Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:39

Абактагы Айке жана Актилек эл аралык сыйлыкка көрсөтүлдү


Актилек Капаров жана Айке Бейшекеева.
Актилек Капаров жана Айке Бейшекеева.

Учурда абакта жаткан төрт журналисттин экөө Актилек Капаров жана Айке Бейшекеева Free Press Awards эл аралык сыйлыгына көрсөтүлдү.

Кыргызстандын аракеттеги медиа платформасы уюмунун кабарлашынча, сыйлыкка талапкерлерди көз карандысыз эл аралык эксперттер аныктап, жыйынтыгы сентябрда чыгарылат.

Актилек Капаров - Temirov Live каналынын иликтөөчү журналисти болгон. Камалганга чейин Alga.media долбоорун негиздеп, иштеп жаткан. Быйыл 16-январда 11 журналист менен кошо кармалып, камакка алынган.

Май айында Актилек Капаров өзүн токтоосуз бошотууну талап кылып, №1 тергөө абагында колун кескилегени маалым болгон.

Ал Кыргызстандагы он чакты жалпыга маалымдоо каражаттарына кат жазып, өзүнө тагылган айыптар, иштин деталдары жана башка жагдайлар жөнүндө маалыматтарды берген.

“Мени өлкөнүн жогорку жетекчилеринин коррупциялык схемаларын ачыктаганым үчүн куугунтукташууда”, – деп жазган Актилек Капаров.

Журналист буга мисал катары Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун, башка аткаминерлердин жакындары, бийлик өкүлдөрүнө жакын компаниялар тендерлерди утуп жатканы, президент Садыр Жапаровдун кудасы Турусбек Түмөнбаев жана башка темалар жөнүндө соңку иликтөөлөрүн жүйө келтирген.

Айке Бейшекеева - Temirov Live каналынын фактчекинг жасаган журналисти. 23 жашта, Польшадан билим алган.

Temirov Live каналынын негиздөөчүсү, журналист Болот Темиров Айке европалык окуучуларды адам укугу үчүн күрөшкөнү үчүн таасирленткенин Фейсбук баракчасына жазды.

Айке буга чейин соттук отурумдун алдында камалган журналисттер эч кандай төңкөрүш жасоого аракет кылбаганын, мамлекетке зыян эмес, пайда алып келерин айткан.

"Биздин ишибиз маалымат таратуу. Биздин кылмыштуу топтун мүчөлөрү, саясатчылар менен байланышыбыз жок", - деген Айке Бейшекеева темир тор артынан.

Абактагы төрт журналист, бийликтин реакциясы

Кыргызстанда 7-июндан тартып 11 журналистин иши боюнча сот жараяны өтүп жатат. Ишти Бишкектин Ленин райондук соту карап, отурумдар жабык өтүүдө.

Он бир журналисттин сегизи эч жакка кетпөө тилкаты өңдүү шарттар менен үй камагында.

Төртөө – Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын фактчекер журналисти Айке Бейшекеева камакта.

1-августта сот алардын бөгөт чарасын 2-октябрга чейин узартты.

Жалпы журналисттердин иши боюнча отурум ар аптанын бейшемби күнү болуп жаткан. Судья Кылычбек Истамкулов эмгек өргүүсүнө чыкканына байланыштуу отурум 29-августтан баштап уланмай болду.

Эл аралык коомчулук кыргыз бийлигин кабарчыларга толук эркиндик берүүгө чакырып келет.

Журналисттерди коргоо комитетинин Европа жана Борбор Азия программасынын координатору Гүлноза Саид буга чейин төрт журналистти абакта кармоо менен "кыргыз бийлиги сөз эркиндиги боюнча эл аралык милдеттенмелерин одоно бузууну улантып жатканын” айткан.

Бирок кыргыз бийлигинин өкүлдөрү мындай дооматтарды четке кагып келет.

Алсак, ички иштер министри Улан Ниязбеков апрель айында 11 журналисттин кармалышы жана аларга коюлган айыптар тууралуу “Кабар” агенттигине маек курган. Ал кармалган журналисттерди “жалган маалымат таратып, элди дүрбөтүп жатат” деп айыптаган.

“Журналисттербиз деп эле оозуна келгенди оттой берсе, камайбыз да. Жалган жалаа жаап, калп маалыматтарды таратып эч кандай жооп бербейбиз, биз журналистпиз деп отура берсе болобу?”, - деген Ниязбеков.

Ага чейин президент Садыр Жапаров да “Кабар” маалымат агенттигине курган маектеринин биринде камалган журналисттерди "адискөй эмес" деп сыпаттаган. Ал журналисттер социалдык тармактар аркылуу “ар кандай, анын ичинде өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирчү маалыматтарды жарыялап келишкенин” белгилеген.

Быйыл, 16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

Милиция “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларындагы материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG