Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:44

"Кылмышкерди сот гана аныктайт". Базарбеков тергөө органдарына кайрылды


Замирбек Базарбеков
Замирбек Базарбеков

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков тергөө, күч органдарына кайрылып, "күнөөсүздүк презумпциясын" сактоону эскертти. Соңку кездери өлкөдө кайсы бир иш менен кармалган, же айып тагылган адамды дароо кылмышкер катары көрсөткөн, ошондой мазмунда маалымат тараткан көрүнүш жайылды.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков тергөө органдарына жолдогон кайрылуусунда "күнөөсүздүк презумпциясы" өлкөнүн баш мыйзамында көрсөтүлгөнүн эскертти. Бул адилеттүүлүктүн негизги прициби экенин, аны сактоо зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле күч органдары кармалган, же айып тагылган жарандарды дароо кылмышкер катары көрсөткөн учурларга токтолду. Мунун айынан сот бийлигине болгон ишеним жоголушу мүмкүн экенин айтты.

"Менин сиздерге ачык кайрылуу жасоомдун себеби — укук коргоо жана күч органдарынын кызматкерлеринин күнөөсүздүк презумпциясын сактоонун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы болду. Конституциясынын 57-беренесинде бекитилген күнөөсүздүк презумпциясы — адилеттүүлүктүн негизги принциптеринин бири болуп саналат. Баш мыйзамдын 57-беренесинин 1-бөлүгүндө, "ар бир адам анын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен аныкталмайынча, кылмыш жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт", - деп айтылат. Бул принцип Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Тергөө органдары чоң кармоолор жана айыптоолор боюнча маалыматтарды ЖМКларга шашылыш билдирип, коомчулукка кылмыш далилденгендей маалымат беришет жана кармалгандарды кылмышкерлер катары көрсөтүшөт. Мындай агрессивдүү маалымат саясаты, күнөөсүздүк принцибин четке кагып, коомчулуктун сот бийлигине болгон ишенимин жоготот", - деп айтылган кайрылууда.

Базарбеков тергөө органдары тараткан бир маалымат тууралуу мисал келтирген. Ал кабар шашылыш чыкканын, "чуулгандуу пресс-релизден бир аз убакыт өткөндөн кийин эле тергөөчү кылмыш ишин токтотуу жөнүндө токтом чыгарганын" белгилеген.

Тергөө кызматтары бар Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук комитети Базарбековдун кайрылуусу тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Адвокат Кантемир Турдалиевдин пикиринде, соңку учурда иш козголгон жарандарды дароо эле кылмышкер катары көрсөткөн учурлар көбөйдү.

Кантемир Турдалиев
Кантемир Турдалиев

"Бул принцип Конституцияда да, Кылмыш-жаза кодексинде дагы жазылган. Жарандын күнөөсү күчүнө кирген соттун өкүмү болмоюнча ал күнөөсүз деп турат. Кээ бир учурда чынында эле шоу кылып жиберип жатышат. Мен муну туура эмес деп эсептейм. Кармоолордо мыйзамдар сакталышы керек, "күнөөсүздүк презумпциясы" сакталышы керек. Эгер ошол кармалган адам аны соттун чечими жок эле кылмышкер деп аташканы үчүн сотко берсе, ал соттон утат. Бирок андай адамдардын баары эле сотко кайрылбай жатпайбы. Соттун өкүмү күчүнө кирмейинче аны кылмышкер деп атоого эч кимдин акысы жок".

Жогорку соттун мурдагы төрагасы, парламенттин экс-депутаты Курманбек Осмонов мындай көрүнүш мурдатан калыптанып калганына токтолду.

Курманбек Осмонов
Курманбек Осмонов

"Ушундай көрүнүштөр, тилекке каршы, болуп жатат. Замирбек Базарбеков туура кайрылуу жасаптыр. Күнөөсү аныкталганга чейин кылмышка шектүү гана болот. Тергөө жүрүп жаткан мезгилде, тергөө аяктай элек мезгилде эле адамды кылмышкер деп жарыялоо мыйзамга туура келбейт. Айдан ачык жасалган, анан жашыруун, латентүү кылмыштар болот. Мисалы адам өлтүрүү, карактоо, зордуктоо өңдүү айдан ачык жасалган кылмыштарда тергөөдө кылмышкер кармалды деп айтылган тажрыйба илгертен эле жайылып кеткен. "Ушул кылмышты жасаган адам кармалды, иш козголду, тергөө жүрүп жатат" дегендей маалымат берип келишкен. Бирок кылмышкер деп сот гана айта алат".

"Күнөөсүздүк презумпциясы" тууралуу былтыр май айында Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалагандардын соту болуп жатканда талаш-талкуу чыккан. Камактагылардын адвокаттары басма сөз жыйынын өткөрүп, айыпталуучулардын конституциялык укугу, адилеттүү соттук териштирүүнүн негизги эрежелери бузулуп жатканын айтышкан. Ага президент Садыр Жапаровдун пикири негиз болгон.

Мамлекет башчы былтыр 12-майда Бишкектеги Ленин округунан парламентке талапкерлер менен кездешкенде бул ишке байланышкан суроого мындай жооп кайтарган: “Кылмыш кылганы үчүн камалып жатат да, жөн эле көчөдөн алып барып камап койгон жок. Төңкөрүш кылам деп атат, акча таратып жатат. Өлкөдө мыйзам, тартип болуш керек", – деп айткан.


Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалып, абактан чыккан укук коргоочу Рита Карасартова күч органдары кармоолор тууралуу музыка менен шөкөттөлгөн, жоон топ кызматкерлер кирип барып колго түшүргөнү тартылган видеолор аркылуу маалымат берүүгө өтүп алганына токтолду.

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

"Эгер жөнөкөй эле маалымат чыкса ага көп деле киши көңүл бурбайт. Анан кармоолор тууралуу шөкөттөп, блогерлердей кылып укмуштуудай тема коюп маалымат таратышат. Ушул нерсеге биздин коом дагы көнүп калганына байланыштуу ИИМ, УКМК журналисттерден дагы ашып кеткендей тема коюп, эч бир сот, тергөө боло электе эле ошол кармалган адамды кылмышкер кылып койгону бул өздөрүнүн жумушуна жардам берген аракеттей гана көрүнөт. Аны чуркап барып баса калып, башка-көзгө тепкендеринен өйдө көрсөтүшкөнү бул ошол "оор кылмышка барган адамды кармадык" дегенди далилдегиси келгендей сезилет. Жогорку соттун төрагасы туптуура айтып жатат. Сот гана кылмышкер экенин аныктайт".

Былтыр ноябрда УКМК “Сойкуканалардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду” деген маалымат тараткан. Анда Чүй менен Бишкекте Кылмыш-жаза кодексинин “Сойкулукка жана бузукулукка үгүттөө” деген беренесинин негизинде "10 сойкукана аныкталганы, жети сутенер жана 18–25 жаштагы 70ке чукул кыз-келин кармалганы" айтылган.


Атайын кызмат кармалган кыздардын бетин ачык көрсөтүп, айрымдарынын паспортун, ата-энесинин аты-жөнү жана телефон номуру менен кошо сүрөткө тартып жарыялаган. Кайсы бир соттун чечими менен "кылмышкер" деп расмий түрдө таанылбаган, күнөөсү далилдене элек кыздарды ачык жарыялап, жеке маалыматын да жайылтканы коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Атайын кызмат муну "алдын алуу иштери" деп түшүндүргөн.

Кыргызстанда сексуалдык кызмат көрсөтүүнү "кылмыш" деп атоого негиз болуучу мыйзам же норма жок. Андай иш менен алектенгендер жазаланбайт, кармалган учурда “бейбаштык” же “коомдук тартипти бузуу” сыяктуу беренелер менен айыппул салынат.

Акыйкатчы Жамила Жаманбаева бул окуяга байланыштуу тиешелүү органдарга кайрылып, бул кыз-келиндердин укугунун корголушун камсыздоого чакырган.

Базарбеков: УКМК сот ишинин сапатына жооп бере албайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:41:28 0:00

XS
SM
MD
LG