Кетмен
Жашоодо жаздым басып алган жаш адамдын оңолушу кыйын, аны убагында акылга салып калчап, так баа бериш баарынын эле колунан келе бербейт. Антип жеңил жолго түшүп кеткен "түнкү көпөлөктөрдүн" баарынын тагдыр жолу окшош, көчөт кезинде баёолугунанбы же аңкооолугунанбы бир шумпайдын торуна түшүп алданып калгандар. Окуя мындай болуптур.
Газетанын каттар бөлүмүндө иштеген кызматкерге аябай боёнуп-түзөнгөн сулуу аял баш багат. Редакцияга келген зайып чынында эле сулуу болчу. "Бакырайган кара көздөр, чийилгендей, терилгендей каштарга жараша ботонукундай узун кирпиктер, жуп-жука эриндер, быйпыйган мурун, ой-о-ой, сөз жетпейт айтууга". Бейтааныш сулуу журналистке башынан өткөндөрүн айтып бергени келиптир. Кыязы ичтен быша берип айласы куруп, чогулган сырын чыгарып, бугун жеңилдетейин деп келген окшойт. Болбосо редакцияга эмнеге баш багат?! Журналисттин жазгандарын окуп жүрүптүр. Бул турмушта "ачкалык, кендир кескен жокчулук карапайым калкты жерден алып, көргө уруп» жаткан чакта ар ким колунан келген ишин жасап жан багып атпайбы. Сулуу аял да ошо колунан келген ишин жасап жашоо-турмушун кечирип атыптыр.
Аялдын балалыгы социализм заманында өткөн. Айылдагылар колхозго иштечү. Ал эми колхоздун "ханы" башкарма болчу.
"Атам колхоздун бир бригадасында сугатчы. Өмүрү бүт ошону менен өттү. Апам — тамекичи. Биз тогуз бир тууган болчубуз. Кол арага жараганыбыз апамын этегин кармап тамеки эгип, чаап, үзүп-тизип алектенчүбүз. Бул иш кызыганда түнү-күнү тыным албай коюн-колтук бүт тамекинин ширесине капталып, чаңга белчеден батып, уйку көрбөй мас алетте жүрчүбүз. Жогорудагыга жараша эмгек акы алсак кана. Аны ал кезде түшүнүү кайда…
Жалгыз апам иштеди болуп эсептелип, айына он-он беш, ашса жыйырма сом төлөнчү, он эки сомго бир чыпта ун келет. Он бир жанга нан бышырсаң, эки жолу камыр болот. Бул бир жарым аптага араң жетет. Саар менен нан-чай, түштө этсиз үйрө аш, кеч тийме-тийме көр пиява, базар күнү гана бир тиштемден эт көрөсүң. Жеген тамагыбыз ушул. Кийген кийимибизди айтпаң. Бири-бирибизден жула качып эптеп дене жапмай. Жаз, жай, кеч күзгө чейин жылаңайлак жүрмөй. Тамандар чорт-чорт жарылып, ачышканда безилдеп ыйлап…
Ээ, атаң көрү. Атам бечара таң азандан түн жарымына чейин бир ай бою кетменин колунан түшүрө койбой тырбалаңдаса да, тапканы беш-алты сом. Ал кийим-кечек эмес, тамак-ашка жетеби, биздин дептер, калемибизге ылайык болобу? Баарыбызга бүрккөнгө жарабас. Ошондон атам арада ичип алат. Апам жаңжалдашат. Кээде экөө мыжыгышып калышат. Эркек эркек да, ошентип апам атаман тез-тез токмок жечү.
Бойго жете баштаганымда аңдаганым ушулар болду. Аяк-буякка саресеп салдым. Жетпес турмушка көңүлүм чөктү. Ичимен сыздадым. Районду башкаргандарды билбейм, колхоздун раисинин, партиялык комитетинин секретарынын (Коммунисттик партиянын колхоздогу саясий жетекчиси), бригадирлердин бала-чакаларынын кийген кийимдери, жеген-ичкендери ошол радиодон айткандай, телевизордон көргөзгөндөй адам авазы келерлик. Телегейи тегиз. Жашаган үйлөрүчү…"
Мына ушул социалдык теңсиздик сезимтал кызды катуу ойлонтот. Эмне үчүн адамдардын бири кедей, экинчиси бай, биринин үйүндө баары бар, экинчиси жалаң кара чай менен отурат. Кудай биздин пешенеибизге ушинтип жазганбы деп ойлонот. Кожураган үй-бүлө мээнетттен качпайт, бирок жашоо-турмушу оңолбой кедейлик ата-энесин биротоло бууп таштады. Байкуш кыздын башы жетпеген маселе - эмне үчүн башкарма менен парторгдун балдары жарашыктуу кийинип, курсагы ток, жанталашып колхозго деле иштешпейт, бирок жакшы жашайт, мээнеттен башы чыкпаган булардын үйүндө кээде карандай нан дагы жок болуп калат.
Ай
Ун алып кел деп берген акчаны атасы дүкөнгө барып жок кылып кызылдай мас болуп келет. Байкуш апасы кошуналардан карыз сурап тандырга нанын жабат, балдары ачка. Убакыт болсо акырын өтө берди. Кыз бой тартып жогорку класска окуп калганда бригадирдин баласы Осмон тийише баштады. Сулуу кызга ал да жагып, экөөнүн ортосунда жылуу мамиле орноду. Анан бир күнү айылдын клубунда коюлуп аткан индия киносун таштап Осмон кызды сыртка чакырды. "Карачы, ай кандай жапжарык", деди. Чын эле түн мемиреп сонун болчу. Жарыгы айылга тегиз тийген айдын алдында экөө кубалашып ойношту
"Калың, бел курчоодон келген чөптү жапыра кучакташа кулап каткырдык. Оо, бир кыйлага ошенттик. Анан… анан ал мени былк эттирбей басып алып чопулдатып өпкүлөп кирди. Кудай акы, менин оюмда эчтеке жок, эчтекени күтпөгөм. Бирок, бирок…
Таттуу даамдан кабары жок жаным жазгы көңүлдүн көксөөсүнө жетелетип эриди. Эркими тоотпогон алсыздык бүт тулкуму шалдыратты. Курактын мастыгы күч ала ал сыга кучактаган сайын эстен тангандай оюма эчтеке келбей калды.
Анан… анан. Тер сууду. Бирок ирмемчеликте алган лаззаттын өмүр бою ыйга айланарын оюма албадым. Жөн эле бир кымбат нерсемен айрылгандай туюлуп атты. Жандүйнөм бош калгандай сезилгени менен жарымдан өтө толуп аткан айды бейгам карап, чалкаман жаттым. Аттиң, арман күн, мурда Осмон артыман көлөкөдөй калбай ээрчип жүрсө, эми мен аны бура бастырбай..."
Осмон мурдагыдай сулуу кыздын жолун тороп, артынан калбай жалбарганын койгон, чоң иш кылгансып өзүн калбаат кармап, байкуш кыз анын "жүр деген жагына жүрүп, көрсөткөн жеринде селейип, каалаган маалында тооктой пырпырата баса калганына көнүп кетти". А бирок кыз күткөн баш кошуу тууралуу кеп кылбайт. Кыздын кындыйта буулган ичи болбой эле чоңоюп, сулуу жүзүн сепкил басып байкуш чын эле жүдөп кетти. Ошондой күндөрдүн биринде Осмондун шаарга жакшы кызматка которулуп кеткенин укту. Үйдөгүлөр шек-шыбаа алыша элек, апасына айтыштан тартынды, атасын аяды, кетмени жонунун түшпөгөн байкуш атасы эстүү кызы ушундай ишке барат деп ойлобогондур.
Осмон айылына келгенде ыңгайын таап жолукту, болгон ишти жашырбай айтты. Ал деле эч нерсе болбогонсуп кызды өөп-жыттап эркелетип, шаарда жакшы гинекологго алып барып, баланы боюнан алдыртып коёрун билдирди. Айткандай эле шаардан эркек түспөл шарт-шурт жүргөн бир аялга алып барып анысы баёо кызды уктатып коюп боюндагысын алып, эсине келгенде сыртка чыгарып койду. Анын айткан суук сөздөрү эмдигиче бечаранын кулагында жаңырат.
Соодагер
Шаардан ооруп келген кызын байкуш апасы төшөккө жаткырып молдо чакырып дем салдырды, атасы бирдемени сезгенби күндө ичип келип кызын акшыя карап унчукпайт. Мындан ары үйдө отуруу ага кыйын болорун ойлоп шаарга келе берди. Шаар дегени менен Эски Ноокат кичине эле айыл сымак. Оорудан кичине оңолгон кыздын ичтейи ачылып тамак жегиси келет, жайнаган коон-дарбыз, жүзүм, шабдаалыны алдына коюп чайканада чай ичип отургандардан көзү өтөт. Шилекейин жутуп акырын илкий басып тамаша кылып убакыт өткөргөндөрдөн жүзүн ала качат. Акыры жедеп айласы куруган ачка кыз дүкөндүн алдына келип жыгылып калганда гана адамдар козголуп, бул шордуунун бар экенине көңүл буруп, "Тез жардам" чакырып күйгүлтүк түшүп калышты. Көзүн ачса ооруканада жатат.
"Башымды биртке көтөрүүгө аракеттендим. Эки жакты карадым. Дагы үч аял жатыптыр катарымда. Жүрөгүм шуу этти неге жатканымды түшүнбөй. Үстүмө жабылган неме менен чүмкөнө койдум чоочуп. Ошентибатып дагы уйкуга кетиптирмин.
– Акыбалы жакшы. Ачкалыктан эле.
– Боюнан алдыргандыгы анык… Аз эле болгон го. Кан басымы аз.
– Кимдиги билиндиби?
– Жок, жанынан эчтеке табылбады. Бирөө сурап да келбеди.
– М-м… Алып чыгып кетсе болобу?
– Болот. Бирок милицияга кабарлаш керек го.
– Доктор, тим эле коюңуз. Мен үйүмө алып барам, дагы жардам керек болуп калса, сизге кабарлаймын. Анан өзүнөн сурап көрөйүнчү.
Үнү майин, жумшак чыккан аялдын врач менен акырын сүйлөшүп жатканынан ойгонуп, көзүмдү ачпай сөз мен жөнүндө жүрүп жатканын түшүндүм. Эрдимди бекем тиштеген бойдон ыйладым. Ийиндерим солкулдады. өтө жумшак алакан маңдайымды сылады. Апамын колу эмес болсо да, эреркеп кеттим.
Ошентип алиги дубалына мен жөлөнүп туруп жыгылган дүкөндүн ээси Даткайымдын үйүндө жашап калдым. Болгон сырымды айттым ыйлап отуруп. Ал үйрүлүп, кагылып бооруна тартты. Бир сыйра жеңил кийиндирди. Чыт-чубур болгону менен, андайларды мурда ийиним көргөн эмес. Кандайдыр башка дүйнөгө киргендей болуп, төбөм көккө жеткидей кубандым".
Кыздын жашоо-турмушунда жаңы барак ачылды, соодагерчиликтин аркасы менен байыган кыйды аялдын колуна түштү. Ал назик немени жуунтуп-тарантып, жакшы кийинтип дүкөнүнө алып келип иштейсиң деп отургузуп койду. Жаңы жумушу кир, чыбашкан сасык тамеки эмес, таза, акчасы дурус экен. Анысына көнүп жакшы иштеп атканда бир күнү дүкөндүн ээси калтырап-титиреп кирип келбеспи, кассадагы акчасы уурдалыптыр. Таңгакталган беш сомдуктар кыздын илип койгон кийиминин чөнтөгүнөн чыгып калбаспы. Байкуштун жалынып-жалбарганына, ыйлаганына эч ким ишенбей, дүкөн ээси акт түзүп салды. Көрсө мунусу баёо кызды колго түшүрүүнүн амалы экен.
Акча
Ууру атка конгон бечара кызды соодагер аял үйүнө алып барып алдап ичимдик ичирип, анан таасирдүү бир кишинин койнуна салып берерин анда кайдан билсин. Эс-мас кызга эртеси эжеси таңгакталган беш сомдуктарды алдына ыргытканда аны караганга да шайманы келбеди. Буга чейин кыздын ачуу тагдырын ыйлап отуруп уккан эжесинин: "Бир баланы ыргытып жиберген катынсың. Бактың бар экен, райондун бакубат кишисине туш келдиң. Ме, муну сага таштап кетти" деп оңор эмес акчаны колуна карматканда эмне дээрин билбей унчукпай тим болду.
Ошондон кийинки турмушу чын эле суудай акты. Эми ал акчалуу эркектерди азгырган аягы суюк сулууга айланды. Акча үчүн эчен айла-амалды жасай турган болду. Эркексиз жашоосу түгөнүп калчудай көзү тунарып, өзүн коёрго жер таппай, шаштысы кеткеничи. Туура, өзү айткандай, бул – оору. Акылга баш ийбеген кумарлануунун азгырыгы.
Байкуш кызды кабатыр кылган нерсе жокчулук дагыле кетпечүдөй, акчадан козу каткан байкуш эч жийиркенбей, болушунча алдап, азгырып акча кылып калуунун ыгын тапчу болду. Кызынын жашоо-тирдигинин чет-бучкагын угуп калган атасы да капаланып жүрүп бул дүйнөдөн эрте эле өтүп кетти, апасы оорулуу. Чиедей жаш балдарды ал "төшөктөн" тапкан "маңдай тер" акчасы менен багып эрезеге жеткирди, инилерин үйлөндүрдү, сиңдилерин күйөөгө берди. Акчасы көбөйүп, аны-муну билип калганда райкомдун кабылдамасында катчы болуп отуруп көп нерселерди түшүндү, бу байлык менен бийлик бири-бирине аябай чапталып калганын аңдады.
Кез-кез чоңдор жогортон келген кадырлуу меймандарын тосушат. Ал жерде дүйүм тамак, арак-шарап, анан сулуу кыздар сөзсүз болот. Анан ошондой кечтердин биринде кызматтан көтөрүлүп кеткен Осмонду көрбөдүбү. Борбордон келген чоңдун орун басары экен. Кыз башынан өткөргөн азап-тозокторун бир сыйра көз алдынан өткөрүп, ыңгайын таап мас болуп калган Осмондон өч алуунун аргасын издеди. Кыздын кыйды амалын ким билиптир, чоңунун койнунда жаткан сулууга кол салган Осмонду чогуу келгендер жабыла тепкилеп, тиги байкуш кыймылсыз жатып калганда гана күшүлдөп-бышылдап токтолушту. Токмоктон оңоло албай каза болгон Осмонду автокырсыктан набыт болду деп коюшту.
Кандуу окуядан кийин деле анын сулуулуктан акча табуусу токтолбоду. Бир жолу үйүнө барса кан-сөлү качкан иниси эшик алдында эжесинин жолун тосуп калды. Арамдан тапкан дүйнөсүн куттуу үйгө алып келбесин эскертип кумсарып турду. Ким билет, эстүү келини чыга калбаса өзүн жоготуп койгон курч неме балтаны эжесине шилтеп ийиши деле мүмкүн болчу.
Анын "Бузулуктан тапкан дүнүйөңдү" деген сөзү селейип катып калган эжесинин эсинен эмдигиче чыкпай жүрөт. Бул сөз аны эчен ирет уйкудан ойготуп, эстеген сайын кара терге чөмүлүп кыйналары ошол маалда эсине келбептир.
Шерине