Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:49

Ысыкта кой жайган жеткинчек, унутулган укук


Баланын кой кайтарып жүргөнү тартылган видеодон алынган сүрөт. 2-август, 2024-жыл.
Баланын кой кайтарып жүргөнү тартылган видеодон алынган сүрөт. 2-август, 2024-жыл.

Таласта талаада кой жайып жүргөн баланын видеосу боюнча териштирүү жүрүп, бир катар жагдайлар ачыкка чыкты. Анткен менен окуя балдардын эмгекке күчтөп тартылып, укугу бузулуп жатканын эске салды. 

Интернетке 2-августта тарап, талкууга түшкөн видеодон кийими жок, күнгө күйгөн баланын ысыкта кой жайып жүргөнүн көрүүгө болот.

Тасманын автору бала Казакстан менен чектеш жердеги кашарда жалгыз жашай турганын, кечинде чөөлөрдөн коркуп чатырга чыгарын, ачка жүргөнү үчүн ары-бери өткөндөр боору ооруп, тамак-аш таштап кетерин айткан.

Видеодо сүйлөп жаткан адам каргадай уулунан кабар албаган баланын атасын сындаган.

Видео интернетке тарагандан кийин Талас облустук милициясынын басма сөз кызматы окуяга тиешеси бар жарандар, анын ичинде видеого тарткан жаран дагы Айтматов райондук ички иштер бөлүмүнө алып келингенин билдирген.

Териштирүү учурунда бала 2014-жылы туулганы, Айтматов районунун Арчагул айылындагы мектепте окуй турганы маалым болгон.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Шеркул Турганбаев баланын өгөй атасына түшүндүрүү иштери жүргөнүн, үй-бүлө эми көзөмөлдө болорун кабарлады:

"Бала мектепте окуйт, окуу учурунда сабактарды калтырбай турганын класс жетекчиси тактады. Казакстан Республикасы менен чектеш Көк-Дөбө участкасында жайгашкан сарайда таенеси менен биргеликте өздөрүнүн 50дөй коюн багып жатканы белгилүү болду. Апасы төртүнчү баласын төрөп, ооруканада болгондуктан, атасы кичүү инилерин карап, Арчагул айылындагы үйүндө болгон. Өспүрүм социалдык кызматкерлердин катышуусунда көрсөтмө берип, ата-энесинен эч кандай зомбулук көрбөгөнүн жана малды кароого өз ыктыяры менен көмөк көрсөтүп жатканын айтып берди", - деди Турганбаев.

"Уулум тууралуу маалымат жалган"

Көп өтпөй кой кайтарып жүргөн баланын атасы Орозбек Эшалиев кайрылуу жасап, видеого тарткан адам жалган маалымат таратканын айтты:

"Инстаграмга чыккан балам ушул. Келинчегим төрөп, эки кичине баламды карап үйдө калгам. Аялым азыр Таласта. Бул чоң балам таенеме барам дегенден, алып баргам. Койду бери кайрып жатканда артынан келип тартып алыптыр. Балам аны байкабаптыр дагы. Курсагы акча, кийими жок дегендин баары жалган”, - деген Эшалиев.

Орозбек Эшалиев.
Орозбек Эшалиев.

Милициянын маалыматында бала апасынын биринчи турмушунан. 34 жаштагы келин экинчи жолу Эшалиев менен кол кармашып, дагы үч бала төрөгөн.

Ал эми баланы видеого тарткан адам акыл-эси жайында эмес деп, атайын каттоодо турганы маалым болду. Ал баланын атасынан жалган маалымат таратканы үчүн кечирим сураган.

"Бала мындан ары көзөмөлдө болууга тийиш"

Укук коргоочу Назгүл Турдубекова мындан кийин бул үй-бүлөгө райондук администрация, айыл өкмөт, социалдык кызматкерлер көз салышы керек деген пикирде.

“Мыйзам боюнча бала 14 жашка чыкканга чейин оор жумушта иштебеш керек. Иш берүүчү дагы аны билиши керек. Таластагы окуя боюнча айтсам, кичинекей бала башында баш кийими жок, ысыкта кой кайтарып жүрөт. Бала өзүм кайтарам деген күндө дагы кийими жок тышка чыгарбаш керек. Ушундай ысыкта кантип ата-эне кой кайтартты?”.

Мурдагы акыйкатчы, юрист Атыр Абдрахматова өкмөт атайын база түзүп, оор шартта жашаган үй-бүлөлөрдүн балдарын көзөмөлдөп турушу керектигин айтты:

"Балдар боюнча кодексте дагы "Эң биринчи оор шартта жашаган балдардын тизмеси, базасы болуш керек" деп турат. Бизде өлкөдө мамлекет айып пул төлөбөгөндөрдү, мамлекетке карызы барларды, мыйзамсыз байыгандарды ыкчам териштирип таап алат эмеспи. Бул нерсе аялуу топтор үчүн дагы иштеши керек. Мисалы, аны президент дагы карап, кечээгидей окуялар болгондо жеринен маалымат алып турса кандай жакшы. Бул жерде ата-эненин дагы жоопкерчилиги чоң. Алардын жоопкерчилиги балага канчалык психологиялык жана моралдык жактан зыян келгени менен эсептелиши керек деп ойлойм. Андан соң жазага тартылышы шарт".

Ал эми педагог Асылбек Жооданбеков балдарды эмгекке үйрөтүү учурунда анын укугу бузулбашы керектигин белгиледи.

"Таластагы окуяга коомчулук дароо реакция кылышты. Бул албетте дурус иш болду. Эртеси баланын атасы чыгып, башка маалымат берди. Бул дагы коомдук пикирдин артыкчылыгы, экинчи жагынан бир беткей маалыматка этият мамиле кылуу керектигин көрсөтүп жатат. Айылда балдар ата-энесине көп кол кабыш кылат. Бирок баланын күндүн ысыгында кой кайтарып жүргөнү ата-эненин жоокерчилигинде. Балдардын укугу менен бирге ата-эненин педагогикалык сабаттуулугуна да көңүл бурууга мезгил жетти. Эгер ата-эне иштесе, баласын кошо ала жүрүп үйрөткөнү сонун. Эмгек балага жагымдуу болсо андан жакшы. Бирок баланы кул катары көрүп, кыйнап, анын укугу менен ден соолугунан да оокат маанилүү болсо, анда мамлекет тарабынан кийлигишүү болушу керек".

"Балдарды иштетүү токтой элек"

Адистердин айтымында, Кыргызстанда балдар эмгегин эксплуатациялоо токтой элек.

Укук коргоочулар берген маалыматка таянсак, Улуттук статистика комитети 2023-жылдагы көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөө жарыялаган. Анда Кыргызстанда балдардын 20 пайызы эмгекке тартылары айтылган жана алардын басымдуусу эркек балдар болуп чыккан.

Ошондой эле оор шартта жашаган үй-бүлөлөрдүн балдары колунда барларга караганда беш эсе көп эмгекке тартылары аныкталып, аймактар боюнча балдар эмгегинин эң жогорку көрсөткүчү Нарын облусунда (31 пайыз), эң төмөн көрсөткүчү Бишкек шаарында (5 пайыз) экени такталган.

Назгүл Турдубекова сөөгү катый элек балдардын ишке тартылып жатышын өлкөдөгү экономикалык абалга байланыштырды.

“Айылда турсун Бишкектеги көпчүлүк эле ата-эне баласын каалаган курска, кошумча окууга алып бара албайт. Бизде көпчүлүк өспүрүмдөр убагында туруктуу билим албагандыктан, кийин кайра кара жумушта иштейт же миграцияга кетет. Ушинтип окшош тагдырлар, окшош көйгөйлөр кайталанып, көйгөй курчуй берет".

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев май айында Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында Кыргызстанда балдарга каршы 52 зордук-зомбулук фактысы катталганын билдирген. Зомбулукка кабылгандардын арасынан 48и кыздар, төртөө эркек балдар экени айтылган.

Ага чейин январь айында мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев Кыргызстанда 2023-жылы балдарга каршы 1 832 кылмыш жасалганын билдирген. Мунун ичинен 478и Бишкекте, 427и Чүй облусунда, 220ы Жалал-Абадда, 225и Ош облусунда, 177и Ош шаарында, 119у Ысык-Көлдө, 89у Баткенде, 58и Нарында жана 39у Таласта катталган.

Акыйкатчы институту 2022-жылы Кыргызстанда жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук, адам укугун бузуу боюнча иштердин 31% кыскартылып, 32% гана сотко жеткенин маалымдаган. Калган 37% создуктурулуп, өндүрүштө калган.

  • 16x9 Image

    Айсалкын Качкынбекова

    Айсалкын Качкынбекова "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, 2016-жылы Эл аралык Кувейт университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG