Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:35

11-апрелдин аба ырайы: Айрым аймактарда кар жаайт


Синоптиктердин билдиргенине караганда, 11-апрелде түнкүсүн жана күндүз Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында, Нарын облусунда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 23…28;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 24…29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 14…19.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 26…28° жылуу болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG