Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:32

ИИМ Ошто сексуалдык кулчулукка кабылды деген секелектин иши тууралуу маалымат берди


Ошто жашы жете элек кызды бир топ адамдар суу жээгине алып барып, сабап, эч жакка чыгарбай кармашканы тууралуу маалымат 23-август күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгында катталып, текшерүү иштери башталды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 27-августта билдирди. Анда секелек кыздын сексуалдык зомбулукка кабылганы боюнча ишти Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2-башкармалыгы иликтөөгө алганы айтылган.

"ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Ош шаарынын жашы жете элек тургунун бир топ балдар менен кыздар Кара-Суу районундагы каналдын жээгине алып барып, эч себепсиз ага күч колдонуп сабашып, бир нече күндөн бери белгисиз даректе кармашкандыгы боюнча ыкчам маалымат алышкан. Жашы жете элек М.М. социалдык коргоо кызматынын катышуусунда күбө катарында суракка алынып, өз көрсөтмөсүн берген. Жабырлануучуга соттук-медициналык жана биологиялык экспертиза дайындалган. Ошондой эле, далил катары видеолор алынган", - деп жазылган анда.

ИИМ жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында кызды уруп-сабоого катышы бар деген шек менен 21 жаштагы Э. Б. жана секелекти Ош шаарындагы мейманканада зордуктоого шек саналып 27 жаштагы У. Х. аттуу жарандар тергөө кызматына жеткирилгенин кабарлады. Алардын бөгөт чарасы тууралуу маалымат берген жок.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева 27-августта Ош шаарында 15 жаштагы кызды мажбурлап сексуалдык кулчулукта кармаган адамдарга токтоосуз чара көрүүгө жана кыздын укугун коргоого аймактагы күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин чакырган.

Башкы прокуратуранын расмий маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2023-жылы балдарга каршы 1 832 кылмыш жасалган. Мунун 478и Бишкекте, 427и Чүй облусунда, 220сы Жалал-Абадда, 225и Ош облусунда, 177и Ош шаарында, 119у Ысык-Көлдө, 89у Баткенде, 58и Нарында жана 39у Таласта катталган.

Кыргызстандын акыйкатчысы 2022-жылы өлкөдө жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук, адам укугун бузуу боюнча иштердин 31% кыскартылып, 32% гана сотко жеткенин маалымдаган. Калган 37% создуктурулуп, териштирүү этабында калган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG