Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:19

"Грузин кыялы" жеңгенин, оппозиция аны тааныбай турганын билдирди


Жергиликтүү шайлоо комиссияларынын бири, 26-октябрь, 2024-жыл
Жергиликтүү шайлоо комиссияларынын бири, 26-октябрь, 2024-жыл

Грузияда 2012-жылдан бери өлкөнү башкарган "Грузин кыялы" партиясы дагы төрт жылдык мөөнөттү көздөп турат. Шайлоого катышкан оппозициялык күчтөр "добуштар уурдалганын" билдирип, ал үчүн бийликтеги партияны күнөөлөп жатат.

Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясы добуштарды 100% санап бүтүп, жыйынтыгын жарыялады. Бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы 54,09% добуш алды.

Оппозициялык күчтөр:

  • "Өзгөрүүлөр үчүн коалициясы" – 10.92%;
  • "Биримдик - улуттук кыймылы" – 10.12%;
  • "Күчтүү Грузия" – 8.78%;
  • "Гахария - Грузия үчүн" – 7.76%

Шайлоого жалпы 18 партия катышып, калгандары 5% босогодон өтпөй калды.

Оппозициянын айыптоосу

Оппозициялык лидерлер шайлоонун расмий жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялап, шайлоо өнөктүгүндө жана добуш берген күнү көптөгөн мыйзам бузуулар болгонун билдирди. Шайлоого көз салган бейөкмөт уюмдар дагы бурмалоо, зордук-зомбулук, административдик ресурсту колдонуу, шайлоочуларды сатып алуу фактыларын белгилешти.

«Күчтүү Грузия» партиясынын лидерлеринин бири Мамука Хазарадзе "Грузияны Орусия үчүн дая рдап жатышат, бирок ал ишке ашпайт" деп жазды.

Мамука Хазарадзе
Мамука Хазарадзе

«Эмне болгону толук түшүнүктүү. Бидзина КГБнын атайын операциясын ишке ашырды. Шайлоонун жыйынтыгын жапырт бурмалоо менен алар элдин добушун менчиктештирип алып, өлкөнү Орусияга даярдап жатышат. Ал ишке ашпайт! Мен мындай жалган ишти кабыл албайм. Эч качан!" - деп Хазарадзе социалдык тармакка жазды.

Учурда түрмөдө отурган экс-президент Михаил Саакашвилинин «Биримдик – улуттук кыймылы» шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын анын лидери Тина Бокучева билдирди.

Тина Бокучева
Тина Бокучева

«Грузиянын Боршайкому Иванишвилинин бузуку буйругун аткарды. Биримдик- улуттук кыймылы» өзгөчө кырдаал режимине өтөт», - деди Бокучева чукул өткөрүлгөн жыйында.

Экс-премьер Георгий Гахария Грузиянын БШКсы жарыялаган жыйынтык жарандардын эркин чагылдырбай турганын айтты.

Георгий Гахария
Георгий Гахария

«Биздин жарандардын тандоосун, Европадагы келечегибизди жана шайлоо институтун коргоого багытталган каршылык көрсөтүүнүн акыл-эстүү формаларына көңүл бурушубуз керек", - деди "Гахария - Грузия үчүн" партиясынын лидери.

«Күчтүү Грузия» коалициясы дагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын анын лидерлеринин бири Анна Долидзе айтты.

Нино Долизде
Нино Долизде

«Боршайком жыйынтыкты шашылыш түрдө чыгара салганына нааразыбыз. Жыйынтык грузин элинин эркин көрсөтпөйт. Бул сандар Грузиядагы тарыхый шайлоого каршы келет. Биз грузин элинин демократиялык жана европачыл тандоосун коргоо үчүн бардык мыйзамдуу жолдор менен ар бир добуш үчүн күрөшөбүз».

«Өзгөрүүлөр үчүн коалициясынын» лидери Ника Гварамия «Грузин кыялы» партиясын «конституциялык төңкөрүш жасап жатат» деп айыптады.

Ника Гварамия (солдон экинчи)
Ника Гварамия (солдон экинчи)

«Добуштарды бурмалоо схемасынын бети ачылды, коомчулук толук маалыматты 27-октябрда билет. Шайлоо уурадалды. Бул конституциялык төңкөрүш, «Грузин кыялы» анын автору жана Грузиянын мыйзамында каралгандай жопкерчиликке тартылат. Добуштарды уурдаган схеманын бетин ачтык», - деди Гварамия.

Жарандык сектор: Шайлоо күнү одоно мыйзам бузуулар болду

Шайлоого көз салган Transparency International уюмунун Грузиядагы бөлүмү, “Адилет шайлоо”, Жаш юристтер ассоциациясы, жергиликтүү бейөкмөт уюмдар көптөгөн мыйзам бузуулар болгонун билдирип, Боршайкомдун алдын ала жыйынтыгына ишенимди азайтты.

«Сенин добушуң» деп аталган бейөкмөт уюмдун өкүлү Лонда Толорая добуш берүү электрондук эмес, эски система менен өткөн 10 бекетте бюллетендерди топтому менен салгандар болгонун билдирди.

Ал жалпысынан Грузиядагы шайлоо “одоно мыйзам бузуулар” менен өткөнүнө токтолду:

“Шайлоодо добуштарды бурмалоо үчүн комплекстүү схема иштелип чыккандай. Шайлоочунун тек-жайын текшерген системаны үзгүлтүккө учуратуу, маркерлөө процессин бузуу, шайлоочулардын тек-жайын таанууда байкоочуларга тосккоолдук жаратуу, түшкө чейин шайлоочуларга эки же анан көп бюлеттендер жапырт берилген жерлер болду. Ошондой эле бюлеттенде башкаруучу партияны белгилеп койгон учурлар кездешти. Шайлоо алдында добуш берүүчүлөрдүн документтерин чогултуп алып, жеке маалыматтарды топтоо – ушул схеманы ишке ашыруу үчун колдонулду. Мына ушундай бурмалоолор башкаруучу партияга чечүүчү сандагы добуш алууга мүмкүнчүлүк берди".

Жергиликтүү байкоочулар Тбилиси, Кутаиси, Рустави, Батуми сыяктуу чоң шаарларда оппозиция бир топ айырма менен алдыга чыкканын белгилешет.

«Грузин кыялы» 70% ашуун добушту Гардабани, Марнеули, Болниси, Дманиси, Ахалкалаки, Ниноцминда сыяктуу башкаруучу саясий күчтөрдүн таасири чоң аймактардан алган.

Шайлоого жалпы 18 партия катышты. Негизги атаандаштык бийликте турган “Грузин кыялы” менен бир нече партиядан түзүлгөн оппозициянын ортосунда жүрдү.

Шайлоо өнөктүгү маалында бийликтеги партия жарандар тынчтыкты же согушту тандарын белгилеп, эгер оппозиция жеңип келсе, Грузияны "Орусияга каршы согушка сүйрөйт" деп шайлоо өнөктүгү маалында элди коркутту.

Оппозиция Грузиянын азыркы бийлигин “өлкөнү эл аралык изоляцияга түртүп жатканы жана Кремлге ыктаган саясаты үчүн” айыптайт. Оппозициялык күчтөр “элге кам көрүү, коррупцияга каршы күрөш, Евробиримдикке жана НАТОго мүчө болуу, өлкөнүн Орусиянын таасиринде калуусуна жол бербөө” деген максатта шайлоого аттанган.

Бул жолу шайлоочулардын 50% ашууну добуш бергенин БШК билдирди.

XS
SM
MD
LG