Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:28

Абак азабын тарткан атеист жазуучу


Колыма.
Колыма.

Сталиндик репрессиянын азап-шорун көп тарткан жазуучу Варлам Шаламов өкүмзор бийлик системасынын кандай экенин "Колыма аңгемелеринде" кемелине келтирип ачып берген. Бул ирет чынчыл сүрөткердин ошол жыйнакка кирген  "Жаан" аңгемесине токтолобуз.

Чуңкур

"Жаан" аңгемеси - аты эле айтып тургандай, Колымадан күн сайын болбосо да такай төгүлүп турчу нымдуу, суук аймактагы абактагылардын жашоо-турмушунун бир учурун чагылдырган чыгарма. Абактагылар жаанга карабай үч күндөн бери таштак жерди казуу менен алектенип атышкан. Топ-топко бөлүнгөн адамдар бирден чуңкур казышы керек, анысы жарым метрден ары тереңдебей азабын аябай жешти. Тоңгон музга жетише элек, кол жоруткан лом менен керкини усталар курчутуп беришет. Усталар бул ирет ишти кармабай, баары тынбаган жамгырга өчөгүшүп күжүлдөп иштеп жатышты. Жамгыр да эрегишип алды окшойт, үч күндөн бери күндүн кабагы салынып төгүп эле жатат. Булардын бригадасы жаанга калып көжөлүп иштеп жатышты, коңшулар алда качан ишин жыйыштырып жолго түшкөн. Аларга эч ким атаандаша албайт, каалаганда иштешет, лагерде аларды "дөөлөттүүлөр" деп коюшчу, колдоочуң болсо ошондойсуң.

Он башы - төбөсү чөкчөйгөн жаан өтпөс брезент плащчан чоң бул жерге кээде гана келет. Башчыларга эмне, жаан жаамактан таш жаасын, камактагылар иштесин деп, көзөмөлчүлөрүн жөнөтүп коюшуп жаны тынч кургак жерде отурушат. Алар абактагыларды сууктан калтырап тургуча лом, керки менен таштуу жерди ургулап турса жылып кетишет деп ойлойт окшобойбу, ысык-суукка карабай басууга жарагандардын баарын жумушка айдашчу. Качан көрсөң он башы аткарылган ишке нааразы болчу, муунак сызык жыгач өлчөгүчүн чуңкурга тыгып, кабагын чытып жүрөт. Жасоолдор козу карын түспөл жаан калкалагычтын алдында туруп иштеп аткандардан көз алышпайт. Абактагылардын жектегени - керелден-кечке токтолбогон кара жумуш, тоңголок таштуу жерди тоңкулдатып казыш.

Бир калыптагы тажатма жумуш каармандын көкөйүнө көк таштай тийип бүткөн болчу.

“Биз чуңкур казылып аткан жерден басып кете алчу эмеспиз – андайды ойлонбой туруп эле атып салышат. Казылып жаткан чуңкурларды аралап басканга бригадирге гана уруксат берилген. Биздин бири-бирибизге кыйкырышка да акыбыз жок – антсек дагы атып салышат. Ошондон казылып аткан чуңкурга түшүп үн-сөзсүз иштеш гана керек, таштын урчуктары чыгып турган чуңкурлар суусу какшып калган сайдын нугун бойлоп кетчү.

Түнү менен калың аскер бушлатты кургата албай калчубуз, аскерден калган көйнөк менен шым дененин жылуулугуна тоборсуп, кийгенге жарачу. Курулдаган курсакта эч нерсе жок, кабак салынганы менен, бул дүйнөдө эч ким мени жанымды кыюуга мажбур кыла албайт деп ойлочумун. Мына ушул кезден тарта өмүрдүн улуу өктөсүн – адам гана жете алчу улуу уңгуну, пенде баласына гана берилген бийик сапатты сезе баштадым. Биздин аттар кантип каржалып, анан мүргүп жыгылганын көрдүм, болду, анан алар тура алышпайт, аны кайсы этишти колдонуп сүрөттөөнү деле билбейм. Аттар адамдардан эч кандай айырмаланышпайт. Түндүктүн сөөк какшатчу суугуна, адам эмес жаныбардын күчү жетпес оор жумушка, чала тоютка, токмокко чыдабай байкуш жаныбарлар өлүп калышчу, алардан миң эсе көп кордукка туш келген адамдар жүрүшөт, алардан озунуп ушу байкуш жаныбарлар жарыкчылыкты таштап кетип атышпайбы. Анан мен бир нерсени аңдадым эй, адам Жаратканга жаккан макулук болгону үчүн, колунда көп нерсеге ыктуу бармактары бардыгы үчүн эле мыкты эмес экен. Кептин баары анын кара күч жагынан бышык, жаныбарга караганда кыйла чыдамкайлыгында, андан да рухий башталмасын кара күчтөн бийик коюп, баарын өзүнө кызмат кылдыртып коёт тура".

Муздак жаанга кайыгып үшүгөн абактагы байкуш жарым метрге жетпеген таш чункурда отуруп ушуларды ойлойт. Жамгыр менен өмүрдүн, өлүмдүн кандай байланышы бар?

Варлам Шаламов
Варлам Шаламов

Кара таш

Ушундай чуңкурду казып атып бир жолу килейген ташка такалган. Эчен күн зылдай таштын түбүн көөлөп, талкалабай чыгарып алууну ойлогон. Кайсы бир орус акыны айткандай, зылдай кара ташты керемет бир ишке жаратмакчы болгон. Түбү бошогон оор таш сүрүлүп түшкөндө бул бечаранын бутун былчырата басып, анан аксаңдаган чолокту абактан ден соолугуна байланыштуу бошотуп ийишет деп ойлогон. Канча күн ошентем деп жүрдү, анан таш түбү бошоп сүрүлөрдө аягын тартып ала коюп алты саны аман-соо калбадыбы. Ошондон кийин мындан бүлүнткүч, аёо билбес жанкечти чыкпасына ынанды. Жамгыр алдында шөмтүрөп суу, ойлогону бул, пенде баласынын ой-кыялына айла жок турбайбы, асман болсо өчү бардай ыйлай берди.

Жамгыр канчалык төкпөсүн, булар канчалык жанталашпасын, мына бул узун күн деле аягына чыгат, жумуш бүтөт. Баарын катарга тизип жатар жерине алып барышат. Ал жерден курулдаган курсакты алдай турган көк чаңгыл сорпо беришет. Тамагы муздак болсо деле мейли, чартылдаган карагай отунга кызарган темир мешке эски калай банкесин коюп кечки насибин жылытып алат. Ашказанын соороткондон кийин түтүнүн буралтып бир тамеки чегип алса болду, чылымды кароолчу Степандан алат.

"Карабайсыңбы эми, башымда "ааламдык" маселелерди тиричилик көнүмүшүнө аралаштырып жети катар жериме чейин сууга чыланып жатып да өзүмдү токтоо кармадым. Бул ойлордун баары мээни бир калыпта кармап турчу көнүгүүгө айланып кеттиби? Андай деле эмес го, турмуш ушундай экен. Адамдын денеси, ага кошулуп мээнин клеткаларына жетиштүү азык берилбей калса, байкуш мээм ансыз деле кыйладан бери ач калып эле келатпайбы, жыйынтыгы акыл-эсти жоготууга алып барышы мүмкүн экен, эртелеп унутчаактыкты же дагы бир балакетти башка үйүп салышы ыктымал экенин мурда эле түшүнгөм. Анткен менен бу балакет унутчаактык деген мага жеткиче тырайып өлүп калам деп, сүйүнүп алганымчы. Жамгыр төгүп атыры".

Иосиф Сталин, Варлам Шаламов жана Андрей Пантюхов. Коллаж
Иосиф Сталин, Варлам Шаламов жана Андрей Пантюхов. Коллаж

Кечээ жасоолдун кыйкырганына карабай булардын жанындагы сокмо жол менен кылактаган зайып өттү. Сулуу зайып экен, абактагылар үч жылдан бери көрө элек ак жоолукчан жаркылдап өтүп баратып аңкайып карап калгандарга кол булгады. Анан көк асманды тигиле карап: "Балдар, жакында, баары жакында!" деп кыйкырса, беркилер дуулдай түштү. Бул аялды мурда-кийин көргөн эмес, бейтааныш сулуу баарынын көңүлүн көтөрүп жайкап кетти. Жолдо баратып көктү ишара кылганда тиги дүйнөнү эстеген эместир. Тек убакыт жакындап калганын, тажатма жумуш деле соңуна чыгып баратканын айткысы келди окшойт.

Агроном

Кудум Гётенин тоо чокулары тууралуу ырындагыдай болду. Бейтааныш аялдын акылы баарын муютту, бул аял мурдагы же азыркы аягы суюк зайыптардын бири болуш керек. Бул жерде андан башка ак жоолукчандар жок. Анын ишарасы тынымсыз куюлган жамгыр алдында кайсы бир улуу ойлордун көшөгөсүн ачкандай болду. Кабагы чытылган бүркөк асман, жыртык кийимчен адамдар – мунун баары бири экинчисин толуктап турган суз көрүнүш эле. Маанайды чөгөргөн бозумтул дүйнөнүн шайтан аралап кеткен өтмө катары.

Баары ойго батып турганда жанындагы чуңкурдан акырын сүйлөнгөн үн угулду, кошунасы, жашы өтүп калган агроном Розовский, бардык башка кесиптердей эле атайын билими эч нерсеге жарабай таш копшоп, чуңкур казганга чектелген бир бечаранын үнү чыкты. Кошунасын "бери кел" деп чакырып, үтүрөйгөн жасоолдун эскертүүсүнө карабай кыйкырып жиберди.

- Уккула, баарың уккула! - деп кыйкырды ал. - Көп ойлондум! Бул жашоонун мааниси деле жок экен... Маанисиз жашоо...

Мен чуңкурдан чыгып, ал жасоолдорго ынтылганча жанына жетип бардым. Эки жасоол жакындап калган.

- Ооруп калыптыр, - дедим мен.

Так ошол маалда жамгыр аралаш үзүл-кесил чыккан гудоктун үну угулду, бизди катарга тизишти.

Розовский канчадан бери ойлонгонун ошентип ачыкка чыгарды. Баарынын ою бирдей экен: жашоо, өмүр, суз өтүп аткан күндөр, түнөргөн асман, өчү бардай төгүлгөн жамгыр. Суу өтмө катарынан өтүп кетсе деле баары бийик нерсени өмүр-өлүмдү ойлонуп атышкан тура. Байкуш Розовскийди торойтуп атып саларда гудоктун чыгып калганын айт. Үтүрөйгөн жасоолдордун айдоосунда баратканы менен ,булардын ою бийикте экен. Асман түнөрүп, жамгыр тынбай куюп атты.

ГУЛАГ
ГУЛАГ

"Розовский менен дагы бир топ убакыт чогуу иштедик, ошондой күндөрдүн биринде ал жогортон таш жүктөлүп келаткан вагондун алдына тура калып бутун тосуп ийбеспи. Бутун темир дөңгөлөктөр бырчалап кетсин деди окшойт, бирок вагончо ошол жерге келгенде абага көтөрүлүп тигинин тосулган аягын тебелемек тургай чырпып да койбой буйтап өтүп кетпедиби. Бечаранын буту көгөрмөк турсун темирге сүрүлбөй соо калды. Ага карабастан тигиге өз жанын кыюуга аракеттенген деп кылмыш иш ачып, соттогону алып кетишти, агроном чалдан ошентип ажырадык. Бул жердеги эреже боюнча кайрадан соттолгондор мурда иштеген жерине кайтарылбайт, башка жерге которулат, ушундай эреже иштечү. Окуянын изи сууганча тергөөчү менен күбөлөрдөн алыс болсун дешет окшойт. Мунусу акылдуу чечим. А бирок андайды Розовскийге карата колдонбой деле коюшса болмок".

Сталиндик репрессиянын азап-шорун он алты жыл тартып, башынан өткөнүн чынчыл чыгармага айланткан улуу сүрөткердин калеминен чыккандардын баары - өкүмзор бийликтин карапайым калкка жасаган кастыгы кандай болорун ачык көрсөткөн доордун көркөм фактысы. Адамзат өткөнүн унутса учур чагы, келечеги арасат болорун тарых такай ырастап келатыр.

Поптун уулу

Бул чыгарманы жазган Варлам Тихонович Шаламов 1907-жылы Орусиянын түндүк-батышындагы Вологда губерниясында төрөлгөн. Атасы дин кызматкери болгон, анысы кийин совет бийлиги тушунда баласынын билим алышына чоң тоскоолдук кылган. «Поптун баласы» деп кодуланып, университеттен айдалып, тыңгылыктуу жогорку билим ала албай калган.

Совет бийлиги кезинде эки ирет камалып, жарым жыл ашуун сөөк какшатчу сууктун кучагында калчу Колымадагы Түндүк-чыгыш лагеринде (Севвостлаг) жаза мөөнөтүн өтөгөн. Баш-аягы он алты жыл абакта отурган жазуучу боштондукка чыккандан кийин Москвага келип, "Колыма аңгемелерин" жазган. Бирок анысы көзүнүн тирүүсүндө китеп болуп чыккан эмес.

Магадандагы лагерлердин бири
Магадандагы лагерлердин бири

Автор атын дүйнөгө тааныткан ошол белгилүү чыгармасынан тышкары "Тескей жээк", "Артис күрөк", "Кылмыш дүйнөсүнүн очерктери", "Ийне жалбырактын тирилиши", "Мээлей же КР-2" деген чыгармаларын жазган.

В.Шаламовдун кара сөз туундулары кол жазма түрүндө таралып, көзү тирүүсүндө ыр жыйнактары гана жарык көргөн. 1980-жылдардан тарта азыноолак жылымдаша баштаган советтик турмуштагы айкындыктын шарапаты менен жазуучунун чыгармалары англис тилдүү өлкөлөрдө чыгып, дүйнөлүк атак-даңкка ээ болгон.

Өмүрүнүн соңку жылдары сүрөткердин ден соолугу начарлап Жазуучулар союзунун алдындагы Адабий фонддун карылар үйүндө калган. Варлам Шаламов жаш кезинде атасынын көзү көрбөй калганда колунан жетелеп жүрчү. Ошондой мусапыр турмуш кийин анын өзүнүн башына түшкөн.

Ата-бабасынын түгөл баары дин кызматкери, рухий жааттагы адамдар болгону менен, Варлам Шаламов атеисттик көз карашты карманган. Анын "Колыма аңгемелери" советтик жазалоо системасынын кандай экенин жаап-жашырбай ачык көрсөткөн чынчыл чыгарма катары авторду кийинки муундагы окурмандарга тааныткан.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG