Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:59

Айдоочунун ачуусу, жолдо калган аткаминер


Тажик жазуучусу Саттор Турсундун "Түнкү сапар" аңгемесинде социалисттик замандын бир учуру, кол алдындагыны каалагандай жумшап, көзүн май басып калган аткаминер менен айдоочунун окуясы сүрөттөлгөн.

Чыдамдын деле чеги болот экен, ыза-кордуктан тажаган айдоочу көпкөн аткаминерди ара жолго таштап кетет.

Кыштак

Окуя Абдулонун көздөгөн кыштагына жетүү үчүн жолдо машине тосуп турган кезинен башталат. Ал жакка барчу машине аз, күн ысык, жол чаң. Абдуло автобустан түшкөн соң кийиминин чаңын күүп, булактын суусуна бетин чайкап, жолдон машине өтүп калабы деп турду. Кыштак ичи дымып, чаң жолдо жүргөн бирөө-жарым жок тыптынч мемиреп калган эле. Автобустан түшө бергенде чайкана алдында турган ГАЗикти көргөн. Балким ушул машине жөнөп калар.

Көп өтпөй чайканадан жай басып төрт адам чыкты. Бири арык жигит экен, кыязы, айдоочу окшойт. Калган үч эткээл адамдар эрингендей кадам таштап машине жанына келип сүйлөшүп туруп калышты. Жеңи кыска жол-жол көйнөкчөн жигит машиненин эшигин ачып, тургандардын бирин отургузмак болуп, Абдуло жакты карап койду. Анан ал тигилерге бирдемелерди айтып Абдуло тарапка басты. Кыязы, Абдулону тааныгандардан окшойт, учурашкан соң Дүйшөмбүдөн келатасыңбы деп, окуусунан бери сурап ийди. Абдуло анын Бойсунга баратканын билди.

"Ырас, мен аны машинеден бери басып келатканда эле жазбай тааныдым. Аты - Ганы. Элден угушума караганда мындан үч жыл мурун хулигандык кылып, эки жылдык мөөнөткө эркинен ажыратылып, камалып кеткен эле. Мен аны менен мурда анчейин көңүл жакын болбогонум үчүн суроолоруна үстүртөн жооп кайтардым.

- Кеттик, анда, биз да Бойсунга баратабыз,- деди ал камкордоно. Анан жанындагы чемоданымды өзү көтөрүп, мени артынан ээрчиткен бойдон машинеге алып жөнөдү.

Жанагы үч кишинин бирөө – чамасы ушу ГАЗиктин кожоюну болсо керек, ал менин саламыма анчейин деле назар бурбастан, Ганыга суроолуу карап калды.

- Бул жигит темир уста болуп иштеген Салим акенин уулу. – Жылмайды Ганы. – Ала кетели дедим. Орун бар...


- Мм, ушундай дечи, мейли андай болсо.

Ганы рулга отурду.

Мен арткы орундуктан жай алдым. Жанагы киши беркилер менен коштошуп, Ганынын жанындагы орундукка өзүн күп этип таштады.

- Ак жол, жолдош Ибрагимов! – деп берки эки киши анын семиз колдорун бек кысышты. Ибрагимов "кеттик" деп Ганыга башы менен ишара кылгандан кийин гана машине ордунан козголду",

Булар жолго чыкканда күн Фархат тоолорунун артына от-жалынга чулганып батып бараткан, тоого кеч тез кирет. Бышык машине менен Ганы көп каттагандыктанбы урум-бурумдарда гана ылдамдыкты азайтпаса жол боюндагы тал-теректерди, кокту-колотторду артка калтырып, Бойсунга эртерээк жетсек деп катуу баратты. Караңгыда машиненин жарыгы жол жээгиндеги аска таштарды, бак-дарактарды, өйүздөгү сүрдүү аскаларды чалып, сапарын арбыта берди. Абдулонун алдындагы ыңгыранып отурган семиз адам мас экен, машине чайпалган сайын оор денесин бекем кармай албай, бурулуштарда ооп келатты, оозунан буркураган арактын сасык жыты машиненин ичине толуп чыкты. Уйку-соо келаткан Ибрагимов жанындагыларды жактырбады окшойт, үн катпады. Ошентип унчукпай келе беришер беле бир убакта ал семиз мойнун Ганыга буруп: "Артка бур! – деди. – Саримаска барабыз. Кудай уруп унутуп кала жаздапмын".

Тоо жолу

Кичине жүрсө Бойсунга жетишмек, барчу жерге жакындаганда машинени кайра артка айдатканына нааразылыгын Абдуло да, Ганы да айта алышпады. Ганы мындайга көнүп калган окшойт үн-сөз жок кененирээк жерден машинесин артка бурду да ылдамдыкты көбөйттү. Чокулары асман челген бийик тоонун арасында жогору баратып артына бурулган машиненин бир калыптагы дүрүлдөгүн тыңшап үн катпаган үчөөнүн ар бири өз ою менен болду. Кез-кез Ганы Абдулодон окуусун, шаарды, айылдагы туугандарын сурап келатты эле анысын да токтотуп, алдыдан көз албай караңгы жолду улап келатты.


Үчөөндө үн-сөз жок, Ибрагимов жолдон кошулуп калган студентке ачуусу келдиби же жактырбадыбы, бир машинеде чогуу отургандан бери сүйлөбөдү. Ганынын өзүм билемдик кылып сары ооз балапанды салып алганын жактырбастыгын мамилесинен билдирип, башка бир ойго түшүп кеткендей сезилди. Бул машиненин кожоюну болгондон кийин кимди салышты, кимди салбашты өзү чечиши керек болчу.

Көздөгөн жерине жетейин деп калганда мынабу дүгдүйгөн жоон курсак машинени артка айдатканына Абдуло да түшүнбөй келатты. Аны Ганыдан же Ибрагимовдон сурашка батынбады. Карабайсыңбы эми мынабул чүйлүсү чыккан кожоюн баарын бузуп жети түндө кайдагы бир жерге келатышат. Жакындап калган жеринен артка айдатканына караганда бул аткаминердин малчыларда зарыл иши бар окшойт.

Акыры жетишти окшойт, малчылардын жолдон окчунураак көтөрүлгөн кепелердин биринин тушуна машинени токтотту. Ыңгыранып жай түшүп артын карабай кепелердин бирине басып барды. Үлбүл жарыкта отурган малчылар анын келерин күтүп отурушкан окшойт, бирөөсү шып чыга калып теңселип туруп калган Ибрагимовго эшик ачты.

Тоо ичи жайдын күнү деле салкын. Машинедеги экөө жеңил кийингендиктен үшүп отурушту. Жылдыздуу асман кол сунсаң жетчүдөй болуп, асманды тиреген шиш урчуктуу тоолор сүрдүү көрүнөт. Калтыраган экөө дагы канчага отурат эле, бир убакта койчулардын арасынан бирөө келип буларды да үйгө баштап кирди.

"Кепенин орто ченине курулган коломтодо чатырап жанган арча отундан жагымдуу жыт буркурайт... Коломтонун орто чениндеги жоон жыгачка асылган чайнектеги суу шарактап кайнап жатты. Төргө жазылган гүлдүү дасторкондун четинде Ибрагимов жана анын оозун тиктеген беш киши сүйлөшүп олтурушуптур.


Алар Ганы экөөбүздү босого тараптагы кийиздин үстүнө отургузушкандан кийин, баягы сакалдуу киши Ибрагимовдун кулагына кемшеңдеген оозун жакындатып, бирдеңкени шыбырап айтты. Ибрагимов да чандайган курсагын сылагылап, чыканагына балыштап жатып, тигиге шыбырап сүйлөдү.

Чабандар заматтын ичинде зыяпат уюштурушту.

Ибрагимов жаш козунун таттуу этин өзөргөндөй сугунуп жатты. Анын жанында чөк тизелеп отурган киши (бул адам баш чабан экен) чайнектеги арактан пиялага лепилдетип куюп, Ибрагимовго эки бүктөлүп сунат. Өзүн кудум чай куюп берип жаткан кишидей шексиз көрсөтүүгө аракеттенет. Экөө кез-кезде уят сөздөрдү чукуп, беркилерге аския айтып беришет. Сакалдуу киши жок эле".

Жок болуп кеткен сакалдуу киши бир убакта кепеге кирип Ибрагимовго "даяр" деп койду. Ал дагы дасторкондогу эттен ооз тиймекке чөнтөгүндөгү макисин сууруп чыкканда Ибрагимов Ганы экөөнү эшикке чыгууга буюрду. Тигилер сыртта кыйлага жок болушту, эт жеп отургандар бир убакта бетке бата тартып сыртка чыгышты. Этке тойгон Ибрагимовдун кабагы ачылып калыптыр, ыңгыранып курсагын сылай асманды бир карап машинеге карай басты. Аны жайлоо шарты менен жакшылап сыйлагандар ыңгырана отурган активге каалоо-тилек айтып, машинесин узатып кала беришти. ГАЗик келген жолу менен артка тартты.

Бырышкан шляпа

Жарым сааттай унчукпай келатканда үргүлөп отурган Ибрагимов айдоочусуна атырылды. Шляпасы түшүп калыптыр. Анысын Ганы карап, түшүп калса алып бериши керек эле. Эми караңгыда кайдан издешмек. Жана койчулардын кепесинде калтырдыбы же машинеге отурганы үргүлөп кетчү ачендик жолдо түшүрүп алдыбы – муну өзү да, жанындагы экөө тең байкашпаптыр. Көздөгөн жерге барарда шляпанын жоголушу кожоюндун ачуусун ушунчалык келтирген экен, Ганын өтүнүч-суранычтарынын бирөө да жарабай, анын ата-жотосун калтырбай сөгүп кирбеспи. Тилин тишине катып келаткан Ганы да токтоно албай калды.

"— Эмне мынча сөгүнөсүз?! Мен сиздин шляпаңызга кароол эмесмин го?..

— Болбосо, сен кимсиң?.. Билип кой, бала, шляпамды билбей турган шофёрдун мага эки дүйнөдө да кереги жок. Сениби, эртең эле тилиңди "түздөп" коём. Ошондон кийин чар-тарабың кыбыла. Бирок азыр... шляпамды таап бересиң.

— Шамал учуруп кеткендир? Бул караңгыда мен каяктан издеп табам?

— Табасың!

— Түн жарымдан өтүптүр... Мен анын кайсы чуңкурга учуп түшкөнүн кайдан билейин?

— Сен көп келжиребегин, бала! Кыязы, тилиң кыйла эле узарып кеткен окшойт!

Мындай тилди кыскартып коюу мен үчүн оңой эле нерсе... Эми машинени артка бургун!

— Жолдош Ибрагимов, — деди Ганы заманасы тарып, — сиз аялымдын оорулуу экенин жакшы билесиз. Бүгүн эртерээк келем деп айткан элем ага. Эки көзү төрт болуп күтүп жатса керек... Эгер макулдук берсеңиз, эртең, башка шляпа сатып келип, башыңызга кийгизип койсом мейлиби? Суранам, тезирээк кетели.

— Ии, мен сени шляпа сатып бер деп жатамынбы? Ушу сенин майга булганган сасык чөнтөгүңдөгү пулдан шляпа сатып киейинби? Болду, бала, артка бур дедимби, артка бургун. Тезирээк! — деп айкырды, Ибрагимов каарданып.

Ганы айласы куруп, машинени артка бурду. Колдору эпке келбей, калч-калч этет. Койдукундай бозоргон көздөрүндө ачуунун, жаалдын оту шарактап жанып турду".

Караңгы түндө кайдагы шляпа? Малчылардын чоң чыныга куюп берген арагынын күчүбү же ачуусу келгенде өзүн кармай албайбы, Ибрагимов байкуш Ганыга эмне деген гана ачуу сөзүн агытпады. Айласы куруган Ганы да бош калбай "мени көп коркутпаңыз" деди. Бырышкан-тырышкан шляпанын түн ортосунан оогондо ушунчалык керек болуп калганын өзү деле түшүнбөсө керек. Ганынын айласы кетти. Ачуусу күчөгөн Ибрагимов Ганынын түрмөдө жатканын, ал жерге кандай кишилер түшөрүн, анын атасынын көңүлү деп башкалар жетпеген жумушка алганын, абактан бузулуп чыккан бул кейбир мурдагысындай эле макоо эшек бойдон калганын айтып оозун жыйгыча ачуусу кайнаган Ганы машиненин тормозун катуу басып, токтотту да эшикти ачып Ибрагимовду жеп ийчүдөй карады.

Абакта жатканы менен адам бойдон калган Ганы тигиге жеп ийчүдөй опурулганда жан керек экен Ибрагимов өң-алаттан кетип, буга чейин укпаган сөздү Ганыдан укту:

"— Ууру да сен, арам тамак да сен, катынпоз да сенсиң! Угуп койгун, эгер өз ыктыярыма коюшса, алдагы ажыдаардыкындай алайган көзүңдү чукуп алар элем. Машинеден түш, тезирээк! Ушуга чейин чыдадым, эми сөөгүмө чейин жетти.

— Эй, ит бала, сен эмне деп жөөлүп жатасың?

— Ырас, мен ит баламын. Бирок итминби, кушмунбу, иши кылып мына ушул машинеге жооптуу адаммын. Кожоюнун жолдо түшүрүп салыптыр деп дагы түрмөгө олтургуза беришсин. Түшкүн дейм!

Ибрагимов иш акыры ушул даражага барып жетет деп ойлогон эмес болсо керек, ал Ганынын желкеси куруша түшкөн түрүнө түз кароого жүрөгү даабай калды. Мастыгы тарай түштү. Жымшыйган кыпкызыл көздөрүндө коркунучтун белгиси пайда болду.

— Эмне, урмакчысыңбы?

— Түш дедимби, түш!

— Мейли, урсаң ур, бирок өзүңө кыйын болот... — Ибрагимов бышылдап машинеден түштү.

Ганы ага бөтөн сөз сүйлөгөн жок. Акырын айланып өтүп рулга отурду. Калчылдаган колдору менен эшикти катуу жаап, рулду мыжыга кармады. Машина жулкунуп козголду да, келген жолуна түштү".

Экөө дагы кыйла жол жүрүштү. Абдуло эмне деп айтарын билбей, Ганынын жоругуна ишенип-ишенбей таң калып, анын көңүлүн кантип жайгаруунун ыгын таппай келатты. Бир маалда ичине толгон букту төккүсү келди окшойт, Ганы өзү эле сүйлөп, бул уурунун кылыктарын канчага чейин жашырарын, кагып-силккенине кулакты жапырып, кулда кулак жок деп жүргөнүн, мына минтип тойгузганынан жолго таштап баса бергенин айтып ийди.

Ибрагимов аны ушуга жеткирген экен, ишке алдым деп бирөөнүн бейкүнөө баласын ушунча да кордойбу? Ганы тоо арасындагы чаң жолдо ары-берип чапкылап жүрүшкөнүнө тажадыбы же күлтүйгөн Ибрагимовдун мамилесине ичи суудубу, иши кылып, район борборуна келгиче ичте буккан арманын жашырбай төктү.

Ал түнү экөө Бойсунга барышпады, район борборуна жеткиче айдоочу болом деп күлтүйгөн семизден көргөн кордуктарын санап, эртең менен машинесин Ички иштер бөлүмү деген имараттын алдына токтотуп, машиненин артындагы семиз кой салынган капты көтөрүп сүрдүү эшикке кирип кетти.

Абдуло анын артынан таң калып карап турду. Күн сайын урушуп, басынтып, жекире берсе кулга деле кулак бүтүп, каяша кылат тура.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG