Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Кытайда калган кыргыздын татым тузу


Туз.
Туз.

Туулган жеринен качып барып бөтөн жерде күн кечирген чалдын кусасын сөз менен айтып бериш өтө кыйын. Кытайда калган Келгинбайдын башынан кандай оор сыноолор өттү, татым тузду көргөндө тууган жерин эстеп, көңүлү жайланып калчу.

Тагдыр соккусу мусапырды түк аябады, аялынан ажырагандан кийин карманган жалгыз уулун абакка алып кетишти, аңдыган ажал акыры аны да жыкты. Аман Саспаевдин "Татым туз" аңгемесин ушул тууралуу.

Жалгыз там

Үйөздүк шаардан кыйла алыс адыр боорлоп кеткен ээн жердеги төрт түтүн уйгурдун эски тамдарынын четинде жалгыз түтүн кыргыз жашачу. Бул жердегилердин айтуусунда, келгин кыргыз бир кезде качкын болуп ушул жерде турук алып туугандары кайтканда келте оорусуна кабылып кете албай калыптыр.

Жол жүрө албаган күйөөсүн зайыбы Оймокчон караганы калганда жолго чыгып аткан туугандары дуу бата беришиптир. Бир убакта сакалы ылдый жашын куюлтуп кайнатасы соңку өтүнүчүн айткан экен:

"Жар дүйнөдө көргөн жалгыз балам эле, ал сага аманат! Маа топурак өз эл, өз жерден буюрсун. Карып калган кезимде кудай элден ажыратпасын. Мемиремди энеңдин этегине салып бер, балам, жыттап жүрөйүн…

Оймокчон эмчектеги баласын кайненесине карматып, көз жашын элден жашырынып сыкты.


– Мобу түйүнчөктү катып кой, – деп тапшырды кайнатасы акыркы жолу, – кокус ары бурулуп кетсе, сууга эзип оозуна тамыз. Айыгып мал болучу болсо, колуна бер.

Сүрдүккөн кыргыздар жөө-жалаң мекенине сапар чегишти. Өңү көгүлтүр тартып, эрди кеберсип, чыңалып онтогон Келгинбай жан күйөөрү жалгыз Оймокчондун колунда калды. Оймокчон жанын сабап, сыркоолуу күйөөсүн тегеренди...

Койгулт көзүнөн жаш мөлтүлдөп, күйөөсүнүн башын кучактап, далай түндөр уктабады. Алектүү күндөр өтө берди...

Чачы жылма түшүп, жаак эти шылына баштаганда Келгинбай эсин жыйды. Күнүнө бир чайдоос кайнаган суу ичип, тамыры тышына тепкен ичке манжаларын карап коюп, төшөктө узак жатып калды. Оорунун зардабы абыдан арылып тамакка зооку соккончо эки ай өттү. Ал абыдан айыгып, элине кетмекчи болгондо өтө кеч болуп калган эле. Чек ара бекиди. Келгинбай мыйзамга баш ийди да ушул суу айрыгына төрт тамдын башын курап, аргасыз узак жылдар жашап калды".

Ошентип мусапыр үй-бүлө эл катары күнүн көрүп, желкеден баскан жокчулукка деле кайыл болуп акыры тууган жерибизге кетебиз деп жүрүштү. Ортодон отуз жылга жуук убакыт учуп, Келгинбай абышка болуп калганда эл арасында келте оорусу жайылды. Бир жагынан гоминдандык бийликтин эзүүсү, экинчи жагынан ач-жылаңач калк анда да азапты аябай тартты, өлүм-житим көбөйдү.


Келгинбай менен бир ууч уйгурлар жашаган айылдын четиндеги боз дөбөлөр мүрзөгө айланып, күн сайын сөөк койгондор арбыды. Кайгы деле күн сайын болуп турса катып калат окшойт, бири-бирине көңүл айтмай, куран окутмайлар ошондо жоголуп кеткен.

Келте Келгинбайдын кемпири Оймокчонду жалмап жолго түштү. Шордуу чал кемпирин шейшебине ороп көмдү. Ошону менен оор турмуш жолун чогуу тарткан жакын адамынан ажырап, аялынын мүрзөсүн армандуу тиктеп кыйлага отурду. Калк башына каранкүн түшүп, бейиштей кооз жерин таштап, бул жерге азап-тозок менен келгени, анан туугандары жол ачылганда жабылып кайра Көлгө кетишкени, өлөт деген күйөөсүн ажалдын оозунан сууруп алган байкуш байбичесинин минтип карыганда кетип калышы зээнин кейитти.

Экөөнүн арман менен сагынычка толгон жашоосуна өң берип турган ушул жары болчу. Пенде баласы түбөлүк жайын тапкан тынч жайда отуруп ал көп нерселерди эстеди. Жан шеригин ойлогон сайын арманы күчөп, мындан аркы өмүрү кандай өтөрүн элестете албай отурду. "Чындыгында ал жалгыз кемпири менен гана эмес, турмуштун жылуу койну менен да коштошуп жаткан эле".

Чалдын арманы үйгө келгенден кийин кайра күчөдү. Кемпири урунган буюм-тайымды, кийим-кечегин көрүп ичинен сыздады. Эмнеге абышкасын таштап бу чунак кемпир ооруну шылтоо кылып боз топурак жазданып жатып алды? Анчалык болгондон кийин чалын мурдараак кетирсе жакшы болмок. Ушул суук үйдө өзүнөн башка эч ким болбосун эстегенде күйүткө баткан кары боздоп ийди.


"– Оо, кудурет, тарт аманатыңды! Эми кор кыла көрбө! – чал көзүнүн жашын сакалынан куюлтуп, ээн үйдө узак ыйлады.

Ботосу өлгөн каймал гана ушундай боздомок. Эгер кишилерде үмүт деген нерсе жок болсо, анда бойго эч кандай кайрат бүтмөк эмес. Өмүр өзүнүн канчалык кайгы-касиретин берип койсо да үмүт менен убакыт алдында алар ар качан дармансыз.

Келгинбай чал өзөгүн өрттөгөн дартты көз жашы менен жууп кетиргенсиди. Аздап бою сергип, эс токтотуп өзүн өзү жубатты. Өзүнө өзү көңүл айтып, кайрат берди. Ар кандай бакытсыз кишилер да өзүнүн тиричилиги жөнүндө ойлонбой койбойт эмеспи. Келгинбай чал да болумсуз оокатына көз кырын салды. Үй ичиндеги чачылган бирдемелерди жыйнап, эски куржунга шыкап таштады. Анан дагы бирдемелерди иштемиш болду. Үй ичин жыйнаган соң жаман талпагына жайланып отурду да, чөнтөгүнөн кичине түйүнчөк алып чыгып, чебердеп чече баштады.

Түйүнчөк ичинде бармактай туз бар эле. Келгинбай тузду алаканына салып, бир нече ирет тилин тийгизип, өтө бир шербеттүү даам таткандай туздуу шилекейин кумарлана жутту. Эчен кыйын кыстоо көргөн учурларда ушул бармактай тузду жалап медет таап, кам көңүлүн жооткото алган да. Өз жеринин бир татым тузу Келгинбай чалдын өмүрлүк колдоочусу, үмүт менен ишеним берүүчүсү, сагынуу менен кусадарлыктын таркатуучусу болуп калган..."

Жалгыз уулу

Арман дүйнө ушундай экен, жөө-жалаңдап туугандары Оймокчондун колундагы баласын алып ата конушка жөнөп кеткенден кийин экөөлөп эки уул, бир кыз көрүшкөн. Анын экөө кичинекейинде чарчап, чалдын жалгыз уулу калган. Ошол жалгызы Эшбол үйөздүк шаардан билим алып мугалим болуп иштеп аткан. Анда кемпири тирүү, бир түнү капарсыз отурушканда гоминдандык полиция уулун кармап, колун артка кайрып, түрмөсүнө алып кеткен. Билимдүү деген уулу мектепте деле тыңчылар болорун эске албай, алыскы Ата Мекени тууралуу балдарга жобурап койгон окшойт. Ошонусу бийликтегилерге жеткен шекилдүү, жаш мугалимди түндөсү үйүнөн чыгарбай кармап алып кетишкен. Тар үйдүн бир бурчун ээлеген китептерин, кагаздарынын бирин койбой чогултуп, кандай ыкчам келсе ошондой тездик менен түнгө сиңишкен.


Ал кезде бийлик майда улуттарга мугалимдикти гана ыраа көрчү. Кытайлар майда улуттардын тилин билбейт, жергиликтүү элдин кат-сабатын арасынан чыккан билимдүүлөр жоюшчу. Бир жаман жери, колу артына байланып түрмөгө кеткендердин көбү артына кайтышчу эмес. Уулунун мойнуна түшкөн апааттан ушул туз гана сакташы мүмкүн деген Келгинбай татым тузду издеп калды:

"– Кой, муун-жүүнү бош кудай ургур десе, амандыгын тиле анын. Келе баякы түйүнчөгүң кайда? Туздан улук эч нерсе жок. Туз-даам буйруп кайра келгиси бардыр, – Келгинбай чал жашын сакалынан куюлтуп туруп сүйлөнүп коё берди. Бирок түйүнчөгүн купуя жеринен өзү туруп барып алды.

– Эшен, – деди чал колу калтырап, – мына бул туздан бир кемирип алып, татып жүрчү. Ата-бабабыздын мууну ушул туз менен каткан. Өз жериңдин тузу!

Ушул сөздөр оозунан чыккандан кийин чалдын ач көңүлү да ток боло түштү. Чыны менен эле касиеттүү туз Эшболду кайда жүрсө да колдоп, кайра алып келүүчүдөй сезилди. Эшбол ажырашар алдында атасынын эски ишениминен аттап кеткиси келбеди. Тузду колуна алган соң четинен бир кетип алып, оозунда калган күбүнчүгүн тилине салды да жутуп койду.

Шордуу эненин колу алиде Эшболдун мойнунда болуучу, ал ыйлап турган энесин өзүнөн алыстатып, жашын алаканы менен аарчыды да гоминданчылардын алдына түштү. Бутун зордой шилтеп босогодон аттады.


Үй ичинен боздогон үндөр кыйлага угулуп турду. Ошондон бир жыл өтүп эле уезддик жер көлөмү менен жугумтал келте дартына кирептер болду. Мына эми курган Келгинбай боорукер кемпири Оймокчонду келте дартына берип салып, аңгыраган үйүндө жалгыз өзү калды".

Кайгы менен кубаныч кошоктошуп жүрөт деген чын белем. Эшболду кармап кеткенден көп өтпөй Келгинбай байбичесинен ажырап, башына каранкүн түшүп турган күндөрдүн биринде Кытайда өзгөрүү башталды. Гоминданчыларга каршы коммунисттердин каршылык кыймылы күчөдү. Көпчүлүктүн жаалын токтотуш кыйын. Гоминдан бийлиги карапайым калкка ок атпай, улуттук аскерлер түзүлүп, тез эле Алтай, Тарбагатай аймактары бошотулуп, куралдуу каршылык жалпы өлкөгө жайылды. Бул 1945-жылдын башы эле.

Башкалардын аны менен, анын башкалар менен иши болбой суз өтүп жаткан күндөрдүн биринде үйүнө аскер кийимчен бирөө шып кирип келбеспи. Бейтааныш аскер Эшболдун сүрөтүн алып келиптир. Эшболу гоминданчылар менен урушуп жүргөн комиссар экенин, сүрөттү ата-энесине деп атайын жибергенин айтты.

Жашоодон үмүтү үзүлүп көңүлсүз күндөр өтүп жатты эле, бейтааныш жигит чалдын маанайын көтөрүп, ишенимин ойготуп кетти. Шашылып келип, шашылыш кеткен аскерге токочтон ооз тийгизип, анын кирген жеринен туз-даам татканына ыраазы болуп ал күнү өзүнчө эле сүйүнүп, топук кылып отурду.

"Бирок баласынын көөнүн улап, кемпири жөнүндө ооз ачпады. "Ата-энең аман-соо экен дегин жалгызыма..."

Анан жоокерди узата чыкты. "Оо, касиеттүү жеримдин тузу, Эшенимди колдоп тирүү сактаган тура! Өлгөнүм тирилип, өчкөнүм жанганы чын болсо экен! Оо, касиеттүү жеримдин тузу, эми жалгызымды кесептердин огунан сактай гөр! Маңдайдакы жылдызым тууп, шордуу абышканын башындакы кайгы менен касиретти арылтары ырас болду бекен? Көп жылдык өмүрдүн кордукта өткөн күндөрү унутулар бекен? Оо, өз жеримдин тузу, эми жалгызымы өз элине аман-эсен кошо гөр", – деп байкуш абышка жалгыз үйдө курун мойнуна чалып, эки колу менен жакасын муунта кармап, узак күнгүрөндү..."


Убакыт болсо билинбей өтө берди. Уулунан кабар алып кыйла кайраттанып калган карынын белин мертинткен окуя ошол жылы болуп өттү. Жынхыдагы урушта жалгызынын окко учканын угузушту.

"Шордуу чал баласы жөнүндөгү шум кабарды укканда эсинен танып, кулап түштү. Кошунасы суу бүркүп эсине келтиргенде, адам көргүсүз түргө кирип, алдастап ордунан тура калды.

– Жалгызым, кулунум! – чыңырып жиберип кайра кулады чал.

Жанында тургандар көз жашын булап, шору арылбаган пенденин касиретине орток болду. Узак жылдар кайгы менен кападан кажыган абышка бир күн ичинде эле алжып чыга келди. Буурул чачы агарып, жаак эти соолуп, мурдагыдан бетер төшөктө томолонуп калды.

Багаар-көрөөрүнөн айрылып, кайгы баскан кары кишинин көргөн күнү курусун! Эртеси уйгур кошунасы мусапыр чалды өз үйүнө киргизип алып, тамдын оң жак капшытынан орун берди. Көрөөрү бүтүп, көмөрү калган абышканын тиричилигине боору оорубаган киши калган жок. Келгинбай бирде соо болсо, бирде алжып сүйлөдү. Бирок татым туз түйүлгөн түйүнчөгүн колунан түшүргөн жок".

Карынын белин мертинткен суук кабардан кийин анын оозунан Ысык-Көл, бир татым туз түшпөй, Эшболу экөө тууган жерине кетип жатканын кобурап жатып үч күндөн кийин жалаң сөөк менен тарамышы гана калган шордуу бул жалганды таштап кеткенин кошунасы көрүп, сөөктү кармаган соопкерлер "чалдын оозунда өз жеринин татым тузу" калганын айтышты. Чоочун жердеги мусапыр жашоонун узакка созулган кайгылуу баяны ушундай.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG