Токтоо кемпир
Алдыда кеп болчу эскерүүнү академик сексен үч жашында жазган. Аман болсо бул кезде энеси жүз он эки жашка чыкмак экен. М. Мамакеевдин эскерүүсүнө караганда: "Энем ыраматылык кичине бойлуу, толук эмес, улуу-кичүүгө сыпайы, оозунан жаман сөз чыкпаган, мүнөзү бир калыптан жазбаган токтоо, баарына чыдаган көтөрүмдүү укмуш адам эле. Он жети бала төрөгөн экен, ошолордон азыр үчөөбүз барбыз. Улуусу мен, карындашым Упаш жетимиш тогуз жашка чыкты, бала-чакалуу, небере-чөбүрөлүү, иним Абдылда алтымыш жети жашта, төрт кыз, эки уулу бар, баары үйлүү-жайлуу" деп эскерген. Эне жөнүндө эсте калгандар эч унутулбайт экен.
Батый эне төрөгөн он жети баланын көбү эрте эле чарчап калган. Оор мезгил, катаал шартта жарыкка келгендердин көбү жарыкчылык менен эрте кош айтышкан. 1939-жылы төрөлгөн карындашы Бейшекандын кантип аман калганын, кандай эрезеге жеткенин агасы жакшы билет.
"Карындашым төрөлгөндөн тартып эмчек эме албайт, оозун ача албайт, кыңылдап ыйлап эле жатат. Ачка да. Энем байкуш эмизейин эле дейт, бала эме албайт. Үч-төрт күн өткөндө алысыраак, Жумабай деген киши чакырып, энем, чоң энем экөө кетти. Энем мени баланы карап отур деп таштап кетти. Жанында жалгыз олтурам. Карындашым тынымсыз эле акырын ыйлап жатты. Аны аяй карап отуруп, бир маалда чыпалагымды оозуна салып көрсөм, ар жагынан соруп жатат. Кубанып кеттим! Ошол замат оозун, жаагын ушалап, күчкө салып чыпалагымды салсам, соро баштады. Тура калып бир чүпүрөк таап, аны сүткө чылап, ичине талкан салып сордуруп көрсөм, чопулдатып соро баштады! Чүпүрөктү тез-тез сүткө чылап сордура бердим, бир убакта ал уктап калды.
Бир күндөн кийин энем келди. Кызынын ыйлабай, дымы чыкпай калганынан улам аны өлдү деп ойлосо керек:
- "Качантан бери үнү чыкпай, ыйлабай калды", - деп сурады суз. Мен сөзгө келбей эле:
- Эне, тез эмиз, эмип калды, дедим.
Энем байкуш ишене албай, бирок не бар, не жок дедиби, шашыла отура калып, эмчегин берсе, наристе шакылдатып эмип кирбедиби! Бир кезде курсагы тойду окшойт, дымы чыкпай мемиреп, көпкө чейин уктады. Кийин ойлосом, ошондо, он эки жашымда биринчи "доктурлугум" башталып, алгач өзүмдүн карындашымды аман алып калган экемин".
Жетишпестиктен жедеп жүдөгөн балдар, ата-энеси колхозго жанын берип иштесе деле жарыбай койгонун айтылуу дарыгер атайын эскерген. "Биздин үйдөн уй, жылкы, кой дегенди көргөн жокмун, үйдүн кейпи болсо, топурактан согулган бир кепе эле, терезе-эшик деген жок".
Кийин согуш башталганда атасын аскерге алып, аны баарылап пристанга чейин жөө барып узатып келишкен. Жыйырма чакырымдай жөө басып келатканда энесинин буту шишип жүрө албай жолдо бир тааныштарыныкында токтошкон. "Анда элдин баарынын эле турмушу начар, ачкачылык заман эле". Ошол кыйын учурда иниси Абдылда төрөлгөн.
"Сүйүнгөнүмдү айтпа! Эжекем баланы бир жаман чүпүрөккө ороп алды. Баланын дымы чыкпайт, ыйлабайт, мен катуу жүрөксүп жаттым. Мурда көрүп жүрчү элем, эгер дымы чыкпаса, чаканы калдыратып, же муздак сууну бетине чачып жиберсе ыйлап, үнү чыкканын. Мен дагы ошентип жиберсем, анан үнү чыкты, аман экен деп аябай сүйүнүп калдым. Түнкү саат бир-экилер болсо керек, ал кезде электр жарыгы деген жок, эптеп майга жүндү салып, шам жасасак, жылтырап күйүмүш болчу.
Эртеси эртең менен баланын өңүн көрөйүнчү деп, жарыкта карай коюп эсим чыкты, адамга окшобойт, чымчыктын кызыл эт балапандарын көп көрчүмүн, кейпи ошонун эле өзү. Башы, курсагы чоң, колу чийдей, кабыргалары арсайып бир укмуш көрүндү. Ушул кантип адам болсун деп капага баттым. Кийин түшүндүм, мындай чабал төрөлүүнүн себебин, боюна болгону энем байкуш бир ырыстуу тамак ичкенин көргөн эмесмин. Баланын ичте өсүүсү эненин түзүк тамак ичишине байланыштуу болот турбайбы".
Ал арада эшик алдындагы арпа бышып, анан тооктордун жумурткасы көбөйүп тамак-ашка кенелип калышкан.
Эчки
Согуш маалындагы оор турмуш. Энеси колхоздун уйларын сааганы таң атып-атпай айыл четиндеги сарайга кетет. Саан акысына эки чака суу сүттү (тартылган сүттү) алып келет. Аны бышырып талкан чалып балдарына берет. Бир күнү жамгыр көнөктөп куюп атса байкуш эне бакандап алып келаткан эки чака сүтүн жолдо тайгаланып жыгылып төгүп алыптыр.
Баласы издеп барса энеси балдарын ойлоп "эми эмне ичесиңер" деп ыйлап туруптур. Айла жок ал түнү сүт катыктаган жармасы жок укташты, ошол учур эсинен чыкпай калыптыр.
"Жокчулуктун жүзү курусун! Тартылган да сүтү жок, карандай сууга талкан чалып ичип оокат кылгандарды шишик алып, далайлар куруду го, ошондо! Канча жыл, не заман өттү андан бери, ошентсе дагы жыл сайын айылга баратканда машинадан ошол коктуну карайм, караган сайын ошол окуя, эчкирип ыйлаган энем эсиме түшүп, муунуп барып оңолом.
Дагы эле бир окуя. Ошол эле уруш убагы, кедейчилик унуттурбайт экен, колхоз бизге эптеп жардам болсун, ачкадан өлбөсүн деди го, үч саан эчки берди. Аларды күнүгө катыра саап ичип отуруп, бирөөнүн улагы өлүп калды. Жай, талаа-түздө чөп кенен эле, улагы өлгөндөн кийин энеси тез эле семирип кетти. Август айы, картошка тегиз гүлдөп, арпа сарала болуп калган. Үч эчки биз жаткан үйдүн ортосунда түнкүсүн улагы менен жатчу. Ууру албасын дегенибиз.
Бир күнү саат түнкү үчтөр болсо керек, энем мени жулкулдатып ойготту. Мен кечке колхоздун чөбүн чалгы менен чаап чарчап, ушундай катуу уктаптырмын, энем болбой жатып тургузду.
- Тур, бир эчки ордунда жок. Издейли!
дегенинен көзүм умачтай ачыла түштү. Бизди багып жаткан ошол эчкилер эмес беле. Карасам, баягы улагы өлгөн семиз эчки жок".
Уурдалган эчкини ким алганын ошол түнү эле табышты. Кошунасы Дөөлөтбай аялы экөө уурдап барып үйүнүн ичинде союшуп, этин бышырып атканда тирикарак баланын колуна түшүп атпайбы. Айыл аксакалдары ишти жайгарып, уурдалган эчкинин ордуна тигилерди төлөмөр кылып, казанга салынып калган этти чогуу жешип тарап кетишти. Жамандыкты жалпыга жарыя кылбайбыз дешкен, ага болчубу, элге тез эле дайын болуп кетти.
Жетишпеген оор турмуш Батый энени кандай гана оор сыноолорго кабылтпады. Боорукер аял эки кызын эки сиңдисине берген, экөө тең жаш кезинде каза болуп калышты. Алардын оор тагдырын эстеген сайын жакындары шуу үшкүрүп, ичтен сызып жүрүштү. Алайда мугалим болуп иштеп жүргөн Жумакан 23 жашында табышмактуу өлүмгө туш келип, дайынсыз жоголду. Таежесинин колунда кара жумуштан башы чыкпаган Урупай он жети жашында айыкпас оорудан оноло албады.
Алыста жүргөн Жумакандын табышмактуу өлүмүн ойлогондо Батый эне ичтен сызып, ичтен күйчү.
"Энем байкуш кызынын күйүтүн эч билгизчү эмес. Бирок ичинен сыздаганын сезчүмүн", дейт М.Мамакеев. Урупайды агасы шаарга алып келип окута баштаган, оорунун айынан арыктап кеткен карындашын айылга алып баргандан көп өтпөй бул жарыкчылыктан кете бергенин угуп, кайгы жутуп кала берди.
М.Мамакеев абалы оорлошуп калган энесин дарылап айыктырып алганын кесиптик ийгилиги катары баяндаган. Ошол окуядан кийин ал өз башынан өткөн жашоо-турмушуна кайрылып, кыргыз жашоосунун дагы бир акыйкатын алдыга жайган:
"Ошону менен энемди дарылап жатып айыгып кетти. Менимче, анын оорусуна себеп - ошол турмуштагы үйдүн сууктугу, кийим, тамак-аштын жетишпестиги. Кийин ойлойм, кичинесинде эки өпкөсүнө суук тийип, врач деген жок, дары-дармек деген жок, ошондон улам көпчүлүк наристелер өлө берет окшобойбу. Тандалып жаны бек, бышыктарыбыз аман калсак керек. Мен өзүм чоңойгону 10-классты бүтөр-бүткөнчө кийим дегенди көргөн эмесмин. Тон, тери шым, бутта кыштын күнү кийиз чокой, күн жылыгандан кыш түшкөнчө бут кийим дегенди билген эмесмин. Ал убакта түшүнүк ушундай эле, ар жак, бер жакты көрбөсөк, башка эл кандай жашап жатканын билбесек, ойлойсуң, ушундай турмуш болуш керек деп жашай бересиң. Таң калганым, жаныбыздагы үч-төрт чакырым эле жердеги Ак-Сууда орус эли жашайт, айылдагы эстүү-баштуу кишилер ошолорго барып, жашаганын көрүп оокат кылса деле болмок, оңолуп кетишмек орустардын үй-жайын, айдаган эгинин көрүп. Мен чоңоюп, Фрунзеге кеткиче, 1946-жылга чейин биздин айылдагы бир адамдын огородунан бир түп алма, өрүк көргөн жокмун. Бак тигип алса деле түзүк жашашка жардам болот эле да! Ошонун баары билбестик, билимдин жоктугунан".
Академик 1960-жылга чейин ата-энесине жакшы камкордук кыла албаганын, окууну бүтүп жаңыдан иштеген кези жетишпеген турмушка туш келгенин, мүмкүнчүлүгү келгенде айылдагы ата-энесине үй салып берип, малын көбөйтүп, алардын карылык турмушун кыйла жакшыртып койгонун, кышындасы аларды шаарга алып келип сый-урмат көрсөткөнүн ыраазылык менен эскерген. Айылга көнгөн адамдардын калаада жашашы кыйын. Эптеп кыш бою чыдаса жаз келгени айылга кетип калышат. Анткен менен балада деле өкүнүч калат:
"Бир өкүнүчүм, ата-энени тирүү кезинде көп барктабайбыз, кээде аларды укпай, орой жооп берип, көңүл буруп жакшы бакпай койгон учурлар болот. Качан гана алардын көзү өткөндөн кийин: - Ка-ап, акмакчылык кетирген экемин - деп армандап, катуу өкүнөсүң. Бирок канчалык жер тепкилеп, башыңды ташка койгуласаң да, өгүздөй өкүрсөң да ата-энең тирилип келбейт экен. Мына ушуну ата-энеси бар балдар унутпаса!
Ушул күнгө чейин өкүнөм, жыл сайын отпускага барганда карыган энем байкуш уулум келет деп, эшиктин алдында күтүп отурчу эле. Мен барып, машинадан түшөр замат, чыныга суу куюп алып бирдеме деп күбүрөп, башыман айлантып, түкүртүп, чынысын жерге, эшиктин алдына койчу. Каза болорунан мурдагы жылы барсам, дагы эле чыныдагы суусун алып келип түкүрүп койчу дегенинен: - Койчу, эне, болбогон нерсеңди - деп, моюн толгой бастым эле артымдан ээрчип алып болбой түкүрткөн".
М.Мамакеевдин эскерме баяны чынында эле кызыктуу жазылган. Андагы ар бир окуянын өз алдынча тарыхы, сюжети бар. Ата-энесинин жашоо-тирдиги артыкбаш боёгу, ашкере шаан-шөкөтсүз реалдуу баяндалган, кызыктуу аңгемеде турмуштун ачуу чындыгы сүрөттөлгөн. Кылымга жуук жашаган дарыгердин өмүр жолунун өзү кызык, бирок анын эң жакын адамы – энеси тууралуу баяны кимди да болсо ойлонтпой, толкундантпай койбойт. Оор турмушту башынан кечирген бүтүндөй бир муундун тарыхы, он жети баладан аман калганын эрезеге жеткирип, жөнөкөй жашоо кечирген карапайым адамдардын турмушу кызыктуу баянда мыкты чагылдырылган.
Батый эненин бул жарыкчылыктагы эрдикке тете эмгегин бармактайынан оор турмушту көрүп калган мээнеткеч уулу жашырбай айтып берген.
Шерине