Ал тапта бюллетендерди тобу менен салган деген айып менен эки киши камакка алынды. 31-октябрда өлкөнүн Ички иштер министрлиги шайлоо документтери бурмаланган деген маалыматтарга байланыштуу 47 иш ачылганын кошумчалады. 26-октябрдагы добуш берүүнү башкаруудагы орусиячыл “Грузин кыялы” партиясы жеңгени жарыяланган. Бирок президент Саломе Зурабишвили жана оппозиция бурмалоолорго жол берилгенин айтып, шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартты.
"Грузияны Орусияга алдырып жиберүүгө эч ким кызыкдар эмес"
Грузин тартип коргоочулары маалымдагандай, шектүүлөрдүн бири - түштүктөгү Марнеули шаардык кеңешинин төрага орун басары, 40 жаштагы Ровшан Искандаров. Дал ошол калаадагы добушканаларда шайлоо күнү мыйзам бузуулар болгону кабарлангандан кийин ал жерде өнөктүк убактылуу токтотулуп, бюллетендердин бардыгы жараксыз деп табылган. Полиция экинчи шектүүнүн ысымын атабай, анын 1990-жылы туулганын гана көрсөттү.
“Азаттыктын” грузин кызматынын кабарчысы шайлоо болгон күнү Марнеулидеги шайлоо участогунда башкаруудагы партиянын өкүлү оппозициялык партиянын мүчөсү сабалган деген окуя тууралуу маалымдаган.
2012-жылдан бери бийликте турган Орусияга ыктаган “Грузин кыялы” партиясы шайлоону жеңгенин билдирип, алдын ала санактар аларга добуштардын дээрлик 54% тийгенин көргөзгөн.
Оппозиция жана европачыл президент Саломе Зурабишвили массалык бурмалоолор болгонун жана Москванын кийлигишкенин, шайлоонун легитимсиздигин айтып келатышат. Алар 300 миңдей добушту бийликтеги партия мыйзамсыз жол менен алганын билдиришти.
28-октябрда Тблисиде он миңдеген кишинин катышуусунда нааразылык акциясы болгон.
29-октябрда АКШнын президенти Жо Байден Грузиянын демократиялык жолдон тайып баратканына тынчсыздануусун билдирди.
30-октябрда Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Мэтью Миллер “Грузиянын өкмөтүнө 95 миллион доллар жардам убактылуу токтотулду, калган жардамды кайра карап чыгуудабыз” деп айтты.
Оппозициялык партиялар эл аралык байкоочулардын көз салуусунда жаңы шайлоо өткөрүүгө үндөштү.
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) өкүлдөрүнөн жана башка байкоочулардан добуштарды сатып алуу, шайлоочуларды коркутуп-үркүтүү, бюллетендерди тобу менен салуу учурлары тууралуу маалымат түшкөндөн кийин Еврошаркет, НАТО жана АКШ аларды текшерүүнү талап кылды.
Зурабишвили "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна берген интервьюда Батышты шайлоонун жыйынтыктарын кайра карап чыгартуу үчүн башкаруудагы партияга кысым көрсөтүүгө үндөдү:
“Көп нерсе биздин өнөктөштөрдүн реакциясына, ал канчалык так, кысым канчалык күчтүү болоруна көз каранды. Грузияны Орусияга ушундай жол менен алдырып жиберүүгө эч ким кызыкдар эмес. Басым көргөзүлбөсө, Батыш Грузияны өз тарабында жана европалык перспективада кармап калуу үчүн бар аракетин жумшаган жок дегенди билдирет.”
Москва шайлоого кийлигишкенин четке какканы менен “Грузин кыялынын” утушуна артыкчылык берерин жашырган эмес. Кремл каржылаган RT жана “Спутник” кабар агенттиктеринин башкы редактору Маргарита Симонян шайлоонун жыйынтыгын кубаттады.
“Грузия жеңди! Азаматсыңар!” - деп жазды ал Х (мурдагы Твиттер) социалдык түйүнүндөгү баракчасына.
Эл аралык коомчулуктун кысымы күчөгөндө Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясы 29-октябрда бардык 84 шайлоо округунда туш келди тандалган 5 участокто бюллетендер кайра саналап чыгарын билдирди.
Шайлоодон кийин Грузиядагы саясий климат кызып, чыңалып келатат.
Башкы прокуратурага барбай койгон президент
Бейшембиде грузин мамлекет башчысы прокуратурага баруудан баш тартты. Анын айтымында, башкы көзөмөл органы мыйзам бузуулардын далилдерин өзү издеп табууга тийиш:
“Шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу айткандарымды бышыктаган далилдерди берүүнү талап кылышты. Президенттен далил сурабастан, прокурорлор өз тергөөсүн жүргүзүүгө тийиш. Ал - прокуратуранын түздөн - түз иши. Бейөкмөт уюмдар, байкоочулар менен катардагы жарандар толгон-токой фактыларды келтиришкен”.
“Азаттыктын” грузин кызматы Зурабишвилинин: “Мен прокуратурага өз ишин аткаруу, президенттен саясий өч алуудан оолак болуу кеңешин берет элем. Силер элге баш ийесиңер, эл менин далилдеримди эмес, кечиктирилгис иликтөөнү талап кылууда”, - деген сөздөрүн келтирет.
Анын алдынкы күнү өлкөнүн Башкы прокуратурасы бурмалоо маалыматтары илектенерин билдирип, президентти баарлашууга чакырган.
“Президент Саломе Зурабишвилиде 2024-жылкы парламенттик шайлоодогу ыктымал бурмалоолордун далилдери бар болушу керек. Мындан улам мыйзамда каралган жол-жобого ылайык, ал 31-октябрда суроолорго жооп берүгө чакырылды”, - деп айтылган прокуратуранын билдирүүсүндө.
Башкы көзөмөл органы ошондой эле “зарыл болгон иликтөө” жүрөөрүнө, коомчулук анын жүрүшүнөн кабардар кылынып турарына ишендирди.
Зурабишвили анын прокуратурага чакырылышы Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары, мурдагы мамлекет башчы Дмитрий Медведевдин комментарийине дал келгенин белгиледи. Москванын жогорку өкүлү Грузиянын президенти “кызматтан алынууга жана камалууга тийиш” деп социалдык тармакка жазган.
Парламенттик шайлоо бийликтеги партия оппозициянын бойкотуна, массалык каршылык акцияларына карабай, Орусиянын үлгүсүндөгү “чет элдик таасир” тууралуу талаштуу мыйзамды өткөрүп алгандан кийин болду. Өткөн айда болсо ЛГБТны бутага алган мыйзам кабыл алынды.
“Грузин кыялы” партиясы менен тирешип келаткан Зурабишвили эки жобого тең кол коюудан баш тарткан. Бирок конституцияда президенттин ыйгарым-укуктары чектелген.
"Еврокомиссия Тбилиси менен сүйлөшүүлөрдү баштоону сунуш кыла албайт”
Башкаруудагы партия барган сайын өлкөнү Батыштан алыстатып жатат. Грузия 2023-жылы декабрда Евробиримдикке мүчө болууга талапкер макамын алган. Ал эми “чет элдик агенттер” мыйзамы кабыл алынгандан кийин Брюссель интеграциялык процессин убактылуу токтоткон.
30-октябрда Европа комиссиясы шаркеттин кеңейиши боюнча жылдык баяндамасын жарыялады. Документте айтылгандай, жогорудагы эки мыйзамды кабыл алууну жана “грузин расмий адамдарынын Европага каршы чечкиндүү билдирүүлөрүн” эске алуу менен “Грузия анын Евробиримдикке карай жолуна тобокелдик жараткан азыркы багытын өзгөртпөсө, негизги реформаларды ишке ашырууга дилгирлигин көрсөтпөсө, комиссия Тбилиси менен сүйлөшүүлөрдү баштоону сунуш кыла албайт”.
Буга чейин Еврокомиссия тийиштүү сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн Грузияга тогуз шарт койгон. Ал эми бул ирет “анча-мынча” прогресс гана байкалганын, реформаларды жүргүзүү үчүн бийлик жетиштүү саясий эрк көрсөтө албаганын айтуу менен чектелди.
“Тогуз шарттарынын бири шайлоо өткөрүүгө байланышкан маселе болчу. Грузиядагы парламенттик шайлоо олуттуу мыйзам бузуулар менен коштолду. Андай учурлар биз биримдикке мүчө болууга талапкер өлкөдөн күткөн стандарттарга сыйбайт. Эл аралык байкоочулар маалымдаган мыйзам бузуулар тез арада, ачык-айкын жана көз карандысыз текшерилүүгө тийиш”, - деп айтты Еврошаркеттин Тбилисидеги элчиси Павел Герчинский.
“Азаттыктын” грузин кызматы сурамжылоолорго таянып белгилегендей, грузиялыктар негизинен Еврошаркетке жана НАТОго кошулууну колдошот. Ошол эле маалда Орусия менен тикелей жаңжалга жеткирбөөнү жакташат жана ЛГБТ өңдүү маселелерде абдан консервативдүү келишет.
Шерине