Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жасалма акча кармалган учурун тартылган оперативдүү тасмасы менен да бөлүштү.
Тасмада жасалма акчалар фольга кагазга оролуп, кийим-кечелер менен кошо спорттук баштыкка салынганын көрүүгө болот.
Коопсуздук кызматынын басма сөз катчысы Рахат Сулаймановдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, жасалма акча көтөрүп жүргөн чет өлкөлүк жарандар 20-январда Чүйдөн кармалган. Алар бул акчаны терроризмди каржылоого сарпташмак:
- Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул акча жогорку технологиялык деңгээлде жасалганы, сапатын кадимки банкноттон айырмалоо оор экени аныкталды. Жасалма акча Түркия аркылуу Кыргызстанга алып келинген.
Кыргызстандык жарандардын катышы бар
Улуттук коопсуздук комитетинин маалымдаганы боюнча, банкноттор жогорку сапатта жасалган жана бул окуяга кыргызстандык жарандардын катышы бардыгы аныкталган:
Түркиядагы теракт, Машраповдун убайымы
Түркиядагы теракт, Машраповдун убайымы
Жаңы жыл түнү Стамбулдагы чабуулга шектүү деп паспорту интернетке жарыяланган кыргызстандык Яхъё Машрапов окуяга эч кандай тиешеси жоктугун жарыялады. Бирок чыныгы кылмышкер табылганга чейин ал Түркияга соода сапарын токтотуп турмакчы.
- Оперативдүү маалыматтар боюнча, бул акчаны Кыргызстанга алып келип, андан ары да таратуу максаты болгон. Буга биздин жарандарыбыздын да тиешеси бар экени аныкталды. Алар учурда Стамбулда жашайт. Биринчиси -1978-жылы туулган Ильяс Сабиров, экинчиси - 1970-жылы туулган Мансур Суванов.
Аты аталгандардын бири – Ильяс Сабиров өткөн жылдын август айында Кытайдын Бишкектеги элчилигин жардырууга тиешеси бар деген айып менен эл аралык издөөгө алынган.
Ильяс Сабиров Кытай элчилигин жардырууга шектелгени тууралуу маалымат тараган соң, “Азаттык” менен байланышып, муну куру жалаа деп айыптаган болчу:
- Мага кандай негиз менен айып тагылып жатканы белгисиз. Элчиликтин жардырылуусуна эч кандай тиешем жок. Күч органдары мага байланышып, таккан айыптын далилдерин келтирсин. Кандай далилдери бар? Балким, кимдир бирөө мага каршы көрсөтмө бергендир... Ошондой далилдери болсо мага айтсын, мен алардын ар бирине берер жообум бар. Мен качкан жокмун, Стамбулдагы консулдукка телефон номурумду бердим.
Ильяс Сабировдун “Азаттыкка” берген телефону да бир нече күндөн бери иштебей, аны менен байланышууга мүмкүн болгон жок.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, Сабиров Сириядагы согуштук аракеттерге да катышып келген. Анын эски паспортундагы аты-жөнү Илёс Абданбаев. Ал эми бул окуяга тиешеси бар деп шектелген экинчи кыргызстандык жаран Мансур Суванов тууралуу толугураак маалымат жок.
"Сабатсыз адамды алдоо оңой"
Кытайдын Бишкектеги элчилигин жардырууга шектелген жарандардын арасында терроризмди каржылаган деген айып менен да шектүүлөр кармалган. Эксперт Искендер Шаршеев террордук уюмдар жасалма акча менен карапайым адамдарды алдап, аларды өзүнө тарткан, өз максаттарын ишке ашыруу үчүн колдонгон учурлары бар экенин айтты:
Терроризм сөз менен жеңилбейт
"Ислам мамлекети" сыяктуу террордук уюмдарга азгырылган же башка экстремисттик топторго кошулуп кеткендерге каршы кандай иш-чаралар жүрүшү зарыл? Дегеле Кыргызстандын жана жарандардын коопсуздугун коргоо, терроризмге каршы туруу үчүн кандай аракеттерди көрүү керек?
- Террорчулар да кимдерди, кандай адамдарды азгырууну билет. Алар көбүнчө жакыр жашаган, ишке, акчага муктаж, диний сабаты аз адамдарды тартат. Андай адамдарга жасалма акчаны көрсөтүп, “сен кудайдын жолунда, шейит кетесиң. Түз бейишке чыгасың. Бул жакта үй-бүлөңө мына ушул акча берилет. Алар эч кандай кемчилик көрбөй жашайт” деп алдашат. Тилекке каршы, минтип азгырууларга берилип кеткендер аз эмес.
Иштин баары мыйзамдуу болгону оң
Кытайдын Кыргызстандагы элчилигин жардырууга тиешеси бар деп шектелген дагы бир кыргызстандык тургун “Адал тур” деп аталган жүк жеткирүүчү ишканада иштеген. Аталган компания Түркияда жашаган кыргызстандыктардын накталай акчасын мекенине жеткирүүгө да көмөктөшүп келгени маалым болуп, терактка айыптоолордон кийин, аталган фирма мындай ишмердүүлүгүн токтоткон.
Эл аралык акча жүгүртүү тармагы боюнча адис Мурат Исмаилов “Азаттыкка” курган маегинде карго ишканаларынын акча жеткирүү кызматын аткаруусу эки тарапка тең опурталдуу экенин белгилейт. Анын айтуусунда, мындан терроризмди каржылоочулар пайдалануусу толук ыктымал:
- Акчанын финансы системасынан тыш которулуусунун өзү опурталдуу. Анткени, банк аркылуу которулган учурда, акча кандайдыр бир деңгээлде текшерүүдөн өтөт. Мындай колдон колго өткөн акча текшерүүдөн өткөн-өтпөгөнү белгисиз болот. Ошондуктан, албетте, андай кооптонуулар бар.
Түркиядан алынып келинген 56 миң доллар өлчөмүндөгү жасалма акча Кыргызстанга кандай жолдор менен келгени азырынча табышмак. Ошол эле учурда балким бул сумма мындан көп болуп, кандайдыр бир бөлүгү ушул тапта жүгүртүүгө кирип кеткен жокпу деген суроолор туулбай койбойт.
УКМК бул суроолордун баарына тергөөнүн жүрүшүндө жооп табылат деген үмүттө.