Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:39

Дүйнө лидерлери дары жана вакцинага акча бөлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кошмо Штаттарында коронавирустан ажал тапкандар август айына чейин 135 миң адамга жетиши ыктымал.

Бул тууралуу Вашингтон университетине караштуу Саламаттыкты баалоо жана ченөө институту (IHME) билдирди. Мындай көрсөткүч аталган институт 17-апрелде жарыялаган божомолго караганда эки эсе көптүк кылат.

Ал арада дүйнө лидерлери коронавируска каршы вакцина даярдоого жана бул ооруну дарылоого байланыштуу изилдөө иштерин каржылоого 8 миллиардан ашык доллар бөлүп берүү тууралуу макулдашты.

Саламаттыкты баалоо жана ченөө институту мындан 20 чакты күн мурда эле жарыялаган божомолун кайра жаңыртты. Ага ылайык, Кошмо Штаттарында COVID-19 жугузуп алган жана андан ажал тапкан адамдардын саны эки эсе көбөйүшү ыктымал экенин эскертти.

Институт муну АКШнын бир катар штаттарында карантин эрежелери жумшара баштаганы менен негиздеди.

Соңку маалымат боюнча, АКШда коронавирус жугузуп алгандардын саны 1,2 миллион адамга чамалады жана оорудан көз жумгандар 69 миңге кишиге жетип калды.

АКШнын президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттары коронавируска каршы вакцинаны ушул жылдын аягына чейин алып калат деп ишенерин айткан. Бирок адистер вакцина бардык сыноодон өтүп, коомчулуктун калың катмарына жетиши үчүн бери дегенде бир жылдан 1,5 жылга чейинки убакыт керек экенин билдиришкен.

Ушул тушта Кытайда, АКШда, Британияда жана Германияда сегиз түрлүү вакцинаны адамдарга сыноо башталды. Андан сырткары вакцинанын дагы 90дон ашык түрү даярдалып жатат.

Дүйшөмбүдө Европа Биримдиги COVID-19дун вакцинасын даярдоого жана бул ооруну дарылоого байланыштуу изилдөө иштерин каржылоо маселелерин онлайн талкуулады. Анда бул багытка 8 миллиарддан ашык доллар бөлүп берүүнү макулдашты.

Европа комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен муну дүйнөлүк коомчулук үчүн чоң жеңиш деп атады.

"Биз муну ишке ашырдык! Бул дүйнөлүк коомчулук үчүн негизги күн болуп калды. Биз ушул тушта баштагыдай болбой, бири-бирибизден обочолонуп турганыбыз менен дүйнө мурда болуп көрбөгөндөй жакындаша баштаганын көрсөттү. Бир канча сааттын ичинде биз вакцинага, дартты аныктоо жана дарылоону жаатындагы изилдөөгө 7,4 миллион евро бөлүп берүү тууралуу жамааттык чечим кабыл алдык. Бул каражат башта болуп көрбөгөндөй глобалдык кызматташууга жол ачат".

Европа өлкөлөрүндө коронавирус баш-аягы 140 миңден ашык адамдын өмүрүн жалмады. Аймакта бир катар мамлекеттер акырындап карантин чараларын жумшартууга киришти. Оорудан эң көп жабыркаган Италия дүйшөмбүдөн тартып эки айлык карантинден чыга баштады. Бир катар эксперттер экономиканы жандантуу аракети оорунун жайылышынын экинчи толкунуну пайда кылышы ыктымал деген кооптонуп жатат.

Азиядагы айрым мамлекеттер да карантин чараларын азайта баштады. Бирок жапон бийлиги өзгөчө абалды дагы бир айга узартканы жатат.

Түштүк Кореяда оору жуккан учурлар дээрлик катталбай калды. Мындан улам бул өлкөдө эмки аптадан тартып мектептер кайра ачылмакчы. Ошондой эле 5-майдагы бейсбол боюнча таймаш көрүүчүлөрү жок өтөт.

Кытайда соңку бир күндүн ичинде бир эле адамдан коронавирус аныкталды. Өлкөдө 5-майга карата оору жугузгандар 82 881 адамга жетти 78 миңге жакыны сакайды. Бул илдеттен 4633 киши көз жумду.

Азыр ооругандар Латын Америка, Африка өлкөлөрүндө жана Орусияда көбөйүп жатат. Бразилиянын президенти Жаир Болсонару карантин чараларын жумшартуудан баш тарткан губернаторлор менен шаар мэрлери менен тирешкенин токтото элек. Бул өлкөдө COVID-19 105 миңден ашык адамдан табылып, оорудан 7 миңдей киши ажал тапты.

Ушул тушта Орусия оорунун очогуна айланды. Соңку бир күндүн ичинде коронавирус жугузуп алган 10 миңден ашуун киши катталды, ошентип ооругандардын жалпы саны 150 миңден ашты. Бул өлкө ушул тушта оорулуулардын саны боюнча жетинчи орунга чыкты. Бирок көз жумган адамдар боюнча көрсөткүч төмөн - соңку маалымат боюнча Орусияда COVID-19 1350дөн көп кишинин өмүрүн кыйды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG