Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:18

Кайып кыз уулун таап алды


Тагдыр жолу аны канча ирет калчады, катаал сыноолорго кабылтты. Анын баарына чөкпөдү, басынып калбады, кысталыштан кыйналбай жол таап чыгып кетчү. Акыры издеген аялын тапты, карышкырлардын курчоосунда калган жары акыл-эсинен ажырап, башынан өткөндү унутуп коюптур.

Жазуучу Илгиз Талиптин "Кайып кыз" аңгемесинде сүрөттөлгөн чиеш заманга кайрылабыз.

Карагай жыгуу

Жангир сүйүп алган жарынын өлүү-тирүүсүн билбей эчен жылын сары санаа менен өткөрдү. Каптап келген карышкырларга мен эле жем болоюн деген аялын таштап кетпей, ошол жерде кашык каны калганча кармашса болмок экен. Минтип оор санаага басылбай өлсө өлүп, өлбөсө башты бийик көтөрүп ачык жүрмөк. Анын жолдо ооруп калган аялын бир үйгө таштап кеткени тууралуу жомогуна өзүнөн башка эч ким ишенбесе деле керек.

Адам өмүрү тыйынга арзыбаган заманда кайсы бир болуштун баласынын катыны табышмактуу жоголушуна ким башын оорутмак. Сталиндик апаат азаймак тургай көнүмүш ишке айланып калган чакта батышта кандуу согуш башталбадыбы. Аскерге саясый жат элементтер, кечээги "эл душмандары" деле керек экен, биринчилерден болуп аны согушка албадыбы. Жангирдин атасы Момуналы болуш ат жалын тартып ээрге отургандан тарта бийлик башында жүргөнү калппы, болгон баары. Акылдуу киши да Момуналы, заман ырайын көрүп, балдарына "бир кесип үйрөнүп алгыла, билимдүү киши жерде калбайт, оозачайын жаңы бийлик кедейлерди гана сүрөйт экен" деп байбичесин үйүндө кызмат кылган алысыраак тууганына берип, балдарынын баарын ошонун атына жаздыртып койгон.

Ошондон көп өтпөй атасы өлүп, Жангир тагалары жакка ооду, айылдан кыйла окчун кенен тайпаңды өздөштүрүп бак отургузду. Жаш көчөттөрдү аралатып сепкен арпасы менен бедеси жакшы болуп, азыноолок мал топтоп алды. Жашоо-тирдиги кенелип калганда инилерин калтырып Ташкенге окууга кетти. Чоң шаардан жер боюнча адистин кагазын алып келди. Билимдүүлөр каат кезде жакшы кызматта иштеп жүргөндө ыраматылык атасынын айткан сөзүн эстеп Сооронкул болуштун кызын алды.

Чынжырлуу болуштун да иши жүрбөй, эскинин өкүлү делинип Орунборго чейин сүргүнгө айдалып, беш-алты жыл чоочун жерде күн кечирип, дагы жакшы жерине кайтып каза болгон. Баштагы байлык, бийлик жок, Жангир ала турган колуктусуна айдап калың бербей, жупуну той өткөрүп, Арзыгүлдү шаарга алып кетти. Бактысына алган жары, акылдуу, боорукер, билерман чыкты. Болуштун балдарынын жаңы замандагы жашоо-тирдиги дурус дегидей өтүп атканда кеңеш кызматкерлерин репрессиялоо, саясый куугунтук деген балээси чыкты.


"Ыңкылаптын тегирмени улам күч ала чимирилип, өлкө жарандарын ак-карасына карабай эле кайсап жатты. Тап күрөшү деген саясий тууну көтөргөнү менен бул жазыксыз болсо да "Душман тап!" деген өнөктүк эле. Мындан ичи кара, арамза малгундар куп пайдаланышкан. Ошол 30-жылдары Ата Мекен деген ак жүрөк атуулдардын өмүрүнө балта чапкан "тоголок арыз" бетпактык куралга айланган. Ага-ини касташкан, баласы атасын саткан, арамзалар арууларды аксаткан бир кайырсыз заман болду. Адамдар эртеңкиси кандай болорун, кандай каргаша күтөрүн билбей калтаарыган абалда жашады. Өзү укук коргоо жаатындагы органдар менен тыгыз кызматташтык кылып, алардын күндөлүк иштеринен кабардар болуп турганы менен Жангирдин жан дүйнө түпкүрүндө түпөйүл ойлор куюндай берчү".

Бекеринен кооптонбоптур, "эл душманы" каргысы ага илинери дайын болуп калган чакта түн катып аялын үйүнө жөнөттү. Бир үйүң күйгүр анын Момунаалы болуштун баласы экенин, Ормокойдун фамилиясын гана алганын керектүү жерге жеткириптир. Болуштун кызын алганын, мурунку заманда дөөлөттүүлөр гана минчү сур жоргону колунан чыгарбай жүргөнүн, "Алаш ордочуларга" кошулуп, пантүркчүл идеяларды колдорун – болбогондун баарын тизмектеп бериптир. Бу байкуш ал айткандардын бири менен иши жок, жалаң иш деп чуркап жүргөнүн айтпаптыр.

Түрмөнүн сыз, сасык камерасында отурганда ойлогону жакындары болду, инилеримди камап салабы деп кооптонду, жалгыз уулу менен жаш жарын сагынды. Күн-түн дебей, кыска-узак дебей түрмө ичинде суракка чакыруулар башталды. Тергөөчүлөрдүн токмогун, адамды айбан кейпине келтирип койгон мыкаачылыктарын башынан кечирди, тигилердин бир кыл айып, доолорун моюнга албай, кол кой деген кагаздарына колун койбоду. Өлүп калсам да калпка кол койбойм деп тиштенип жүрүп, таяк жеп, онтоп жатканда да жалган жалааны моюнга албады. Ким билет, бул азап узакка созулса өлүп деле калары ыктымал эле. Анан бир күнү "үчилтиктин" өкүмү менен 15 жылга соттолгонун укканда ичинен сүйүндү, атып салышат деп тирүүлүктөн үмүтү үзүлүп калган.


Анан кийинки өмүрү алты айы сөөк какшаткан суук, ошончо убактысы чиркей менен канталанын казабына кабылган, кантсе да сасык камера эмес, кызыл карагай токой ичиндеги жыгач барак үйдө өттү. Бу аяк-башы көрүнбөгөн чылк токой Сибирдеги эмгек түзөтүү лагерине жеткиче жолдо эле канча бейкүнөө адамдар набыт болду. Ажалы жеткен эмес экен Жангирдин лагердеги турмушу башталды. Ал жердин суугунан да абактагыларга берчү тамагы начар экен. Шылдыраган суу менен бир кесим кара нан оор жумуштагы бечараларды бир четтен жыгып, боо түшүп кырылып, өлгөндөрдүн ордуна жаңысын алып келишип, тирүү сөлөкөттөрдүн акырын кыбырап карагай кыркып атышканын көрүп Жангирдин шаабайы сууду.

Бирок анын кандай кыйынчылык болсо да жол таап кетчү зирек акылы лагердин башчысына алып келди. Дембе-дем тарткан тамекиден сапсары муруттары ышталып, күн сайын ичилчү самогондон биротоло шалдырап, өзүнө да, башкаларга да кайдыгер карап калган лагер ачендигин сөзгө ынандырып, сунушуна көндүрдү. Анын сунушу жөпжөнөкөй, колдон келчү иш эле. Кыйылган карагайлардын жоон бутактарынан отун даярдап, аны жакынкы айылдардагы элдин малына айырбаштап, биртоп уй, чочко, коён багып алышса эт, сүт маселеси чечилмек. Күн жылыганда сабиз, пияз, капуста, сарымсак эгип алышса дагы жакшы болмок.

"Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң" дегендей лагердеги күн тыным, түн уйкуну алган түйшүктүү жылдар кандай өткөнү да анча билине бербеди. Анда алтын баштын амандыгы, акыры акталып, азаттыкка чыгуу асыл мүдөөсү жан дүйнөнү жарык кылып турган. Анүстүнө башкаларга да шарапаты тийген ак иштер жасалып жатса, адамдын дилинде каниет алуу жаралат эмеспи. "Лагбондун" абак турмушун жакшыртуу жаатындагы аракеттери бул Совет мамлекетин чыңдоого кошкон баалуу салым катары каралып, анын мүчөлөрүнө мунапыс берүү чечими жаза өтөө башкармалыгына жиберилген эле. Жогорку орган чечимди мыйзамдуу деп таап, биринчи кезекте бригада башчысы Жангирдин жаза мөөнөтүн он жылга кыскартты".

Карышкыр үйүрү

Ошентип он беш жылга соттолгон Жангир беш жылдан кийин айылына кайтты. Лагердин тамак-аш маселесин чечип бергени үчүн ыш мурут ачендик анын колуна мээнетиңин акысы деп бир тутам акча карматкан. Айылына келип, туугандарына деген сагынычын жазып, төркүндөрүнун арасында турган аялына жөнөдү. Эңсеген Арзыгүлү менен уулун көрүп, кайын-журтунда бир күн туруп кайра жолдо келатканда күтүлбөгөн капыс апаатка жолукпадыбы. Күндүз жалгыз-жарым кииши жүрбөгөн ээн чөлдө бейкапар келатышканда карышкырлардын үйүрү жолун тороп калды.

Жангир аялына "атты минип баланы алып кач, бу кашабаңдар менен өзүм кармашайын, Жараткан ушундай тагдыр жазса кантейин" деп оозун жыйгыча Арзыгүлү: "Мен өзүндү аман-эсен бир көрүп, анан өлсөм армансыз болор элем деп тилегем. Кудай ошого жеткирди. Балакайды эрезеге сен жеткир, таянар тоосу бол, акыреттен көрүшөбүз" деп, аттан секирип түшүп атпайбы. Ажалдан жүрөгү түшкөн ат аркырап жүрүп бергенде аялынын отура калганын, ажалга тик караган бөрүлөр сур жоргонун жолун бошото бергенин бир билет.

Айылга жеткенден кийин туугандардын "жеңем кана" дегенине Жангир калп айтты, чырактай асылын карышкырларга салып берип уулун алып качып баса бергенин жашырып койду. Арзыгүлдү табы айнып атка жүрө албай калганда жолдогу бир үйгө таштап келе бердим деп, эртеси шойкумдуу жерге жалгыз өзү келди. Байкушумдун сөөгү же кийим-кечесинен калгандыр, ошону болсо да чогултуп жерге берип келейин деп келген. Алыстан көздөгөн жеринде карга-кузгун үйүлүп калганын көрдү, көзүң жамандыкты көрбөсүн деп коркуп келсе, шойкумдуу жерде карышкырлардын мүлжүнгөн сөөктөрү гана жатат. Кийимдери калды бекен деп жан-жака белин шашпай издеди, шектүү эч нерсе көрүнбөйт. Дайынсыз жоголуп кеткен аялын Жангир кийин да тымызын издеди, бирок дайыны чыкпады. Арзыгүл дарек-дайынсыз жоголду. Көп өтпөй согуш башталды. Жоголгон аял унутулду, согуштан аман келген Жангир аялынын табыларынан үмүтү үзүлүп калган.


Ажал кээде апачык тооруп, бирок өлүм капканын бошотуп коёрун Арзыгүл өз башынан өткөрдү. Карышкырлар качан келип тиш салар экен деп ажалдын курчоосунда калган келиндин чачтары агарып, бул дүйнөдөн көргөн жакшылык-жамандыктары заматта эсине түшүп, акыркы мүнөттөрүн күтүп турганда бирөөлөрдүн кыйкырык-чуусу, тегеректеп бирок тиш салбай турган кашабаңдардын тополоңун тос кылып, тирүү же өлүүсүн билбей акыл-эсин жоготуп койгон ак чач келинди карылуу бирөө отурган ордунан эңип алдына отургузганын, топ карышкырды атып-чаап өлтүргөн кызуу жигиттер кызыл жаян болушуп айылына келишкенин, тагдыр жолу аны таптакыр башка үйгө отургузуп койгонун деле билбейт.

Сүйлөбөгөн ак чач келинди карышкырларды чапкан жигиттердин балбаны Андаш жактырып, арадан кыйла убакыт өтүп оорулуу бечара азыраак басып-туруп калганда үйлөнүп алганы деле эсинде жок. Иши кылып, Арзыгүл аты өчүп айылдагылар "кайып кыз" аты менен таанылган шордуунун өмүрү түш сыяктуу, уйку менен соонун ортосунда өтүп калган. Табият ага карамакпы, Андаш балбандын жарым эс аялы ал согушка кеткенден көп өтпөй кыз төрөгөн, кайненеси чырактай небересинин атын өзү койгон, Айзирек кыздын таржымалы ушундай.

Тагдыр жолуктурам десе жолуктуруп, кошом десе кошуп коёт экен. Жангир согуштан кайтпай калган инисинин уулу менен аялын, өзүнүн уулун алып Ынтымак совхозуна көчүп келген. Мындан кийинки өмүрүн жалгыз уулуна жөлөк болуп, балдарга акыл кошуп жөн-жай турмуш өткөрүүнү көздөп калган. Эмгек лагеринен кийин чоң бийликти ойлобой, анын үстүнө жашы өйдөлөгөнү баштагы деми жок отуруп калган. Уулу мектепке барат, өзү пахта совхозунда кечке жумуш менен алек. Мектептегилерди Жангирдин уулу менен Арзыгүлдүн кызынын куюп койгондой окшоштугу таң калтырып, аны билгендей экөөнүн ынтымагы капыс окуяга себепчи болбодубу.

"Бир күнү секелек сурады:
- Аке, сенин апаң барбы?
- Жок, - деди Бактыяр.
- Кантип жок, ал эмне болгон? -
кыз такып сурайт.
- Билбейм, атам менен узак жолдо келатып, табы айныгандан бир абышка-кемпирдин алачыгына таштап кетет. Эртеси алып келгени барса, алачык да жок, апам да жок болуп чыгат. Ошентип апасыз калгам...
- Ой, аке, анда менин апамды апа кылып алыңыз, анан чын эле акем болуп каласыз.
- Мен го макул болгон менен апаң эмне дейт, менин атам эмне дейт? Бул улуулардын иши!
- Алар бизди аяшат, тилибизге көнөт! Мен апама айтам, - кыз өз сөзүнөн кайткысы жок...

Балакайлардын бул баарлашуусунан көп өтпөй эле пахта териминен кайтып келаткан энеси кызын көргөнү мектепке кайрыла калды. Эркетайы өз окуусу, жашоосу тууралуу божурап жатканда тели-теңтуштары менен оюн курганы чыккан Бактыяр көрүндү.

- Апа, деди Айзирек, - баягыда мен айткан акем тетиги бала. Мен чакырып келейин! - Ай, кой дегиче болбой улактай ойт берип жөнөдү. Кыз жетелеп келген өспүрүм адеп менен жылуу учурашты. Ак сүтүн берип, арзып тапкан перзенти маңдайында турганын жүрөгү сезген менен өткөнү дале тумандуу дүйнө болуп турду. Баланы башынан сылап:

- Атың ким, кагылайын? - деп сурады эне.
- Бактыяр.
- Атаңдын аты ким?
- Жангир".


Арзыгүлдүн акыл-эсин эчен жыл коюу туман болуп каптаган качанкы бир элестер кайрылып келди окшойт. Аял чочугандай "Жангир" деп кыйкырып, анан капыс оюна түшкөн адамдардын аттарын санай баштады. Бактыяр билген айылдаштарын атап жатат, аң-таң болгон баланын "булардын баарын билген сиз кимсиз?" деген суроосуна тигил аял таң кала карап, "мен сенин энең Арзыгүл экенимди эми гана, эс-акылым ордуна келгенде гана билип отурбаймынбы!" деди акырын.

Эсине ээн талаа, ач карышкырлардын курчоосунда калганы түштү. Шарт келип жара тартчудай жулунган жырткычтардын курчоосунда ал акыл-эсинен ажырап, капкара чачы заматта куудай болуп агарып, анысын айылдагылар кайыптыкка жоруп, тирүүлөр катарынан чыгарып коюшканы азыр эсине түштү.

Бактыярдын ал күнкү кубанычында чек жок болчу, жарым эс болсо да апасы, сүйүнүчүн атасына жеткиргени ашыгып баратты.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG