Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:54

«Күйөөм мүрзөгө сүйрөп барып сабады»


Татьяна Зеленская тарткан сүрөт.
Татьяна Зеленская тарткан сүрөт.

Уурдалып андан соң мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын үрөй учурган окуясынан кийин зомбулуктун курмандыгы болгон кыз-келиндер өз окуясын айтып чыга баштады. Алардын бири Астра бир топ жылдан бери мурдагы күйөөсүнөн кордук көрүп жүргөнүн “Азаттык” радиосуна айтып берди.

Көкүрөгү кирдеп, жан дүйнөсү жабыркаган Астра башынан өткөн окуяларын айтып берүүнү туура көрдү. Жашы 28де болгону менен келин жашоонун оош-кыйышын баштан кечиргенин муңайым көздөрү айтып турат.

Астра 19 жашында турмушка чыгып, удаа-удаа үч бала төрөгөн экен.

«Сүйлөшүп жүрүп үйлөндүк. Башында күйөөм акылдуу адамдай сезилген. "Мени колдойт, коргойт" деп ойлогом. Бирок баш кошкондон кийин таптакыр башка адам болуп чыга келди. Турмуштагы кыйынчылыктарга чыдабай, мага кол көтөрдү. Күйөөмдүн туруктуу иши жок эле. Ар кимдин үйүн ижарага алып күн кечирдик. Биринчи балам оорукчан болуп төрөлдү. Эки жарым жашка чыкканда арыктагы сууга түшүп кетип, чарчап калды. Бул үчүн мени күнөөлөдү. Андан кийин эки кызымды удаа төрөдүм».

Астра “эрден чыккан аял” деген сөздөн айбыгып, төрт жыл ур-токмокко чыдап жашоого аргасыз болгон. Кээде анын айынан ооруканага жатып калган күндөрү да болуптур.

«Башка чапканда көздөрүм караңгылап, көрбөй калчумун. Денемди жанчып үбөлүк менен сабачу. Аёо сезими жок. Колу-бутумдагы көгала тактар азыр да кете элек. Муштаганда эсимди жоготуп жыгылып калган учурлар көп болгон. Азыр күн бүркөлгөндө, капалансам башым чыңалып ооруп, кулагым укпай калат. Сарсанаа болуп корккондо көзүм тунарып чыгат».

"Кызыл камчы" күйөөсүнүн токмогуна чыдабаган Астра бир нече жолу милицияга арыз жазган. Ал арыздардын негизинде укук коргоо органдары Астранын күйөөсүнө эки жолу “Бейбаштык” беренеси менен 1500 сом айып пул салган. Мындан кийин деле өзгөрүү болбогон соң, Астра ажырашып кеткен. Бирок анда деле тынч жашай алган эмес. Зөөкүр күйөөсү сары изине түшүп, таап алган күндөрү сабап, зордуктаган учурлар болгон.

«Ажырашканыбызга бир жылдай болгон. Бир күнү үйдө отурсам кирип келди. “Эшикке чык, сүйлөшөлү” деди. Мен макул болгон жокмун. Ал мени чачымдан сүйрөгөн бойдон көчөдө турган машинасына алып барды. Эшигин ачып, машинанын ичине күчтөп салды. Мен жашаган үй шаардын четинде болгондуктан, машинаны катуу айдап жөнөдү. Жолду катар жалдырап акырын айдашын сурандым. Ал “мени менен сүйлөшпөйсүң, чогуу жашоого макул болбойсуң” деп күнөөлөп жатты. Жолдун жээгиндеги мүрзөнү көрсөтүп “мен ошол жерде жай даярдап койдум, эгер мени менен жашабасаң өлтүрүп туруп, көөмп кетем” деп коркутту. Машинадан түшкөндөн кийин коргонууга аракет кылдым. Алыштым. Бирок аял киши болгондон кийин алым жетпей койду. Ошол жерден мени катуу сабады, зордуктады. Алым калган жок. Кыздарым көз алдыма келип, аларды аядым. Ажал ушинтип келет турбайбы деп ойлодум. Акыры “өлтүрбө, сени менен жашайын” деп жалдырадым».

Бул окуядан кийин Астра милицияга арыз жазып, күйөөсү "Адам өмүрүнө кол салууга" айыпталып 2020-жылдын башында эки жылга кесилген. Келин эки кызын алып ата-энеси менен чогуу жашап, жумуш таап, ирденейин дегиче абакта жаткан күйөөсү мунапыска илинип абактан бошоп чыккан. Ал кайрадан үй-бүлөсүнүн тынчын ала баштаган.

«Абактан чыккандан кийин бир ай ичинде арыз жазсаң болот дешти. Бирок мыйзамдын иштешинен күмөн санап ал оюман кайттым. Анткени буга чейин укук коргоо органдарына он чакты жолу кайрылгам. Айып пул салып коёт. Бул жолу деле аны жоопко тартарына көзүм жеткен жок. Жалпылап айтканда мен өз өлкөмдө өзүмдү коопсуз сезбейм. Мыйзамдар гумандуу. Мурдагы жолдошум абактан бошонуп чыккандан бир ай өтпөй кайра тынчымды ала баштады. Бир күнү көчөдө кыздарым менен турсам келип калды. Баягыдай эле “мени менен жашайсың” деп коркута баштады. Уруша кеттик. Мени ошол жерден адатынча кол көтөрдү. Кыйкырып элден жардам сурадым. Жанымда тургандар ортого түшүп, милиция чакырып беришти».

Астра азыр күйөөсүнөн жашынып, "Сезим" кризистик борборуна барган. Зордукчул күйөөсү кайра таап келеби деп коркуп күн кечирип жатканын жашырбады.

«Жашоомдун ар бир күнү коркуу менен өтүп жатат. Кайсы учурда, кайсы жерден келип, сабап өлтүрөт деп кыжалат болом… Кыздарымдын да жүрөгүнүн үшүн алып бүттү. Көчөдөн мурунку жолдошума окшош адамды көрүп калышса “апа, качалы, биз жакка келе жатат” деп мага жашынышат. Аларды көрүп боорум ооруйт. Кыздарымдын келечегин ойлойм. Азыр кайсы өлкөгө мүмкүнчүлүк болсо, ошол жакка кетейин деп аракет кылып жатам».

Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдарга колдоо көрсөткөн "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова Астрадай аялдар көп экенин, кыргыз коомунда зомбулук күчөп жатканына кейиди.

«Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу үчүн өкмөт жетиштүү аракет көрбөй жатат. Буга көңүл буруу үчүн сөзсүз бирөө өлүш керекпи? Өлтүргөнгө жеткирген жагдайлар толтура. Эркектер аялын буюм катары көрөт. Зомбулукка кабылгандардын көбү ала качуунун курмандыктары. Коомдогу агрессия жоюлмайынча бул көрүнүштөр улана берет. Ал өлкөнүн социалдык-экономикалык абалына да көз каранды. Ошондуктан жалпы эл бул көйгөйгө жапа тырмак каршы турушу керек».


Соңку учурда үй-бүлөлүк зомбулук 62% көбөйгөн. 2021-жылдын алгачкы эки айында Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 1 463 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Расмий маалымат боюнча 2020-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 9 025 факты каттоого алынып, анын 947си гана сотко өткөн.

Ал эми 2020-жылы 200дөн ашык кыз ала качуу фактысы катталып анын 11и гана сотко өткөн.

XS
SM
MD
LG