Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:25

Эки ашыкты жараштырган карышкыр


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Окууну бүтөрдө үйлөнмөкчү болуп жүргөн эки жаштын арасы ажырап, сулуу кыз байдын баласын тандап кеткен. Аны ашыгы биле элек.

Айылга бараткан жолдо капыс бир окуя болбосо сүйүшкөндөр табышмак эмес. Аскаралы Ражабалиев "Адам кээри, карышкыр мээри" аңгемесинде ушул тууралуу жазган.

Балапан сүйүү

Дастан, Ширин, Санжар - айылдагы мектепте чогуу окуган, кийин борбор шаардан билим алган жаштар. Кышкы сессияны аякташса үйлөнүшмөк. Дастан - Ширин экөөнүн мамилеси бала кезинде баарына дайын болчу. Шаардан айылга келгенде сулуу кыз Дастандын арзышкан жары болмок. Ушундай чечимге келишип, төрт жылдан берип күтүп жүрүшкөн.

Дастан кышкы экзаменин берип сүйгөнүнө телефон чалса, эмнегедир андан жооп болбоду, мурда мындайы жок эле. Акыры маалкаткан кызы телефонду алып, кыска гана башы ооруп турганын билдирди. "Чарчадым окшойт", деди. Тигиниси азыр эле жетип барарын айтса, "жо-жок, келбей эле кой, убара болбо!" деп телефонун өчүрдү.

Экзамендери бүтсө эле Баткенге жөнөшмөк, Ширин азырынча айылга бара албасын, бир жумадан кийин жолго чыгарын кабарлап, кепти узарткысы келбеди. Дастан эрикпей улам-улам чалып, соңунда чөнтөк телефондун: "аппарат өчүрүлгөн" дегенин угуп шаабайы сууду.

Анан такси кармап Шириндин жатаканасына жетип барса, чогуу жаткан кыздары ал эртең менен эле Баткенге кеткенин айтышып энтеңдеген жигитти элейе карап калышкан. Дастан айылга такси менен кете берейин деп автобекетке келсе иши оңунан чыгып, жапжаңы "Лексусун" токтотуп классташы Санжар отуруптур. Ал да Дастанды көргөнүнө сүйүнүп кетти окшойт, алдыңкы орун бош эместигин айтып, артына отургузду. Жөн сүйлөбөй табышмактантып алдыга "сага жакшы тааныш адам отурат" деп атпайбы. Анысы ким болду экен?

"Санжардын көңүлү куунак. Оозу кулагына жете, кайсыл бир ырдын кайрыктарын кыңылдап, бирде рулду, бирде ачкычты кармалап шайдоот.

-Мына, келип да калды, сага жакшы тааныш адам!

Ал ыржая Дастанды карап коюп, шашыла жерге түшө, машинанын алдынан шыпылдай өтүп келип, ийиле ачты алдыңкы эшикти.

- Отур, Ширин!

- Ичики-й, суукту, ит өлөт!

"Шуу!" этти Дастандын жүрөгү. Муздак аралап кетти ичин. Экөө саамга тиктеше калышты. Ширин! Жанындай көргөн ашыгы! Араң кыбыратты эрдин: "А-а, көрсө ушундай экен да! Жумушум бар, Баткенге бир жумадан кийин кетем дебеди беле?".


Оңой болбоду кызга деле. Ага салам айтмак түгүл отуруп калды шүк. Жылдыздуу жүзү адегенде кызара албырып, анан чүпүрөктөй бозоруп кеткени көрүнүп турду күзгүдөн. Кондиционер "шуулдап" иштеп, ысык эле салон. Ширин пальтосун чечип, ээгине тарта оролгон жоолугун сыйыра бергенде, билектей эки өрүм чачынын бири Дастандын тизесине жабыла берди. Жымырап кетти тизеси. Тиги артына кылчаюуга алы келбей, чачын секин өзүнө тарта баштады (Мурда минтчү эмес...). Эми ага кечээги эле сүйкүм чач, чээнине соймоңдоп кирип бараткан жылаандай көрүнүп кетти. Аттиң десең! Бир сөөмөй аралык да чыкпайт турбайбы, сүйүнүч менен өкүнүчтүн ортосу!".

Кыз Санжардын машинесине Дастанды салып алышына нааразы экенин суз көз карашы менен билдирип, бирок анысын ачык айтпады. Аны менен тигинин иши эмне, кубанычын жашыра албай билген обонун созуп, радионун үнүн бийик чыгарып, жеңилденип алган кызын бир колу менен кучактап алган. Анысы Дастанды апачык мазактоо, мактанычы эле, "канча жыл артынан жүргөн сүйгөнүң меники, эми эмне кыла аласың", деп кырдуусунганы болчу.


Ачууга ууккан Дастан машинаны шарт токтотуп жолдон түшүп калгысы келди. Антсе кыш чилдесинде ээн жолдо тоңуп калары бышык. Баарынан да Шириндин кыйладан бери сырдашкан адамынан бетер Санжарга кыналып, кылыктана эркелеп, эргип кетишкенде өбүшүп кеткенин көрүп Дастан эмне кыларын биле албай, ичи өрттөнүп келатты.

Шайтан кыз, буга чейин Дастанга кандай кылыктанса, Санжардын көкүрөгүнө башын жөлөп, биротоло "ага башымы байлаганымды көрүп ал" дегенсип ныксырайт. Бир машинедеги үчөө бир класста он жыл чогуу окушкан, бой тартканы Дастан менен Шириндин ашыктыгы, "Ромео жана Жульетта" атка конгон арзуусу мынабу жап-жаңы машина, бардар турмуш алдында сынып, эселек кыз бай жашоону тандаган тура.

Кечээ эле Дастандын кучагында энтиккен кыз ушу тапта жасап жаткандарына бир маалда өзү уялып, артында отурган адамды, өзүн да жек көрүп денесин майда калтырак басты. Дастанды сүйгөнүн балалык сезимге чыгарып, эс-акылы толгондо чыныгы махабатын тапканын ойлоп, өз алдынча актанчу. Бардар үй-бүлөнүн баласына турмушка чыгып, жаңы машинеде чалкалап өмүр кечирүүнү, каалаганын кийип, каалагандай жашоону эңсегенден ушундай ишке барганын айыптуу иш деп эсептебей калган. Ширин кыз антип абийир сотунун алдында актанып жатканда Санжар маанилүү жаңылыкты жарыя кылды:

"-Бүрсүгүнү Ширин экөөбүздүн үйлөнүү тоюбуз болот. Жан жигит болуп бересиң да, шондойбу?

Дастан бул кордукка туруштук бере албай, кыса түйдү муштумун. Башына бирди берет, дагы бир жолу мыңкылдаса! Бул арада кыз:

-Жайына кой аны!

Ушинтти Ширин секин сүйлөп. Санжардын кордугунан алда канча катуу кабыл алды Шириндин сөзүн. Ооз ачпады, бирок. Сөз бүттү ушуну менен. Салон жымжырт. Мотордун бир калыптагы жумшак күүлдөгү гана угулат. Бишкектен чыгышкандан бери аларды ээрчип келе жаткан толгон Ай гана күлүмсүрөй мээримин чачып, анын уйгу-туйгу көңүлүн аз да болсо жубатып...»

Бөлтүрүк

Андан ары узун жолдо кеп уланбады. Жарым түндө Баткенге жетип, айылга бурулушту. Айгүл тоону да кар басыптыр, аны жандай адырларды аралап баратканда калың күрткүнү жирей келип өгүздөй машине жүрө албай түтүнгө оролуп токтоду. Санжар Дастанды акырая карап: "сендей кара жолтой немени неге машинеме салдым экен десең!" дебеспи. Дастан эмне демек, тиштенип ачуусун араң тыйды. Экөөнүн ачык-тымызын тирешинен тажаган Ширин: "Болду, Санжар, эзе бербечи" деди.

Машинанын дөңгөлөгүнө жолдон алысыраак жердеги талдын шактарын кайрып келип төшөмөй болуп экөө ыраакта карайган эски талды көздөй басышты. Беш-алты шакты кайрып артка кайтышканда маңдайкы кырдан карышкырлардын улуган үнүн, көп өтпөй төрт-беш кашабаңдын жолго машинага жакындап калганын көрүштү. Булардын артынан Ширин машинадан түшүп ортого жакындап калган. Байкуш кыз жакындап келаткан карышкырларды көргөндө "өлдү-ү-үм!" деп бакырып кача албай карга көмкөрөсүнөн түштү.


Дастан шактарды таштап күчүнүн жетишинче кызды көздөй чуркады. Чарчаганын сезбей карышкырлардан мурда кызга жетип, кашабаңдардын алдын тосту. Жаныма келип турат деген Санжар эски талдын башына чыгып алып үнүнүн барынча: "-Э-й, Ширин-и-ин! Андан нары ту-ур!" деп кыйкырып жатты. Дастан Ширинди "арыраак тур" десе, тиги: "Эркегиң тигинтип пысып турса, сени жалгыз калтырат белем!" деп макул болбоду.

Дастандын аянар эч нерсеси жок эле, куйругун булгалактап буларга тик карап коркпой келаткан үйүрдүн дөбөтүнүн көздөрү күйүп, бет алдындагы макулукту бир секирүү менен тындым кылып коёруна ишенип, эч жалтанбай экөөнө жакындай берди. Дастандын эч нерседен тартынбастыгын дөбөт карышкыр сезгендей артында ыкыс берип турган канчыгына башын бурду. Тигиниси кыңшылап ийди, аны көрүп дөбөт артына бурулуп акырын ырылдады, кол салбады.

"Муну көрүп адамдын ичине жылуулук жүгүрүп, кымырай түштү көкүрөгү.

Эми үйүрдөн бөлүнө, бери баскан канчык, үңүлө адамга тигилди. Көздөрү күйүп турат шайтан чырактай. Заардуу эмес эмнегедир. Мээрим учкуну жылтырап атканын көрүп турган пенденин үзүлгөнү турган үмүт учугу уланды кайра. Эне карышкыр бери басып, жакын келди адамга. Дем алганы угулуп турду. Ысык дем, ысык жүз. Алтургай тааныштай... Маңдайында капкара меңи бар экен. "Каерде көрдүм экен, бул эки буттуу макулукту?.." Кызык! Канчык али артына кайта элек болсо да, от учкуну жанды адамдын муздай түшкөн сезиминде. Назик кыңшылап койду канчык, куйругун кар үстүнө таштап.

- Оо Жараткан! Бизди унутпадың!


Канчык аны дагы бир мертебе үңүлө карап коюп, үйүрүн ээрчите экөөнү жандай өтүп баратты. Нарыраак барып, артына кылчайды. Шам чырактай жанган көздөрү сүрдүү эмес, мээрим учкуну жылт-жулт... Кар бетине чубалган издерин калтыра узап баратты ач-арык, үрпөйгөн жырткычтар. Жок, бу сапар Дастандын көзүнө кашабалар жырткыч эмес, мээримдүү макулуктар болуп көрүнүп турду. "Бечаралар, ооздоруна алар азык таппай, эти сөөгүнө жабыша, илкий басып баратканын. Шордуулар!" Ушинтти ал, узап бараткан үйүрдү узата тиктеп».

Кашабаңдар эмнегедир кол салууга батынбады. Көз алдында болуп өткөнгө ишенип-ишенбей турган экөөнүн жанына кайрылган шактарды сүйрөп Санжар келди. Машинаны күрткүдөн чыгарышкандан кийин Ширин машинанын багажын ачтырып андан Дастан экөөнүн сумкаларын алып, Санжардын машинасына түшпөй жөө кетишерин билдирди. Тигинин бере турган жообу жок болчу.

Айылдын шабырты угулуп калганда Ширин Дастанга: "Мени кечирип кой", деди кетирген айыбын мойнуна алып. Эмнени кечирмек эле. Экөөнө кол салбай кеткен карышкырга байланышкан окуяны Дастан Ширинге айтып берди.

Ошондо да быйылкыдай оор кар түшүп кайберендер айылга келип, жапайы макулуктар адамдарды эш тутуп жегенге тамагы жок ач күндөрдүн биринде Дастандардын короосуна карышкыр тийип, апыл-тапыл үйдөн кош ооз мылтыгын кармай чыккан атасы алардын бирөөнү атканга жетишкен. Качып бараткандардын арасынан бир кашабаңдын "каңк" эткен ачуу үнүн угушуп, жарадарды кармап алабыз деп издеп чыгышкан. Дастан ошондо жар түбүндө жарадар болуп жаткан бөлтүрүк карышкырды көргөн.

Эч кимге көрсөтпөй аны бир жумадай багып, жараатынан айыккыча жардам кылган. Кийин бир жолу тамак алып келсе тигиниси жаткан жеринде жок, кетип калыптыр. Изин кууп артынан барып таппай келген. Кыйлага чейин ичи ачышып, байкуш бөлтүрүк эмне болду экен деп санаа чегип жүргөн. Ошол бөлтүрүк арадан кыйла жыл өткөн соң аны таанып, экөөнө тийбей үйүрүн ээрчитип кетпедиби. Ушул окуя аны аябай таң калтырды.

Дастандын аяздуу түндө аппак жолдо айтып берген аңгемесине толкундадыбы же Бишкектен келаткандагы кылыгына уялдыбы, анысын өзү гана билиши мүмкүн го, Ширин ай жарыгында чөгөлөй отуруп көктү карап тилегин айтты:

"Оо Жараткан! Бизге жолуктурган кашаба үйүрү, карышкыр эмес, сенин мага тартуу кылган бак-таалайым экен!

Тизелей чөгө берип, колдорун көкүрөгүнө баса, көктү караган Дастан:

-Ооба Ширин, адамдар бекер жерден жолдуу болобуз деп, карышкырдын тырмагын тумар кыла тагып жүрбөйт тура!

Угула баштады түнкү айыл шабырты.

-Не сонун айылыбыздын түтүнү! - деди Ширин.

Ашыгынын бетине бетин тийгизген берен:


-Экөөбүз да буюрса эл катары морубуздан түтүн булатабыз жакында".

Узун жолдо ойдо жок окуяга кабылып кайрадан табышкан экөөнүн махабатына күбө болгон кышкы түндүн таза койнунда айыл мемиреп уктап жаткан. Апакай мейкинди жиреп келаткан кайык сымал Айгүл тоонун карааны алыстан көрүнөт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG