Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:08

"Укук коргоо органдарына нааразы болгон кайрылуулар көп"


Жамиля Жаманбаева, Акыйкатчы.
Жамиля Жаманбаева, Акыйкатчы.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ош шаарында 15 жаштагы кызды мажбурлап сексуалдык кулчулукта кармаган адамдарга токтоосуз чара көрүүгө жана кыздын укугун коргоого аймактагы күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин чакырды.

Ал зомбулукка кабылган адамдардын укугу жетиштүү деңгээлде корголбой жатканын "Азаттыкка" курган маегинде белгиледи.

- Акыйкатчы институту укук коргоо органдарын жана башка мамлекеттик органдарды адам укуктарын сактоого, калктын аялуу катмарына зомбулук жасагандарга карата мыйзам чегинде чара көрүүгө чакырган учурлары арбыды. Мисалы, акыркы эки жумада эле адам сатуунун, кулчулуктун курмандыктары болгон жарандардын укугун коргоп, аларга зомбулук көрсөткөн тараптарды мыйзам чегине жоопко тартуу зарылдыгын белгилеп, күч кызматтарынын жетекчилерине эки ирет кайрылдыңыз?

- Жакшы билесиздер, биз тараткан кабарларда айтылгандай, бизге адам сатуунун, кулчулуктун, сексуалдык же физикалык зомбулукка кабылып, бирок укугу тебеленгенин айткан жабырлануучулар, калктын аялуу катмарынын өкүлдөрү көп кайрылышат. Ошондуктан, Акыйкатчы институту өзүнүн мандатына ылайык, Кыргызстандагы мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын көңүлүн бура турган маалыматтарды жарыялоого аргасызбыз. Анткени, бул коомчулукка сыр деле эмес, ошол биздин кайрылуулардан кийин айрым укук коргоо органдарынын жетекчилери ал окуяларга көңүл буруп, эске алып, жүргүзүлүүчү иш-чаралар тездетилип, күнөөлүү адамдарды аныктаган учурлар бар.


- Ош шаарында укугу бузулуп, зомбулукка кабылган 15 жаштагы кыз боюнча билдирүүңүз чыккандан кийин ага Ички иштер министрлиги расмий жооп берди. Анда бул окуя боюнча жабырлануучу 23-августта эле милицияга кайрылганы айтылган. Адвокат милициянын аракетсиздигине даттанып жатат. ИИМ сиздерге кененирээк маалымат бере алдыбы бул иш боюнча?

- Ош шаарында 15 жаштагы кызга жасалган зомбулук, интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурланганы, сексуалдык кулчулукка кабылганы тууралуу Ички иштер министрлиги расмий маалыматында кыздын жактоочусу 23-августта эле кайрылганы жазылган. Бирок 23-августтан бери жетишээрлик деңгээлде иш-аракеттер жургөн эмес. Ошондуктан, кыздын адвокаты биздин Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнө кайрылган. Милициянын маалыматында деле турат, арыз 23-августта жазылганы менен, 27-августта, биздин ачык кайрылуубуздан кийин, кылмыш иши козголуп, эки адам тергөөгө жеткирилиптир.

- Зомбулукка кабылган кыз-келиндер, жаш балдар, майыптыгы бар адамдардын укугу айрыкча аймактарда көп тебеленет. Чакан аймак, бири-бирине өң тааныш же "боло берет" кайдыгерлик мамиле буга негизги себеп болуп жаткандай... Сиздин пикириңиз?

- Мен айтар элем, буга бир жагынан аймакта жашоочулардын өз укуктарын жакшы билбегени, "эл эмне дейт?" деген көз караш менен жашаганы да себеби чоң. Ошол эле аймактагы күч кызматтары тарабынан коргоонун жетишсиздиги да башкы себеп. Анткени, биздин аймактардагы өкүлчүлүктөрүбүзгө кайрылган жарандарыбыз абдан көп.

- Акыйкатчы институтуна адатта милиция, прокуратура, сот органдарынан акыйкаттык таппаган, айрым учурларда тескерисинче запкы жегенин айткан жарандар кайрылышат го. Адам укугун начарлап бараткан абалын жакшыртуу, жабырлануучунун, аярлуу жарандарыбыздын укугун, коопсуздугун коргоо жаатында мамлекет башындагы жетекчилерден, башкы прокуратурадан кандай колдоо бар?

- Жарандар Акыйкатчы институтуна кайрылып, биздин реакцияны күткөнү - менимче укук коргоо органдарынын жетишерлик деңгээлде иштебегенинин жыйынтыгы. Эгер ошол эле милиция, прокуратурага калктын аялуу катмарынын өкүлдөрү, жабырлануучулар кайрылып, көйгөйүн айткан учурда аларга өзгөчө мамиле кылып, укуктарын коргоого алышы керек. Биз прокуратура, Ички иштер органдарына байма-бай каттарды жазып, көйгөйлөрдү көтөрүп келебиз. Май айында мамлекет башчы Садыр Жапаров менен жолугушканыбызда ал да ошол көйгөйдү белгилеп, өзгөчө кыз-келиндердин, балдардын укуктарын коргоо өзгөчө фокуста болушу керектигин айтты. Чындыгында бизге кайрылган көпчүлүк даттануулардын басымдуу бөлүгү укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, алардын кыймыл-аракеттерине байланыштуу. Ошондуктан, кандайдыр бир укук бузууларды биз аныктасак, прокуратурага жиберебиз. Анткени, прокуратура - биздин өлкөдөгү мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзүүчү жалгыз орган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG