Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Париж-2024: Михаин Лопес Олимпиаданын бешинчи алтынын утту


Михаин Лопес сыйлоо аземи учурунда. Париж. 7-август, 2024-жыл
Михаин Лопес сыйлоо аземи учурунда. Париж. 7-август, 2024-жыл

41 жаштагы кубалык балбан Михаин Лопес Нуньес грек-рим күрөшүнөн Олимпиада оюндарындагы бешинчи алтын медалын утту.

Олимпида оюндарынын тарыхында буга чейин бир спорт түрүнөн беш алтын медал уткан спортчу чыга элек болчу.

Париж Олимпиадасындагы грек-рим күрөшүнөн 130 килограммга чейинки салмакта финалдык беттеште атактуу Михаин Лопес Чилинин атынан чыккан, теги кубалык Ясмани Акостаны 6:0 эсебинде утту. Калыс Лопестин колун көтөргөндөн кийин, ал бут кийимин чечип килемди үстүнө коюп, спорттук карьерасын жыйынтыктаганын ишарат кылды.

"Мен бактылуумун, бул менин жашоомдогу, карьерамдагы эң бийик жетишкендик болду", - деди Лопес мелдештен соң.

Михаин Лопес күрөш бут кийимин килемдин үстүнө таштап, карьерасын жыйынтыктап кетип бараткан учуру.
Михаин Лопес күрөш бут кийимин килемдин үстүнө таштап, карьерасын жыйынтыктап кетип бараткан учуру.

Париждеги бул жеңишин балбан маркум атасына арнаган.

Михаин Лопес өз карьрерасында жалпы алты Олимпиадага катышкан. 2004-жылы Афинада өткөн алгачкы Олимпиадасында чейрек финалда жеңилсе, калган беш Олимпиададан (Бээжин, Лондон, Рио-де-Жанейро, Токио, Париж) беш алтын медал алып, беш жолу чемпион болду.

Ал Олимп оюндарынан уткан ар бир алтын медалын төмөндөгүчө сүрөттөдү: "Бээжин- жаштык. Лондон - эрдик. Рио - аракет. Токио - курмандык. Париж - кубаныч".

Михаин Лопес жана Чилинин атынан чыккан, теги кубалык Ясмани Акостанын финалдык беттеши.
Михаин Лопес жана Чилинин атынан чыккан, теги кубалык Ясмани Акостанын финалдык беттеши.

Михаин Лопес 2002-жылдан бери грек-рим күрөшүнөн мелдештерге тынымсыз катышып келет. Ал Олимпиададан сырткары беш жолку Дүйнө чемпиону болуп, беш жолу Панамерика оюндарын уткан. Тогуз жолу Панамериканын чемпиону болгонго жетишти. Үч ирет Дүйнө чемпионаттарынын күмүш медалын тагынган.

Михаин Лопес Нуньес үч Олимп оюндарынын ачылышында Кубанын желегин көтөрүп чыккан.
Михаин Лопес Нуньес үч Олимп оюндарынын ачылышында Кубанын желегин көтөрүп чыккан.
Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах Михайн Лопес Нуньестин беттешин көрүү үчүн келген учуру.
Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах Михайн Лопес Нуньестин беттешин көрүү үчүн келген учуру.
Михаин Лопес машыктыруучусун көтөрүп, жеңишин майрамдап жатат.
Михаин Лопес машыктыруучусун көтөрүп, жеңишин майрамдап жатат.
Михаин Лопестин апасы Леонор Нуньес (ортодо ак кийимчен) туугандары, кошуналары менен уулунун жеңишине кубанып жаткан учуру.
Михаин Лопестин апасы Леонор Нуньес (ортодо ак кийимчен) туугандары, кошуналары менен уулунун жеңишине кубанып жаткан учуру.
Михаин Лопес Нуньестин бою 195 см, салмагы 121 килограмм.
Михаин Лопес Нуньестин бою 195 см, салмагы 121 килограмм.
Грек-рим күрөшүнөн 130 килограммга чейинки салмакта алтын медалды Михаин Лопес Нуньес, күмүш медалды Ясмани Акоста, коло медалдарды ирандык Амин Мирзазаде менен кытайлык Мэн Линчжэ тагынышты.
Грек-рим күрөшүнөн 130 килограммга чейинки салмакта алтын медалды Михаин Лопес Нуньес, күмүш медалды Ясмани Акоста, коло медалдарды ирандык Амин Мирзазаде менен кытайлык Мэн Линчжэ тагынышты.

XS
SM
MD
LG