Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:21

Бийликти сындаган Фейсбук колдонуучу, козголгон кылмыш иши


Мирланбек Марат уулу. Фейсбук баракчасынан алынган сүрөт.
Мирланбек Марат уулу. Фейсбук баракчасынан алынган сүрөт.

Кыргызстанда үйү тинтүүгө алынган активист, социалдык тармактын активдүү колдонуучусу Мирланбек Маратбек уулунан алынган материалдар боюнча экспертиза дайындалды. Милиция ага Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди.

Анын Чүй облусундагы үйүн Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тинтүүгө алганы 15-августта белгилүү болду.

“Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси менен козголгон иш

Милиция анын үйүн тинтүү үчүн келгенде Каракол шаардык сотунун токтомун көрсөтүшкөнү белгилүү болду.

Маратбек уулу социалдык тармакта бийликтин иш-аракеттерин сындап келет.

Бирок Ысык-Көл облустук милициясы ага Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси менен иш козголгонун, бул активисттин билдирүүлөрүнө байланышы жоктугун билдирди.

“Маратбек уулунун үйүндө тинтүү жүрүп, буюмдар алынган. Тагыраагы, үч флеш карта, уюлдук телефон, ноутбук сыяктуу каражаттар алынып, дин таануу жана линвистикалык экспертизага өткөрүп берилди. Өзү үйүндө эле”, - деди Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Сталбек Усубакунов.

Милиция тергөөнүн кызыкчылыгын жүйө келтирип, кылмыш иши тууралуу толук маалымат берген жок. Үйүндө тиндүү болгондон кийин активисттин өзү менен да байланышууга мүмкүн болбоду.

Маратбек уулунун социалдык тармактагы билдирүүлөрүндө мыйзамга каршы келген нерселер жок экенин белгилеп, соңку окуяны активисттин сын-пикирин чектөө аракети катары баалагандар бар.

Журналист Канышай Мамыркулова буларды айтты:

“Анын буга чейинки посттору түгүл, бардык иш-аракети менин көз алдымда болот. Ал менин иним, Арык тукумунанбыз. Ошол себептен аны жакшы билем. Мурда аскер тармагында иштеген. Ал байкабастыктан деле мыйзам бузуп ала турган катмардын өкүлү эмес. Мамлекеттин эң биринчи байлыгы – адамдар. Алардын укугу, эркиндиги коркунучта турган кезде ушул сыяктуу башка иштер 2-3 планга калышы керек. Тилекке каршы, коомчулук укуктук ыплас иштерди карап коюп өткөрүп жибергенге көнүп алдык”.

"Адам укугун бузууга жатат"

Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы Турсунбек Акун мындай аракеттер адам укугун бузууга жатат деген пикири менен бөлүштү:

“Социалдык тармакта пикирин айтканы үчүн жоопко тарткан учурлар көбөйүп жатат. Бул адам укугуна, эл аралык келишимдерге каршы келет. Албетте, экономикалык, социалдык жактан көптөгөн жакшы иштер жасалып жатат. Бул жакшы. Бирок адам укугун чектеп, демократияга келтирилген зыян жакшы иштерди жууп кетип жатат. Адам укугун коргогон, демократиядан эч кайсы өлкө артка кеткен эмес”.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги корголорун такай кайталап келет. Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине курган маегинде "сөз эркиндиги жок деп эсептегендер - өлкөдө бүлүк салууну пландагандар" деп сыпаттаган.

Жакында эле Министрлер кабинети Интернеттеги жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жалаа жана мазактоо сөздөрү үчүн айып пул салган мыйзам долбоорун сунуштады.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдында маалымат изилдөө борбору түзүлгөнү жатат. Өкмөт мындай аракетин жарандарды фейк маалыматтардан коргоп, жоопкерчиликти күчөтүү максаты менен түшүндүрөт.

"Азаттык" радиосу былтыр декабрда 2020-жылдын ноябрынан бери социалдык тармактарда пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголгон же жазага тартылган 30га чукул жарандын тизмесин жарыялаган.

Кармалгандар арасында 70 жаштагы байбиче жана 21 жаштагы студент да болгон.

"Жөн гана пост бөлүшкөм". Пикир үчүн айыпталгандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:04 0:00

XS
SM
MD
LG