Адам уурдоонун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын апасынын адвокаты милиция кызматкерлерине “Шалаакылык” беренеси менен козголгон кылмыш иши сотко ашпай жатканын билдирүүдө. Анын айтымында, иш тергелбей токтоп турат.
Укук коргоо органдары кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат бере элек.
Былтыр апрелде Бишкектин көчөсүнөн күч менен уурдалып, аёосуз өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын апасынын адвокаты Нурбек Токтакуновдун айтымында, кыздын өлүмүнө жол берген милиция кызматкерлери боюнча кылмыш иши де-факто токтоп калды.
“Шалаакылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөөдө кызматтык ыйгарым укуктарына жараша ким күнөөлүү табыш керек болчу. Бул кылмышкерди издеп тапчу, көпкө тергелчү иш эмес. Бир же эки айда бүтө турган иш. Биз тергеп жатабыз дегени калп. Булар ишти токтотуп салган. Шалаакылык кылган оперлер, тергөөчүлөр ачык эле "булардын колунан эчтеке келбейт" деп айтышууда. УКМК ишти Башкы прокуратура сотко жибербей жатат деп жатат. Башкы прокуратура атайын кызматка шылтап жатат”.
2021-жылдын 5-апрелинде Бишкекте Айзаданы бир нече адам күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада, автоунаадан табылган. Тергөөнүн версиясы боюнча Теңизбаев кызды үйлөнүү максатында уурдаган. Айзада макул болбой койгону үчүн муунтуп өлтүрүп, зордуктап, андан кийин өз жанын кыйганы айтылган.
Айзаданы уурдап кеткенден кийин интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео тараган. Тасма жакын жердеги кафелердин биринде видеокөзөмөлгө жазылып калган.
Адвокат Нурбек Токтакунов милиция Айзаданы уурдап кеткенден кийин эч кандай чара көрбөгөнүн айтат.
"Алар 5-6-апрелде тергөө тобун түзүп, издөө ишин жүргүздүк деп жатат. Мунун баары бурмалоо. Андай эч иш жүргөн эмес. Тергөөчүлөр кудаларды күткүлө деген. Айзаданын туугандары өздөрү тосотторго барып издешкен. Алар эч кандай маалымат түшпөгөнүн айткан".
Айзаданын өлүмүнөн кийин Ички иштер министрлигинин кызматтык иликтөөсүнүн жыйынтыгында шаардык милициянын жетекчиси баш болгон 12 кызматкер жумуштан алынып, 40ка жакынына сөгүш берилген.
Бишкектин прокуратурасы милиция кызматкерлеринин иш-аракетин "Шалаакылык" беренеси менен тергеп, иликтөө жүргүзгөн. Жарандык активисттер масштабдуу акция өткөрүшүп, анда Айзаданын өлүмү үчүн ички иштер министри Улан Ниязбековду кызматтан алууну талап кылышкан.
Маркумдун апасынын адвокаты Токтакуновдун сөзүнө караганда, кызматтан алынган милиция кызматкерлеринин айрымдары кайрадан ички иштер органдарында иштеп жатканы тууралуу маалыматтар бар. Ал Айзаданын өлүмүнөн кийин кызматтан алынган Бишкек шаардык милициясынын ошол кездеги башчысы Бакыт Матмусаевди ички иштер министри Улан Ниязбеков өзүнө кеңешчи кылып алганы тууралуу кабары бар экенин белгиледи.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу кызматтан алынгандар азыр иштеп жатат деген маалыматты четке какты. Мекеменин билдирүүсүндө, Бакыт Матмусаев министрге кеңешчи эмес, ал былтыр пенсияга чыккан.
Буга чейин айрым маалымат каражаттары окуя боюнча милиция кызматкерлерине козголгон иш кыскартылганын жазып чыккан. Мындан соң Башкы прокуратура билдирүү таратып, иш жабылбаганын жана өзгөчө көзөмөлдө экенин кабарлаган.
Бул ирет Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) менен Башкы прокуратура маалымат берген жок.
Ишти тергеп жаткан Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Башкы прокуратурага кайрылуу керектигин, Башкы прокуратура болсо атайын кызмат жооптуу экенин билдирип жатышат.
Адвокат Нурбек Токтакунов жакында эле Айзаданын апасы менен башкы прокурор Курманкул Зулушевге кирүүнү көздөшкөн. Бирок алар менен прокуратуранын башка өкүлү жолугуп, иш көзөмөлдө экенин айтып узаткан.
Маркумдун таежеси Бактыгүл Шакенова Башкы прокуратура 14-мартка чейин убакыт сураганын айтты.
“Милициялар издеген эмес, карга карганын көзүн чукубайт деп иш ордунан жылбай жатат. Канча ай өттү, такыр кыймылдабай жатат. Башкы прокуратурага барып Курманкул Зулушевге арыз жазсак, ал жардамчысына тапшырыптыр. Жардамчысы 14-мартка чейин ишти карайбыз деп сөз беришти”.
Конфликт таануучу Асел Ази Тегин элдин үрөйүн учурган Айзада Канатбекованын өлүмүнө шалаакылык кылган милиция кызматкерлери жазаланып, башкаларга сабак болуш керек деп эсептейт.
“Эгер милициянын эки кызматкери жазасын тартып, элге тараганда сабак болмок. Милициянын шалаакылыгы көз көрүнөө болуп жатпайбы. Айзаданын окуясы белгилүү болгон бир эле учур. Кыздарга карата зомбулук болобу, кодулоо болобу, милиция кызматкерлери кайдыгер мамиле жасап койгону кеңири көрүнүш. Коомчулук муну көзөмөлдөп, жазага тартылышын талап кылышыбыз керек. Прокуратура мындай жол менен күнөөлүү адамдарды жазадан куткарып кетүүгө аракет кылып жатат деген күмөн жаралууда”.
Айзаданын өлүмүнөн кийин үч кылмыш иши козголгон. Анын бири - Жазык кодексинин 130-беренеси ("Киши өлтүрүү") боюнча кылмыш иши кызды өлтүрдү деген Замирбек Теңизбаев өз жанын кыйганына байланыштуу кыскарган. Андан кийинки иш Теңизбаевге Айзаданы күчтөп машинеге салууга көмөктөшкөндөргө каршы ачылган.
Бул ишке шектүү катары жалпы беш адам кармалган. Биринчи май райондук соту былтыр сентябрда адам уурдоого күнөөлүү деп үч адамды жети, эки адамды алты жарым жылга кескен. Алардын баары биригип, маркумдун жакындарына моралдык жана материалдык зыян катары 100 миң сом төлөп берүүгө да милдеттендирилген. Бишкек шаардык соту 21-январда райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
Ал эми үчүнчү иш кызды уурдоого көңүл кош мамиле жасаган милиция кызматкерлерине карата "Шалаакылык" беренесинин негизинде козголгон. Жабыркаган тарап жана алардын адвокаттары дал ушул кылмыш иши боюнча иликтөөлөр, аракеттер "жылбай, токтоп турат" деп нааразы.
Кыргызстанда мындай кандуу окуя мурда да катталган. 2018-жылдын май айында 20 жаштагы студент Бурулай Турдаалы кызы ала качуунун курмандыгы болгон. Кыздын Жайыл райондук милиция бөлүмүндө ала качкан бала бычактап өлтүргөнү коомдо катуу резонанс жараткан.
Бурулайдын атасынын адвокаты болгон Есения Рамазанова “Шалаакылык” беренеси менен Жайыл райондук милициясынын үч кызматкери соттолгонун билдирди.
“Бурулай боюнча “Шалаакылык” беренеси менен Жогорку сотко чейин барганбыз. Ошол кездеги берене менен эң максималдуу жаза 260 миң сом айыппул болчу. Жайыл райондук милициясынын кылмышка жол берген кызматкерлери ошондой жаза алышкан”.
Статистикалык маалыматтарга караганда, 2020-жылы 21 аял, 2021-жылы бир нече аял үй-бүлөлүк зомбулуктан каза тапты. Кыргызстанда соңку алты жылда 100дөн ашык кыз-келин үй-бүлө зомбулугунун курмандыгы болгон.
Дагы ушунча аял күйөөсүн же зомбулук көрсөткөн башка адамды өлтүргөнү үчүн соттолгон.