Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:14

Талас: Зордукталган кыздын жакындары тергөөгө нааразы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Таласта 17 жаштагы кыздын жакындары зордуктоо фактысына байланыштуу кылмыш ишин тергөө кечигип жатат деп нааразы. Алар милиция ишти жетиштүү карабай жатканын айтышууда. Укук коргоо органдары мындай дооматтарга макул болбой, иш мыйзам чегинде жүрүп жатканын билдирүүдө. Кызды зордуктоого 20га жакын киши шек саналып жатат.

Бакай-Ата районунда зордукталган 17 жаштагы кыздын жакындарынын маалыматына караганда, жабырлануучу кыз 2018-жылдан бери, 15 жашынан тарта зордуктоого кабылган. Бул тууралуу ал кош бойлуу болуп калганда гана билинген.

Үй-бүлөсү элдин кеп-сөзүнөн чочулап кызды Бишкек шаарына жөнөткөн жана укук коргоо органдарына арыз жазган эмес. Кыз 2021-жылдын июнь айында Бишкек шаарындагы төрөтканалардын биринде көз жарган. Ошондон кийин гана милиция кызматкерлерине маалымат түшүп териштирүү башталган.

Жабырлануучу кыздын таенеси (атын атагысы келген жок-ред.) буларга токтолду.

"Аймактык тескөөчүлөр келип балдардын баарын тактап, сураштырып жүрдү. Ошондо 20 бала такталганын уктук. Өзгөрүштөн беш, Кең-Аралдан 15 бала деп. Ошону менен бизди Бакай-Атага алып барып сурап жүрдү. Тыянагы чыккан жок. Анан бизди үч жолу айыл өкмөткө салышты. Ал жактан деле жыйынтык жок. Айткан суммаларын деле аткарган жок. Бизди кайра шерменде кылып сурашты. Эне-аталар кызымды жаман сөз менен ыйлатып, мазакташты”, - деди кыздын таенеси.

Жабырлануучунун жактоочусу Луиза Сүйүнтбекованын айтымында, кылмыш иши жети айдан бери териштирилип, бирок аягына чыкпай келет. Ал тергөөчүнүн шалаакылыгынан улам жабырлануучу кыздан көп суроолорго жооп алынган эмес деп эсептейт. Адвокат прокуратурага кайрылган кезден тартып иш жыла баштаганын айтты.

"Бизди ички иштер башкармалыгынын жетекчиси чакырды, барып, ал жактан да сүйлөштүк. Облустук прокуратурага кайрылып, Бакай-Ата райондук милициясынан толугу менен баш тартууну өтүндүк. Анткени жети айдан бери бир да жолу сурак кылган жок, ишенбей калдык. Анан бизди прокуратурага чакырышты. Илияз деген тергөөчү ишти карап жаткан, аны аймактык тергөөчү кылып иштен түшүрүштү. Төрт киши сөгүш алыптыр. Биздин ишти Тариел деген бала алды. Кудайга шүгүр төрт күндөн бери барып атабыз. Үч баланы суракка алышты. Бир бала күнөөсүн моюнуна алды".

Сүйүнтбекова кошумчалагандай, жабырлануучу кыз эки ирет текшерүүдөн өткөн. Психологиялык экспертиза “анын акыл-эси ордунда эмес” деп бүтүм чыгарса, медициналык экспертиза “жабырлануучу зордукталган эмес” деп жыйынтык чыгарган. Жактоочу экспертизанын бул бүтүмүн четке кагып, кыздын көз жарганын жүйө келтирди.

"Экспертизанын жыйынтыгына макул эмеспиз. Биз ишти кайра кароого өтүнүч бергенбиз. Кызды акыл-эс жактан артта калган деп жатышат, бирок ал 9-классты бүттү. Атайын каттоодо да турган эмес. Ошого карабай “акыл-эси жайында эмес” деген бүтүмдү эмнеге чыгарып жатышат? Кыз орусча түшүнбөйт, психиатр орус улутундагы киши экен. Бири-бирин түшүнбөй эле жыйынтык чыгара береби? Булар ошого таянып жатышат. Экинчи экспертиза “зордукталган эмес” деп жатат, бирок кыз төрөп жатпайбы! Бул балким компьютердин жаңылыштыгы. Ошого так жооп берсин".

Учурда милиция суракка алган 20 шектүүнүн арасында 18 жашка чыга элек жаш уландардан тарта 40 жаштын айланасындагы үй-бүлөлүү адамдар да бар экени айтылууда. Күнөөлөнүп жаткан айрым адамдардын жакындарынын оюн сурадык. Алардын биринин айтымында, 2021-жылдын август айында айрым шектүүлөрдүн ата-энелери жабырлануучу тарапка барып, элдешүүнү сунуштаган. Айылда жыйын өтүп, аксакалдардын катышуусу менен жабырлануучуга 300 миң сом чогултуп берүү тууралуу чечимге келишкен. Кыздын таежеси ал акчанын 70 миң сомун алышканын билдирди.

Милиция кызматкерлери жабырлануучуга акча берилген күндө да бул иш оңой-олтоң бүтпөй турганын айтып жатышат.

Тергөөнүн эрежеси боюнча наристе бир жашка чыкканда гана анын ДНК-анализи аркылуу атасы ким экени аныкталат жана жазага тартылат. Буга жабырлануучунун таежеси макул эмес.

"Бир эле бала камалып, калганы жоопко тартылбай калганына каршыбыз. 20 бала тең жазасын алыш керек. Абдан ыплас ыкмалар менен зордукташкан экен. Токойго алып барып уруп, каалагандай эрмектешчү экен".

Айрым шектүүлөр Кыргызстандан чыгып кеткени тууралуу да маалыматтар бар. Айыпталып жаткандардын жакындары болсо иштин калыс караларынан күмөн санашат. Алар муну ооруп, үйдөн чыга албаган балдар да “зордукчулардын” тизмесине "кошулуп калган" деп түшүндүрүштү.

"Кыз төрөп келгенден кийин эле ошол тизмеге кошулуп калды. Андан мурда жок экен бул. Мурда 15 бала болсо, кийин эки баланы кошуп коюшту. 2019-жылдын аягында улакка барганда ат коюп кеткен. Буту сынып, төрт ай гипс менен, жети ай тарамышы тартылып балдак менен басып жүрдү. Ооруганда үйдө жаткан, мектепке барган эмес, баламды жөн эле кошуп коюшту", - деди шектүүлөрдүн биринин атасы.

Ата-энелер тизме тергөө учурундагы сурактардан кийин толукталып жатат деп эсептешет.

"Астына түшүп бардык, чынын айтканда. Бир аз болсо да кызга жардам болсун деп 70 миң сом бергенибиз чын. Дары-дармегине жетсин деп. Анан тынчып эле калган. Жеңем деле кыргызча бүтүрөлү деди. Айыл өкмөттө чогулуш болуп жатты. Ал менен эле жабылбайт экен негизи. 20 бала ДНК-анализ тапшырса, атасы табылат. Бир бала үчүн 20 бала күйүп кетпеш керек. Арасында үй-бүлөлүүлөр да бар экен. Мен билгенден Өзгөрүштөн беш бала бар дейт. Бирок аларды көргөн жокмун. Алар бизге келген жок. Бакай-Атага да барган жок. Ушул жердеги беш ата-эне чуркадык жайы менен. Эки күндүн биринде Бакай-Атага суракка барып аттык", - дейт шектүү балдардын биринин энеси.

Облустук милициянын басма сөз катчысы Динара Сарногоеванын маалыматына караганда, бул иш мыйзам чегинде тергелип жатат.

"Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеcи (жашы жете электерге карата сексуалдык аракеттер) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон. Жабырлануучунун кимден кош бойлуу болгонун аныктоо максатында иш-чаралар бүгүн да жүрүп жатат. Азыркы кылмыш ишинин алкагында 20га жакын жаран тергөөдө суралган. Тийиштүү тергөө амалдары жүрүп жатат. Жабырлануучуга соттук-медициналык комиссиялык экспертизалар дайындалган".

Кыргызстанда соңку жылдары балдарга карата зордук-зомбулук байма-бай катталып келет. Айрыкча акыл-эс жактан жабыркаган же ата-энеси миграцияда жүргөн балдар жакындары же чоочундар тарабынан уруп-согууга кабылып, сексуалдык зомбулуктун курмандыгы болору айтылып жүрөт.

Акыйкатчынын Талас облусундагы мурдагы өкүлү Арзыкан Момунтаева, мындай окуяларды мыйзамдардын иштебей жатканы менен байланыштырды.

"Коркунучтуу мыйзам болсо жоопкерчиликти катуу койгон чоң айып, камап, жазалай турган мыйзамдар бар, бирок аларды иштете турган адам болсо... Ата-энеси миграцияда жүргөн же ден соолугунан кемтиги бар балдар үчүн социалдык үйлөр болуш керек. Бирок аларды кармаганга чоң акча керек. Балдарды караган бакмачылардын акысы, жылуу үй болушу абзел".


Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын 2020-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда бир жылда "зордуктоо" беренеси менен 250дөн ашуун иш козголуп, анын 17си гана сотко жеткен.

“Жашы жете электерге карата зомбулук аракеттер” беренеси боюнча 54 факты катталган.

XS
SM
MD
LG