Иран өзүнүн өзөктүк программасынан баш тартпаса, Вашингтон “зарыл болсо” аскердик күч колдонот. Мындай эскертүүнү Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп 9-апрелде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып кайталады.
Анын бул сөздөрү жума аягында Оманда өтүүчү Вашингтон менен Тегерандын өкүлдөрүнүнүн сүйлөшүүлөрүн утурлай айтылды.
“Сүйлөшүү башталганда эле ал кандай нукта жүрүп жатканы билинет. Бизде убакыт бар. Биз бул сүйлөшүүлөрдө көп нерсе сурабайбыз. Жөн гана Иран өзөктүк куралдан баш тартышы керек. Бул менин дайыма айтып келген позициям”, — деди Трамп.
Эки тарап тең Омандагы сүйлөшүүлөр аркылуу канчалык олуттуу талкууларга жол ачыларын байкап көрүүнү көздөп жатышат.
Кошмо Штаттар Иран өзөктүк курал жасоого мурдагыдан да жакындап калды деп барган сайын тынчсызданууда. Тегерандын жүйөсүнө караганда, анын өзөктүк программасы бир гана “тынч максатты көздөйт”.
2015-жылы Америка жана башка дүйнөлүк державалар Иран менен келишим түзүп, анын уран байытуусуна чектөө коюлган, анын ордуна экономикалык санкциялар жеңилдетилген. Бирок Трамп 2018-жылы Вашингтонду бул макулдашуудан бир тараптуу чыгарып,“тарыхтагы эң жаман келишим” деп атаган.
9-апрелде Кошмо Штаттардын Каржы министрлиги Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу жаңы санкциялар киргизилгенин жарыялады. "Кара тизмеге" Ирандагы беш компания жана бир жаран киргизилди.
Шерине