Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:13

"Салимбай байбачаны" Кыргызстан менен эмне байланыштырат?


АКШ трансулуттук баңгизат соодасынын маанилүү көзүрү деп таанып, “кара тизмеге” киргизген, кримтөбөл Камчы Көлбаев атайын күч органдарынын кармоо операциясында жок кылынганына бир жыл болду.

Андан бери кыргыз бийлиги криминалга каршы аёосуз күрөш жарыялаганын жар салып, Көлбаев менен байланышта болгон ондогон адамдар кармалып, миллиардаган сомдук мүлкү мамлекетке чегерилгени кабарланды. Алардын арасында кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү, саясатчы, ишкер, мамлекеттик кызматкерлер бар.

Улуттук коопсуздук комитети Көлбаевдин Борбор Азиядагы байланыштарынын сары изине түшкөнүн жарыялап, өзбекстандык кримтөбөл Салим Абдувалиевге чейин эл аралык издөө салды. "Салимбай Байбача" менен байланышта делген мурдагы депутат камалып, белгилүү спортчу баш болгон бир канча киши сурак берди.

“Салимбай байбача” деген ат менен Борбор Азияга таанымал, Өзбекстанда соттолгон кримтөбөл, 73 жаштагы Салим Абдувалиевди Кыргызстан менен эмне байланыштырат? Спортпу, бизнеспи же криминал, баңгизат ташуубу? Алдыда талдап көрөлү.

Салимбайга жазылган салам кат

Кыргызстанда атайын операцияда Камчы Көлбаев жок кылынгандан үч айдан соң Өзбекстанда да “Салимбай байбача” кармалып, соттолду. Бирок ага чейин эле Кыргызстандын башкы чекисти Камчыбек Ташиев Абдувалиевди “кримтөбөл” деп ачык атаган. Ал кезде парламенттеги “Альянс” партиясынан депутат Эмил Жамгырчиевдин Өзбекстанга сапары тууралуу жаңжал чыгып, Ташиев депутаттын Салимбай байбачага жазган катын окуп берген. Анда Жамгырчиев 2022-жылдын аягында “Салимбай байбачадан” колдоо сурап Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, Ташкентке барганы айтылган.

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

“Салим Абдувалиев - Өзбекстандын кримтөбөлү деп ачык эле айтышыбыз керек. Эмил Жамгырчиев андан колдоо издеп, биздин мамлекеттин башында отурган кызмат адамдарын жамандап, аларга чара көрүүнү суранып, ошол кишиге барып атат. Бул эмне деген акмакчылык”.

Башкы чекист парламентте туруп, мурдагы милиция кызматкери, депутат Сүйүн Өмүрзаковго “Салимбай байбачанын” ким экенин жакшы билесиз” деп жооп кайтарган.

“Биздин кесиптешибиз бардык депутаттарды уят кылып жатат. Ушунча баргандан кийин Өзбекстандын президентине барбайбы. Бул кылмышкер, каймана аты “Салимбай байбача” деп бардыгы билет. Өзбекстанда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн башында тургандардын бири”, - деген Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүн Өмүрзаков.

Мурдагы Каржы полициясынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп, кийин депутат болуп шайланган Жамгырчиевдин башка өлкөнүн кримтөбөлүнөн колдоо сураганы коомчулукта “Салимбай байбачанын” Кыргызстанда таасири канчалык болгон деген суроону пайда кылды.

1990-жылдардын аягында Коопсуздук кызматынын Ош облусундагы башкармалыгын жетектеген, генерал Өмүрбек Суваналиевдин айтымында, өзбекстандык “Салимбай байбача” Кыргызстандын түштүк аймагында ишкерликке гана байланыштуу аты аталып жүргөн болсо, 2005-2010-жылдары спорт, бизнестен чыккандар, саясатчылар менен ымаласы башталат.

Өмүрбек Суваналиев.
Өмүрбек Суваналиев.

“Кийин шайлоолордун алдында биздин саясатчылар мунун алдына бара баштады. Биздин шайлоочуларга алардын таасири болот деп барышкан. Ошондон кийин алардын таасири күчөй баштады”,- деди генерал.

“Салимбай байбача” деп таанылган өзбекстандык Салим Абдувалиев буга чейин Кыргызстандын саясий айдыңында аты аталып, анын таасири жөнүндө көп эле кеп болгон. Бирок, айың-кептер эл оозунда гана калып, расмий бийлик ага кулак салган эмесю 73 жаштагы Салим Абдувалиев Өзбекстанда ок атуучу курал сактоого байланыштуу быйыл март айында алты жылга соттолгондон кийин, Кыргызстанда да “Салимбай байбачага” иш ачылып, Интерпол аркылуу издөө салынды.

Салим Абдувалиевге байланышы бар деп кармалып, сурак берген кыргызстандыктардын жагдайына токтолуп, өзбек кримтөбөлү менен алардын алака-катышына кызыгып көрдүк.

Салимбай байбача кимдин тиреги болгон?

2018-жылдагы интернетте тараган тасмада Салим Абдувалиевди эки жагынан кучактап турган кыргызстандыктар - экс-депутат Нургазы Айдаров жана мурдагы милиция кызматкери Жалил Атамбаев.

2018-жылы тараган видеодон алынган сүрөт.
2018-жылы тараган видеодон алынган сүрөт.

Атамбаев “Салимбай байбачага” Кыргызстанда иш козголгондон көп өтпөй кармалды. Коопсуздук кызматынын 13-августта тараткан маалыматына ылайык, Атамбаев күч органдарында иштеп турган учурунда мыйзамсыз капитал чогултуп, бизнеске кеткен. Ал ишкердигин кеңейтүү үчүн өзбекстандык Абдувалиев менен байланыш түзгөн.

“Өз кезегинде С.Абдувалиев А.Ж.С.га колдоо көрсөтүп, бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүп берген, ал үчүн кыргыз ишкеринен эбегейсиз каражат алган”, - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Жалил Атамбаев ар кандай журналисттик иликтөөлөрдүн каарманы, Оштогу чуулгандуу фигуралардын бири болгон.

Үчөө кучакташкан видеодо “Абдувалиев - тирегибиз, ал президент Сооронбай Жээнбековду колдойт” деген сөздөргө ошол кездеги президенттик аппарат реакция кылып, Сооронбай Жээнбековдун Салим Абдувалиев менен эч кандай байланышы жок экенин жарыялаган.

Ал эми видеодогу экинчи киши – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нургазы Айдаровго учурда издөө жарыяланды. Атайын кызмат Айдаров кылмыш жолу менен алынган кирешелелерди адалдоо фактысы боюнча тергөө иштеринде эл аралык уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн, анын ичинде өзбекстандык кримтөбөл Салим Абдувалиевдин ишмердигин каржылап турганы аныкталган деп билдирди.

Нургазы Айдаровдун иниси, экс-депутат Салайдин Айдаров дагы “Салимбай байбачага” байланыштуу “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен айып коюлуп, камалды.

Айдаровдун иниси парламенттин VI чакырылышында “Кыргызстан” фракциясынан депутат болсо, агасы Нургазы Айдаров бир нече чакырылышта депутат болгон. Оокаттуу Айдаровдор түштүктө таасирдүү болгону саясий чөйрөдө айтылып келчү.

Экс-депутат ага-ини өзбекстандык кримтөбөл менен сүрөт, видеолорунан башка алардын байланышынын чоо-жайы расмий айтыла элек.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков "Салимбай байбачанын" Кыргызстандагы таасирине токтолду:

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

“Базар экономикасына аралашып, жакшы эле байлык түптөгөндөн кийин ал (ред: Салим Абдувалиев) коңшу өлкөлөргө дагы таасирдүү боло баштаган. Мисалы, ошол кезде Кыргызстанда криминалдын чөйрөдө жүргөн, бизнеске тиешеси бар биздин жарандар ошол Ташкентке барып, “Салимбай” менен чогуу сүрөткө түшүп, байланышкан. Кээде Салимбайды саясатка, шайлоого колдонууга умтулушкан”, - деди.

Ал эми криминал темаларын жазып жүргөн журналист Семетей Талас уулу буларга токтолду.

“Эми аны айтпасак дагы белгилүү. Шайлоолордо булар өзбек улутундагы жарандардын добушун алууга да колдонушкан. Барып, “бул жакка айтып коюңуз” деп. Ошонун негизинде айрым партиялардын көбүрөөк добуш алуусуна өбөлгө түзүлгөн”, - деди журналист.

Мурдагы министр, бизнесмен, чемпион

2018-жылдары Кыргызстандагы белгилүү адамдардын “Салимбай байбача” менен сүрөт, видеолору удаалаш чыккан. Алардын биринде Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаттары Дамирбек Асылбек уулу, Салайдин Айдаров жана “Аю” компаниясынын жетекчиси Шаршенбек Абдыкеримов менен чогуу түшкөн сүрөттөрү бар. Депутаттар муну спортко байланыштуу иш-чарада тартылган деп түшүндүргөн.

Интернетке тараган сүрөт.
Интернетке тараган сүрөт.

Айрым талдоочулар “Салимбай байбача” менен кыргыз ишкерлерин Борбор Азия өлкөлөрүнө аткезчилик, мыйзамсыз акча ташуу байланыштырганын айтышат.

Журналист Семетей Талас уулу “Салимбайдын” Борбор Азияга таасиринен улам, айрым кыргыз ишкерлери аны менен таанышууга кызыктар болгон дейт.

Семетей Талас уулу.
Семетей Талас уулу.

“Биздин кызыкчылык көбүрөөк болгон. Алардын Өзбекстандагы көп тармактагы бизнестерде колдору жетип турган. Бизде Өзбекстанда чоң бизнес кылам дегендер, аткезчилик менен алектенгендер Салимбай менен барып сүйлөшүп келген. Ал эми жалпы кызыкчылык мындай – Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия жана Кытайдын Шинжаң автономиясында мыйзамсыз акча айланган “цыган почтасы” деген бар”, - деди журналист.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков мындай деди.

“Алар жүк ташыйт, көмүр ташыйт, айыл чарба азыктарын ташыйт. Илгери Өзбекстанда доллар, евро эркин сатылбай жатканда көмүскө акча ташышкан. Бизнес чөйрөнүн атайын схемасы бар болчу. Ал иштерде Салимбайдын кишилери болгон. Мындай каналдар дагы эле бар".

Салимбай байбача менен сүрөт чыккан ошол кездеги депутат Дамирбек Асылбек уулу мыйзамсыз жүк ташууга байланыштуу “трансулуттук кылмыштуу топко аралашуу” беренеси менен 2018-жылы Казакстанда кармалган. Ал өлкөдө 10 жылга соттолуп, бирок эки жыл абакта отургандан кийин Кыргызстанга эктрадицияланып, анан бошотулган. Андан кийин күрөш федерациясынын вице-президенти болуп жүргөн Дамирбек Асылбек уулу 2023-жылдагы криминалга каршы күрөштүн фонунда кызматтан кетти.

Жакында эле Күрөш федерациясын жыйырма жылдан ашык башкарган, мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев дагы ордун тапшырды. Ага чейин Турганбаев менен “Салимбай байбачанын” сүрөтү интернетте тараган болчу. Интернетте Салим Абдувалиев менен сүрөтү жарыяланган бокс боюнча дүйнө чемпиону, белгилүү спортчу Орзубек Назаров дагы сурак берди.

Анткен менен Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков "Салимбай байбача" менен сүрөткө түшкөндөрдү бардыгын криминал менен байланыштырууга болбойт дейт.

“Кээде спортчулар, спортко эмгеги сиңген адамдар кесиптештери менен бирге барып калган жагдай болот. Азыр алардын баары дагы суралып, түшүндүрүү иштери болуп жатат. Мунун баарын криминал менен байланышта болгон деп түшүнбөө керек. Кармоо, иликтөө, сот жүрүштөрү дагы мыйзам чегинде болушу керек. Эгер андай болбой калса карама-каршы пикирлер жаралып, саясий оюнга айланып кетиши мүмкүн”.

Эми өзбек кримтөбөлү менен байланышы бар делгендер жөнүндө кеп кылсак. Август айында Лейлектин Раззаков айылынын 46 жаштагы З.Э.Т. аттуу тургуну сурак берди. Атайын кызмат аны “Салимбай байбача” менен түшкөн сүрөтү менен мактанган, бирок байланышы аныктала элек” деди. Буга удаалаш эле Кызыл-Кыя шаарынын 68 жаштагы М.М.М аттуу тургуну дагы кармалды. Алар “Салимбай байбача” менен Ташкент шаарында жолуккан аныкталган. Андан кийин “Салимбай байбача” менен сүрөтү бар Сузактагы мурдагы жергиликтүү депутат У.Ш.А. УКМКда сурак берип чыкты.

Ал сузактык мурдагы депутат Шерзодбек Умарбеков экени аныкталды. Умарбеков 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясы, 2021-жылы “Ишеним” партиясынан талапкер болгон. 2021-жылы анын үстүнөн опузалоо, административдик ресурс колдонуу сыяктуу дооматтар камтылган беш арыз түшкөнү белгилүү.

Жакында эле “Аю Холдинг” ишканасынын мурдагы президенти Бактыбек Өмүракунов уюшкан кылмыштуу топту каржылаган деген шек менен кармалганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ал Өзбекстанда бизнес кылуу үчүн өзбекстандык кримтөбөл, “Салимбай байбача” деген каймана ат менен таанылган Салим Абдувалиев менен байланыш түзгөнү аныкталган.

Жогоруда аты аталгандардын “Салимбай байбача” менен сүрөтү, кылмыштуулук идеологиясынан баш тартканы боюнча видеолору дагы жарыяланды. Алардын өзү же адвокаты, жакындары УКМКнын маалыматы боюнча комментарий берише элек.

“Салимбай байбачанын” Көлбаевге сөзү өткөн”

Кыргыз бийлиги Салим Абдувалиевге кримтөбөл Камчы Көлбаевге байланыштуу кылмыш ишин козгоп, издөө салды. Атайын кызмат "Агайындар" (“Братский круг”) эл аралык кылмыштуу тобуна кирген Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун Салим Абдувалиев каржылаганы аныкталганын билдирди.

Камчы Көлбаев жана Салим Абдувалиев
Камчы Көлбаев жана Салим Абдувалиев

УКМК Абдувалиев КМШ өлкөлөрүндө таасирдүү болгонун, Европага маңзат ташуу каналдарын уюштуруп, кыргызстандык кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланыш түзүп, анын кылмыштуу тобуна дайыма материалдык жардам көрсөтүп жүргөн деп билдирди. Ал Көлбаевдин аймакта таасирдүү кримтөбөл болуп турушуна көмөктөшкөн.

Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов буларга токтолду:

“Кыргызстандыктар ага барып байланыш түзүп, колдоо алууга умтулганы эч кимге жашыруун эмес. Ал Өзбекстанда кайсы бир топтогу адамдар арасында кадырлуу адам. Андан сырткары ал биздин спортчуларды дагы сыйлаганы белгилүү. Азыр “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаев менен тыгыз байланышта болгону расмий айтылды. Ал таасирин биздин өлкөдө Көлбаев аркылуу жүргүзгөн. Көлбаев болсо өзүңөр билгендей көпчүлүктү өзүнө баш ийдирип, бизнестерин бөлүшкөнгө аргасыз кылган. Салимбайдын Көлбаев аркылуу экономикалык жана саясий таасири болгон”, - деди Кулов.

Ташкенттин Мирабад райондук соту “Салимбай байбача” деген каймана ат менен таанылган Абдувалиевди 19-мартта алты жылга абакка кескен. Ага Кылмыш кодексинин “Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, ок атуучу куралдардын негизги бөлүктөрүн, жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүү” беренеси боюнча айып тагылган.

Өзбекстандын Ички иштер министрлигинде иштеп кеткен булак “Азаттыктын” өзбек кызматына Камчы Көлбаев Борбор Азиядагы аткезчиликти көзөмөлдөп турганын, кримтөбөл өлгөндөн кийин “Салимбай байбача” ал схеманы өз адамдарына бергенин айтып берген. Ал аткезчилик жолдоруна көзөмөл кылган бийликтеги үй-бүлө мүчөлөрунө жакын адамдарга тоскоолдук кыла баштаган.

Азырынча өзбек кримтөбөлүнө карата Кыргызстанда козголгон кылмыш иши боюнча тергөөнүн жүрүшүнөн маалымат бериле элек.

"Жалпы эреже боюнча адамды башка мамлекетте жасаган кылмышы үчүн кылмыш жоокерчилигине тартуу эки жол менен ишке ашырылышы мүмкүн. Биринчиси, биздин жагдайда адамды Өзбекстандан Кыргызстанга экстрадиция кылуу. Мында ал Кыргызстанда соттолот. Же болбосо, Кыргызстанда өзбек жаранына ачылган кылмыш ишин Өзбекстанга өткөрүү. Мында Өзбекстан эл аралык милдеттенмелерге ылайык, ошол адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуу милдетин алат. Кандай абал болбосун, Кыргызстанда кылмыш деп табылган иш Өзбекстанда да кылмыш катары табылышы керек. Биздин жагдайда, Өзбекстандын мыйзамдарында кылмыш топторун каржылоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган эмес. Салимбай Абдувалиевге байланыштуу кылмыш ишин Өзбекстанга өткөргөн күндө да Өзбекстан аны кылмыш жоопкерчилигине тарта албайт. Себеби, ал кылмыш эмес", - деди өзбекстандык юрист Мухсинжон Мадаминов.

Мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев мындай деди.

“Өзбекстан, Казакстан, дегеле башка мамлекет өзүнүн жаранын бөлөк өлкөгө экстрадиция кылып бербейт. Мен камактагы кишиге издөө салганын пиар деп ойлойм. Бизде аны менен чогуу сүрөткө түшкөндөрдү жазалоонун бир жолу. Бир жагынан кыргызстандык депутаттар жана башка кишилер “Салимбай байбача” менен барып сүрөткө түшкөнү уят. Бирок аларды мыйзам чегинде жазалаш керек. Аны менен барып сүрөткө түштүң деп жазалай берсе кандай болот билбейм”.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG