Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:11

Стамбулда АКШ, Орусия өкүлдөрүнүн жолугушуусу башталды


Орусиянын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу. Архивдеги сүрөт.
Орусиянын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу. Архивдеги сүрөт.

Түркияда Кошмо Штаттар менен Орусиянын делегацияларынын ортосунда кеңешүү форматындагы сүйлөшүүлөр башталды. Эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери буга чейин билдиришкендей, бул жолугушууда дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, тактап айтканда Москва жана Вашингтондогу элчиликтердин ишин калыбына келтирүү маселеси көтөрүлөт.

Сүйлөшүү Орусиянын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунда өтүп жатат. Орусия тараптан делегацияны АКШдагы элчи Александр Дарчиев жетектөөдө, ал эми америкалык делегациянын башында мамлекеттик катчынын Европа жана Евразия маселелери боюнча жардамчысынын орун басары Соната Коултер турат.

Бул Стамбулда өтүп жаткан мындай форматтагы сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы. Биринчиси ушул жылдын февраль айынын аягында Американын Башкы консулдугунда өткөн.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Тэмми Брюс сүйлөшүүлөрдү күн тартибинде Украина маселеси жок экенин белгиледи. Ошондой эле бул сүйлөшүүлөр эки тараптуу мамилелерди жалпы жакшыртуу эмес, конкреттүү түрдө элчиликтердин ишин жөнгө салуу маселесине гана багытталарын айтты.

Акыркы жылдары эки өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн иши бир катар чектөөлөрдөн улам олуттуу тоскоолдуктарга учураган.

АКШда орус дипломаттары колдонуп келген бир нече объектилер, анын ичинде Сан-Францискодогу жана Сиэтлдеги консулдук имараттар, Вашингтон жана Нью-Йорктогу соода өкүлчүлүктөр убактылуу жабылган.

Ал эми Орусияда өкмөттүн талабы менен Кошмо Штаттардын Санкт-Петербургдагы башкы консулдугу жабылып, Москвадагы элчиликте виза берүү дээрлик токтогон. Владивосток жана Екатеринбург шаарларындагы консулдуктар да ишин убактылуу токтотууга аргасыз болушкан.

Дональд Трамп мамлекет башына кайтып келгенден кийин бир нече жолу орусиялык өкүлдөр менен ар кандай деңгээлдеги жолугушуулар өттү. Мурунку администрация учурунда мындай байланыштар дээрлик болгон эмес.

Шерине

XS
SM
MD
LG