 30-декабрда “Социнтерн” эл аралык бирикмеси Султанбековду саясий туткун деп жарыялаган.

Буга чейин бир катар эл аралык уюмдар жана Европа парламенти жаш саясатчынын иши боюнча резолюция кабыл алып, кыжаалаттыгын билдиришкен.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Европарламенттин бул кадамын өлкөнүн сот жана тартип коргоо органдарына "кысым көрсөтүү аракети" катары баалап, Султанбеков мыйзамга каршы келген фактылардын негизинде кармалганын билдирген.

Ошондой эле Президент Садыр Жапаров 21-декабрда өткөн Элдик курултайда да Европарламенттин резолюциясы тууралуу комментарий берип, муну “колунда далилдер жок туруп чыгарылган чечим” деп мүнөздөгөн.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

"Бул жакта эмне болуп жатканын миңдеген чакырым алыстыкта жатып алып же колуңарда бир далил кагаз жок туруп кантип чечим кабыл алып жатасыздар, билбейм. Өзүңөрдүн кесиптешиңер да ушуну айтты. Социал-демократтар партиясы жергиликтүү шайлоодо Бишкек шаары боюнча эле 1,5 млн сомду добуш сатып алуу үчүн элге таратып жатып кармалды. Мунун баары далилденип турат. Бишкек шаары боюнча 69 үгүтчү жалдаса, 44ү каттоодон өткөрбөй, жашыруун түздөн-түз акча төлөп жатышат. Бул добуш сатып алуунун бир түрүнө кирет да. Ушундай кылып жатса, башынан сылайлыбы?".

26 жаштагы Темирлан Султанбековду, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкинаны жана Роза Түрксеверди Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда эки айга камакка алган. Бишкек шаардык соту 2-декабрда аларды камакта калтырган.

Шектүүлөргө Бишкек шаардык милициясы 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добушун сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишине жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын быйыл 17-ноябрда өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен.

Партия өкүлдөрү коюлган айыпты четке кагып, муну саясий куугунтук деп баалап келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG