Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Мээрим финалда, Жоламан коло медалга күрөшөт


Мээрим Жуманазарова 68 килограммга чейинки салмакта жарым финалдык беттеште нигериялык Блессинг Оборудудуну 3:1 эсеби менен жеңип, финалга чыкты.
Мээрим Жуманазарова 68 килограммга чейинки салмакта жарым финалдык беттеште нигериялык Блессинг Оборудудуну 3:1 эсеби менен жеңип, финалга чыкты.

Париж Олимпиадасында Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшүнөн финалга чыкты. Ал Олимп оюндарынын финалына чыккан кыргызстандык экинчи балбан кыз. Мээрим Токио Олимпиадасында коло медал уткан.

"Чемпион болобуз деп келгенбиз"

"Чемпион болобуз деп келгенбиз. Көпчүлүк Мээримди утулат деп ойлошту", - деди мелдештен соң балбан кыздын машыктыруучусу Чынарбек Изабеков.

Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта жарым финалдык беттеште нигериялык Блессинг Оборудудуну 3:1 эсебинде жеңип, финалга чыкты.

Алдыда чемпиондук үчүн күрөшөт. Мээримдин атаандашы АКШнын балбаны, эки жолку дүйнө чемпиону Эмит Элор. Финалдык беттеш 7-августка караган түнү өтөт.

Машыктыруучу Изабеков Мээрим Олимпиадага жаракатына карабай келгенин айтты.

"Кыйын беттештер болду. Аягына чейин күрөшүп, финалга чыкты. Финалда америкалык балбан кыз менен күрөшөт. Чемпион болобуз деп келгенбиз. Көпчүлүгү Мээримди утулат деп ойлошту. Операция кылыш керек эле, ага карабай келди. Эгер операция болсо анда Олимпиадага катыша албай калмак".

Мээримдин финалга чейинки жолу

Мээрим Жуманазарова 1/8 финалда монголиялык Дэлгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде, чейрек финалда жапониялык Нонока Озакини акыркы көз ирмемде 8:6 менен утуп, жарым финалга чыккан.

Мээрим Жуманазарова жана жапониялык Нонока Озакинин беттеши.
Мээрим Жуманазарова жана жапониялык Нонока Озакинин беттеши.

Мээрим жарым финалдагы атаандашы Оборудуду менен буга чейин дагы эл аралык беттештерде бир нече ирет күрөшкөн эле.

35 жаштагы Блессинг Оборудуду Токио Олимпиадасында Мээримди жеңип алган. Бирок финалда жеңилип, Олимпиаданын күмүш медалынын ээси болгон.

Мээрим Токиодогу олимп оюндарынын коло байгесин уткан.

Андан кийин балбандар 2022-жылы Yasar Dogu рейтингдик мелдешинин финалында беттешип, анда да Оборудуду 3:0 эсеби менен жеңишке жетип, алтын медал уткан.

Мээрим Жуманазарова 24 жашта. Токио Олимпиадасында коло медал уткан (2021). Кыз-келиндер күрөшүнөн дүйнөнүн жана Азиянын чемпиону (2021), Азия оюндарында коло медалын (2018) жеңген. Эки ирет Азия чемпионатынын күмүш (2022), коло (2018, 2019) медалдарын уткан.

Жоламан коло медал үчүн күрөшөт

Грек-рим күрөшүнүн балбаны Жоламан Шаршенбеков 60 килограмм салмакта Олимпиада оюндарынын жарым финалында жапон балбаны, Токио олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Кеничиро Фумитага 3:4 эсебинде жеңилди.

Кеничиро Фумита жана Жоламан Шаршенбеков.
Кеничиро Фумита жана Жоламан Шаршенбеков.

Буга чейин эки балбан эки жолу бетешкен. 2023-жылы Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында кездешип, Жоламан атаандашын 11:6 эсебинде утуп, алтын медал тагынган.

Ал эми 2020-жылы Азия чемпионатынын финалында Кеничиро Жоламанды 4:0 менен уткан. Бул эки балбандын үчүнчү беттеши болду.

"Жоламандын коло утканга мүмкүнчүлүгү аябай жакшы. Эртең көңүл жубатуучу беттеште кубалык Кевин Юран де Армас менен ирандык балбан Мехди Мохсен Неджад күрөшөт. Мен Мохсен Неджад Жолмандын атаандашы болот деп ойлоп жатам. Аны Жоламан мурун утуп жүргөн. Мохсен Неджад менен болчу беттеште Жоламан фаворит болот жана жеңишке жете алат деп ойлойм", - деди спорт баяндамачы Бексултан Усеналиев.

Жоламан Олимп оюндарына экинчи жолу катышууда. 2021-жылы Токиодо 7-орунду ээлеген.

Жоламан Шаршенбеков Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) рейтингинде 60 килограмм салмакта биринчи орунда турат. Ал соңку эки жылда жети мелдештин баарында жеңүүчү болду. Анын алтоо алтын, бирөө коло медал. Ошондуктан Париж Олимпиадасына чемпиондукка талапкерлердин катарында барган.

Жоламан Шаршенбеков 25 жашта. Грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону, эки жолку күмүш байгесинин ээси. Азиянын үч жолку чемпиону жана эки жолку күмүш байгесинин ээси. Азия оюндарынын жеңүүчүсү. Олимп оюндарына экинчи жолу катышууда. 2021-жылы Токио оюндарында 7-орунду ээлеген.

Кеничиро Фумита 29 жашта. Грек-рим күрөшү боюнча Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, бир жолку күмүш, бир жолку коло байгесинин ээси. Азиянын эки жолку чемпиону. Токио Олимпиадасында күмүш байге алган.

Грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта жалпы 17 балбан катышты. Алтынга башкы талапкерлер болгон молдовалык Виктор Чабану, азербайжандык Мурад Мамедов биринчи беттештеринде жеңилди.

"Бул Олимпиада оюндарында фавориттердин көбү жеңилип калды. Виктор Чабану да, Мурад Мамедов да жеңилди. Бул чоң сенсация. Кытайлык балбан финалга чыгып кетти. Өткөн Олимпиада оюндарында да сенсация болуп, кубалык Луис Орта Санчес чемпион болгон. Олимпиада оюндарында мындай окуялар болуп турат. Ошонусу менен Олимп оюндары кызыктуу", - деди Бексултан Усеналиев.

Грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта мелдешке катышкан 17 балбан күч сынашты. Эми финалдык беттеште Кеничиро Фумита кытайлык Лигуо Цао менен беттешет.

5-августа кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта, грек-рим күрөшүнөн 60 жана 130 килограммга чейинки салмакта мелдештер өттү. 6-августта саат 22:10дө дал ушул салмактар коло байге үчүн анын артынан финалдык беттештер өтөт.

Ага чейин кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков мелдешке чыгат.

Грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта Акжол Махмудов 1/8 финалда АКШ балбаны Камал Амир Бей менен таймашат. Ал эми 97 килограммга чейинки салмакта Үзүр Жусупбеков 1/8 финалда литвалык Миндаугас Венкайтис менен күрөшөт.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.

XS
SM
MD
LG