Кыргызстандын Каржылык чалгын кызматы издөөдө жүргөн 66 кыргызстандыкты террористтик, экстремисттик уюмдарга жана массалык кыргын куралын жайылтууга катыштыгы бар адамдардын катарына кошту. Мындай маалымат аталган кызматтын сайтына жарыяланды.
Рухий боштук – экстремизмге өбөлгө
Рухий боштук – экстремизмге өбөлгө
Диний экстремизм менен күрөш жүргүзүү милициянын милдети, тартип сакчылары катуураак иштесе эле баары жайында болот, экстремисттердин колунан эч нерсе келбейт деп көңүл тынчытуу жарабайт.
Маалыматка ылайык, издөөдөгү 66 жаран козголгон кылмыш иштеринин негизинде террорчулардын тизмесине кирген. Каржылык кызмат жогорудагы тизме боюнча толук маалымат кийинчерээк берилерин айтып, комментарий бере элек.
“Террорчуну” ким табат?
Анткен менен Каржылык чалгын кызматы террорчулардын тизмесин жарыялоого ыйгарым укугу туура келбейт дейт Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрага орун басары Марат Иманкулов:
- Террорист деп тизмеге киргизиш үчүн алгач тыкыр иликтеш керек. Болбосо ким террорист экенин кайдан билишет? Каржылык чалгын кызматы тергөө органы эмес да. Андай болгон соң эмнеге ачык жарыялашат? Чалгындоо кызматы прокуратура эмес. Мындай тизмени ачык жарыялоо алардын ишмердигине тескерисинче тоскоолдук жаратат. Чалгын кызматы коомчулукка жар салбай, жашыруун иштеши керек. Жарыялабай койсо эч ким деле сурамак эмес алардан.
Терроризмдин башкы шарты – каражат. Акчасыз бир да террордук акт ишке ашпайт. Мындай пикирин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы Орозбек Молдалиев ортого салды. Анын оюнча, Каржылык чалгын кызматынын террорчуларды тизмектөөсү алардын каржылык иштерине байланыштуу:
- Каржылык чалгын кызматынын террорист-экстремисттердин тизмесин түзүү себеби терроризмди каржылоо жана мыйзамсыз кирешелерди адалдоого байланыштуу. Террордук актылар акчасыз жасалбайт. Террористтер үчүн негизги үч шарттын бири акча, экинчиси курал-жарак, үчүнчүсү - баш паанек таба турган жай, мамлекет. Каржылык чалгын кызматы террористтердин каражаттары боюнча тиешелүү органдарга маалымат берип турушу керек.
Молдалиев дүйнөнү тооруп турган терроризм коркунучу Кыргызстан үчүн да кооптуу экенин, ага каршы жапа тырмак күрөшүү керектигин кошумчалады.
Жарандарды террорист, экстремист деп атоодо мыйзамдарды сактап, кылдат болууга үндөгөндөр да бар. Ушундай беренелер менен айыпталгандарды коргоп жүргөн жактоочу Акин Токталиев көпчүлүк жарандар терроризм, экстремизм аракеттерине адашып барарын, аларды кайрадан коомго аралаштырса болоорун айтат:
- Эгер мунапыс берилсе эмне болуп ошондой жолго барганыбызды айтып беребиз дегендер көп. Көп учурда тиешелүү органдар аларды уруп-согуп, түрмөгө камап жатышат. Айрым учурларда мыйзамсыз эле 10-15 жылга соттоп жатышат. Мен террорист, экстремисттерди актагым келбейт. Бирок мыйзам бузуу менен соттолгондорду акташ керек.
Каржылык чалгын кызматынын расмий сайтындагы маалыматка таянсак, жаңы киргизилген 66 адамды кошкондо террорист, экстремист деген тизмедеги кыргызстандыктардын жалпы саны 540 адамды түзгөн. Мындан тышкары "Ислам мамлекети", "Жайшул-Махди", “Хизб-ут Тахрир”, "Ал-Каида" өңдүү 14 уюм террордук-экстремисттик деп табылган. Улуттук коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча Сириядагы согуштук аракеттерге кеткен кыргызстандыктар саны 500дөн ашат.