Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:55

"Элчи элге жакын болушу керек". Орусиядагы мигранттардын мүдөөсү


"Азаттыктын" коллажы
"Азаттыктын" коллажы

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп Улуттук банктын мурдагы төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев дайындалды. Орус жергесиндеги мигранттарга басым күчөгөн шартта Москвадагы элчиликтин дарегине сын айткандар арбын. Жаңы элчи мигранттар менен кандай иштешет? Ал эмнелерге көнүл бурушу зарыл?

"Мигранттардын көйгөйүн чечүү керек"

Кубанычбек Бөкөнтаев президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Мигранттар эң көп жана аларга ар тараптан басым күчөп турган өлкөгө дипломаттык тажрыйбасы жок элчи болуп барганы түрдүүчө бааланып жатат. Орусиядагы кыргызстандыктар Москвадагы элчиликтин, ар кайсы аймактагы консулдуктардын ишин сындашат.

Буга чейин Москвадагы рейд учурунда кармалып, Кыргызстанга депортация болуп келген Бактыгүл Молдобаева элчиликти элге жакын болсо деп тилейт. Ал үй-бүлөсүн багам деп барган мекендештерге депортация болгонго чейин жардам берүүнүн жолдорун караштырууну суранып жатат. Ошондой эле мигранттар кармалып турган жабык жайлардан кабар алуу зарылдыгын айтты:

"Элге, мигранттарга күйгөн адам дайындалды деп үмүт кылабыз. Элчи жана кызматкерлер жабык жайлардан кабар алып турса. Анткени ошол жерде мигранттардын укугу көбүрөөк бузулуп, Кыргызстанга жөнөткөн учурда ур-токмокко алып, ток менен тарттырып, камерасы жок жерлерге алып кирип, акчасын алганга жол бербестен, көзөмөл кылуусун суранат элем. Мисалы, "Сахарового" түшүп калган көп эле кыргызстандыктар менен сүйлөштүм, бардыгы эле элчиликтен өкүлдөр барбаганын айтышты. Жок дегенде кыргызстандыктарды мекенине жөнөткөн учурда көзөмөл кылып турса жакшы болот эле. Көп учурда "бизде арыз-даттануулар жок" деп эле айта беришет. Телефондорун алып койгон үчүн алар эч кимге кайрылып, арыздана албайт. Кыргызстанга келгенден кийин арыздангандын кажети, пайдасы жок. Алдын ала депортацияга жеткирбей маселени чечүү жолдорун карашса жакшы болмок. Анткени Москвага деле адам жыргаганынан барбайт, бала-чакасын багайын деп барат".

Кыргызстандын Орусиядагы жана Армениядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат бир топ сындардан кийин быйыл май айында кызматтан алынган. Ал элчи болуп турганда ишине байланыштуу маселе бир нече жолу көтөрүлүп, Жогорку Кеңеште анын кызмат ордун кароо сунушу айтылган. Мындай маселе мурдагы жылкы курултайда да козголгон.

Соңку 20 жылда Москвада жашап жүргөн ишкер Толкунбек Акматов элчи эл менен аралашып жүргөндө гана алардын көйгөйүн түшүнөт деп эсептейт.

" Эл менен эле иштешсе жакшы болот. Буга чейин көп эле элчи келип, 20 жылда көбү менен эле иштештик, көрдүк. Айрымдары эл менен аралашып эле жүрүштү. Өтө кыйын пандемия учурунда 300-400 киши элчиликке келип алат. Ошондо деле элчи өзү чыгып, сүйлөшүп, түшүндүрүп койчу. Эл менен аралашса эле, мигранттардын көйгөйүн угуп, жеринде чечсе эле болду. Элчинин милдети - эки элдин мамилелерин түзүү, жакшы болушуна көмөк көрсөтүү. Ушул эле жумушту аткарса эл деле тепкилебейт эле".

Соңку учурда Орусия миграциялык эреже, мыйзамдарды кыйла катаалдатып, рейд, текшерүүлөр, чет элдиктерди өз өлкөсүнө депортациялоо, өлкөдөн чыгарган көрүнүштөр токтой элек. Мындан улам Кыргызстанга кайткандардын саны дагы соңку учурда өскөн.

Мигранттардын кесиптик бирлигинин Урал жана Сибир округдары боюнча өкүлү Кубанычбек Айдаров элчилик жана анын өкүлчүлүктөрү бюрократиядан алыс болушу керек деген оюн ортого салды:

"Жаңы элчи жер-жерлердеги өкүлчүлүк, консулдарга кыргыз жарандарына жакыныраак болуп, көбүрөөк жардам берүүнү катуу талап кылыш керек. Бюрократияны азайтып, кичине элге аралашкыла, бир аз болсо да элдин көйгөйүн уккула деген сунуштарды айтыш керек. Чындыгында акыркы учурда элден аябай эле алыстап кетишкен. Жөнөкөй эл чукул жардам керек болгондо кыйналып калып жатышат. Жоголуп кеткен документтерди калыбына келтирүүдө түйшүктөр жаралып жатат. Жер-жерлердеги элчиликтин өкүлү, консул, концелярия башчыларын "эл үчүн, мамлекет үчүн бир аз күйүп койгула" деп жүрөгүн ойготуш керек болуп жатат".

"Кыргызстандыктарга кыйла жеңилдиктер бар"

Тышкы иштер министрлигинин расмий маалыматына караганда, 655 миңден ашуун Кыргызстандын жараны чет өлкөлөрдө иштеп жүрөт. Алардын теңинен көбү Орусияда. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев элчиликтин кызматкерлери мигранттардын укугун коргоодо, жумушун жеңилдетип берүүдө иштерди аткарып келатканын, бирок миңдеген кишинин көйгөйүн чечүүгө кадрлар жетишпей турганын 5-августта маалымат жыйында билдирген.

Жээнбек Кулубаев.
Жээнбек Кулубаев.

"Москвада 20 консул иштейт. Алар күнүмдүк иштерден бошобойт. Миграция министрлигинин да өкүлдөрү бар. Ашып барса 30 киши миңдеген кишинин артынан жүрүүсү оор эле иш. Ошентсе дагы Орусия тарап менен "Сахарово" борборунун жетекчилери менен биздин консул ар ай сайын жолугуп, кеңешүү жүргүзүп, сунуштарды айтып жатабыз. Эгер алар туура көрсө айрым жарандардын иштери жеңилдетилип жатат. Баарына жетишпейт, бирок мигранттардын турмушун жеңилдетүү, жеке укуктарын бузбоо боюнча жеке эле миграция менен эмес, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги, Башкы прокуратура жана Тергөө комитети менен дайыма кеңешип, ойлорубузду айтып жатабыз. Айрым өлкөлөрдүн, мисалы Тажикстан, Өзбекстан жарандарына караганда кыргызстандыктар көптөгөн жеңилдиктер менен жүрүшөт".

Буга чейин Татарстанда такси кызматында иштеген кыргызстандыктар Казандагы консулдуктун үстүнөн даттанып, бийликке кайрылышкан. Алар полициянын негизсиз текшерүүсү күчөгөнүнө, мындай жагдайда башкы консул менен жолугуу мүмкүн болбой жатканына арызданышкан. Расмий Бишкек бул маселе көзөмөлгө алынганын билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Орусияда саясий салмагы бар, дасыккан дипломат иштеши керек деп эсептейт.

Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

"Орусия менен саясий-экономикалык кызматташтыгыбыз абдан маанилүү. Өзгөчө соңку учурда мигранттарга болгон текшерүүлөр, орус тилине болгон талап абдан күчөп жатат. Жакында эле Орусияга барып келдим, жолуккан мекендештер ыксыз текшерүүлөр күчөгөнүн айтып, бийлик ушуну чечсе болот эле деген өтүнүч көп болду. Учурда газ тартыштыгы маселе жаратып жатат. Бөкөнтаев менен Улуттук банктын төрөгасы катары иштештик, бирок элчи катары кандай иштей турганын билбем. Анткени мекендештердин кайрылуулары абдан көп. Документ маселесинде, текшерүүлөр, жүздөгөн жараныбыз абакта жатат, ал жактан согушка кетирген учурлар бар. Айлап иштетип айлыгын бербей койгон маселе бар. Ошондуктан ал жакка күнү-түнү иштеген энергиялуу, элге жакын, ошол эле убакта саясий салмагы бар, дасыккан дипломат керек болчу. Бөкөнтаевди көрөбүз, ага өзүн көрсөткөнгө 2-3 ай жетет деп ойлойм".

Жаңы элчи ким?

Быйыл 26-июнда Бөкөнтаев Улуттук банктын төрагасы кызматынан кеткен. Ал 1992-жылы эмгек жолун Улуттук банктын Валюталык башкармалыгында экономист болуп иштөөдөн баштаган. 1998-2002-жылдары коммерциялык банктарда иштесе, андан кийин “Кыргызстандын банк кабарчысы”, “Банкир”, “Экономика. Банктар. Бизнес” аттуу гезит-журналдарда жетекчилик кызматтарды аркалаган.

Ортодо “Сорос-Кыргызстан” фондунда, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасында (ПРООН), Кредиттик союздарды өнүктүрүү боюнча финансылык компанияда (ФКПРКС) иштеп турган.

2006-жылы, ошол учурдагы президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалган. 2010-жылы Апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттүн каржылык аракеттери жөнүндө билдирүүсүнөн кийин декрет менен кызматтан алынган.

Башкы прокуратура ошол кезде Улуттук банктын жетекчилигин “АзияУниверсалБанктын” ячейкаларынан 3 млрд сом жоголгону үчүн айыптаган. Бөкөнтаев бул айыптоолорду четке кагып, Апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөт өзү коротуп салган акчаны мойнуна илип, кылмыш ишин козгогонун билдирген.

ТИМдин маалыматына ылайык, соңку турдүү кырдаалдардан улам 1,5 жылда Орусиядагы мигранттардын саны дээрлик 400 миңге азайган. Расмий маалыматта бул өлкөдө 400 миңдей кыргызстандык жаран иштеп жүргөнү айтылган.

XS
SM
MD
LG