Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Париж-2024: Мээрим күмүш, Жоламан коло медал тагынды


Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду. Бул Кыргызстандын спорт тарыхындагы эң чоң окуялардын бири. Ошондой эле грек-рим күрөшүнөн Жоломан Шаршенбеков Кыргызстанга коло медал утуп берди.

Мээрим финалда дүйнөнүн эки жолку чемпиону, америкалык Эмит Элорго 3: 0 эсебинде утулуп калды.

“Мээрим өзүнүн жаракатынан кийин кайра калыбына келип, өжөрлүгү менен финалга чыгып жакшы күрөштү. Тактикалык жактан гана утулуп калды десек болот”, - деди Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын улук машыктыруучусу Байгазы Кенжебаев.

“Күмүш медал деле жакшы. Мээримдин жаракатынан кийин абдан көп кейиштүү окуялар болгон. Олимпиадага эмес, жадагалса Азиялык лицензиялык мелдешке катыша алабызбы, катыша албайбызбы, жаракаты кандай болоор экен деп кызым көп түйшөлгөн учурларды өткөрдү. Акыркы Азиядагы мелдеште лизцения алды. Бирок жарым финалга чыгып утат экен дедик эле. Алтын буйруган эмес экен. Күмүш медалыбыз акжолтой медал болсун. Кызымдын ден соолугу чың болуп, жаракаттан алыс болуп, арабызда жүрсүн. Ким эле алтын күтпөйт. Буга чейинки бардык беттештеринде күчтүү кыздарды утту. Финалда күрөшү туура эмес болуп калды. Эки колун кармап алып ыкма жасаганга мүмкүнчүлүк бербей койду. Кемчиликтер бар, иштеш керек. Мээрим жаракатынан кийин бир жыл күрөшкөн жок. Акыркы бир жылда Азиялык лицензиялык мелдеште, анан экинчиси ушул Олимпиада оюндары болду. Кыска убактагы жетишкендик”, - деди Мээримдин атасы, кызынын алгачкы машыктыруучусу Дүйшөн Жуманазаров.

Париж Олимпиадасынын финалдык беттешине чейин Жуманазарова 5-августта үч беттеш өткөрдү. Алгач 1/8 финалда монголиялык Дэлгермаа Энхсайханды 8:3, чейрек финалда жапониялык Нонока Озакини 8:6, жарым финалда нигериялык Блессинг Оборудуду 3:1 эсебинде жеңген.

  • 24 жаштагы Мээрим Жуманазарова Токио Олимпиадасында коло медал уткан.
  • Кыз-келиндер күрөшүнөн дүйнөнүн жана Азиянын чемпиону (2021),
  • Азия оюндарынын коло медалын (2018) жеңген.
  • Эки ирет Азия чемпионатынын күмүш (2022), коло (2018, 2019) медалдарын уткан.

Мээрим Талас облусунда эркин күрөш боюнча машыктыруучу Дүйшөн Жуманазаров жана фельдшер-лаборант Айнура Чолпонкулованын үй-бүлөсүндө сегиз баланын төртүнчүсү болуп чоңойгон.

7-август күнү Кыргызстан Париждеги Олимпиада оюндарында ошентип бир күмүш, бир коло медал утту. Алдыда дагы кыргызстандык спортчулардын мелдештери бар.

"Кийинки Олимпиадага даярданам, эч качан токтобойбуз"

Жоламан Шаршенбеков Париж Олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта коло медал утту. Шаршенбеков 6-августта 3-орун үчүн беттеште ирандык Мехди Мохсен Нежадды 3:1 эсебинде жеңди. Бул Кыргызстандын Париж Олимпиадасындагы алгачкы байгеси.

Жоламан беттештен кийин “Азатыкка” кыска маек куруп, өзүнүн сезими менен бөлүштү.

“Кудайдын буйругу ушул экен, чындыгында мен деле алтын алгым келген. Негизи айта турчу нерсе көп. Кудай буюрса, муну менен токтобойбуз. Түнү менен салмак куудук. Утулдук деп баарын таштап, үмүт үзүп койгон туура эмес. Кудай алдыда дагы көп жакшы нерселерди даярдап турат. Албетте, кийинки Олимпиадага даярданам, эч качан токтобойбуз”, - деди Жоламан Шаршенбеков.

“Азатыкка” курган маегинде Жоламандын атасы Назарбек Рысалиев мелдешти туугандары менен чогуу көрүшкөнүн, жарым финалдагы ызаны соңку жеңиш жууп кеткенин айтып берди.

“Туугандар менен чогуу Жоламандын беттешин үйдө көрдүк. Кечээ баарыбыз капаландык эле, бүгүн сүйүнүп атабыз. Олимпиадага жакшы даярдык менен барды. Дүйнөдө биринчи болгондуктан баары ага карап даярданышты. Болгону жарым финалда ката кетирип, төрт упайга (айырма бир упай) алдырып койду. Жапон балбаны өтө мыкты даярданып келген экен. Ал Париж Олимпиадасына жолдомо уткандан бери эч бир мелдешке катышкан эмес эле. Жоламан болсо былтыр жолдомо алганга чейин көп турнирге чыкты. Ар бир мелдешке чыккан сайын эки жолу салмак кууйт. Темир эмес да. Ошого бир аз энергиясы азайып, чарчаңкы болуп калыптыр. Мурдагыдай 2023-жылдагы дүйнө чемпионатындай формада эмес. Чарчаңкы болуп, улам-улам салмак кууган оңой эмес. Элдин баары алтын утат деп аткан. Бирок коло медал да жаман эмес”, - деди ал.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Жоламан Шаршенбеков буга чейин аталган ирандык балбан менен Азия жана Дүйнө чемпионаттарында төрт жолу беттешип, бардык таймаштарын уткан.

Шаршенбеков 6-августта 3-орун үчүн беттеште ирандык Мехди Мохсен Нежадды 3:1 эсебинде жеңди.
Шаршенбеков 6-августта 3-орун үчүн беттеште ирандык Мехди Мохсен Нежадды 3:1 эсебинде жеңди.

Шаршенбеков Мехди Мохсен Нежадды 2019-жылы 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында 4:0, 2020-жылы Азия чемпионатынын жарым финалында 9:2, 2022-жылы Азия чемпионатынын финалында 4:0, 2023-жылдагы Дүйнө чемпионатынын жарым финалында 4:3 эсебинде жеңген.

Жарым финалдагы ыза

Коло байге үчүн күрөшкө чейин Шаршенбеков 5-августта үч беттеш өткөргөн. Алгач 1/8 финалда казакстандык Айдос Султангалини 6:3, чейрек финалда румыниялык Разван Арнаутту 9:0 менен жеңген. Жарым финалда жапон балбаны, Токио олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Кеничиро Фумитага 3:4 эсебинде жеңилген эле.

Буга чейин Жоламан Шаршенбеков менен Кеничиро Фумита эки жолу беттешкен. 2020-жылы Азия чемпионатынын финалында Кеничиро Фумита Жоламан Шаршенбековду 4:0 менен уткан. 2023-жылы Сербиянын Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кез келип, кыргыз балбаны атаандашын 11:6 эсебинде утуп, алтын медал тагынган. Бул күрөш ошол жылдын мыкты таймашы болгон.

Жапон балбаны Олимпиаданын алдында Бириккен күрөш дүйнөсү уюмуна берген маегинде Жоламан менен болгон күрөш аны өзгөрткөнүн, рахаттана таймашууну андан үйрөнгөнүн айткан. Бирок бул жолу Жапониянын өкүлү күчтүү болуп чыкты. Олимпиададагы күрөш эки балбандын үчүнчү беттеши болду.

Ошентип, тилекке каршы, Жоламан Шаршенбеков Париж Олимпиадасынын финалына бир кадам жетпей калды. Кыргызстандын Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев “Азаттыккка” даярдык жакшы болгонун билдирди:

“Даярдыктар жакшы эле. Бирок эми бул Олимпиада да. Спортто утат, утулат. Эң башкысы, Олимпиадада коло, күмүш медал да алтынга тете деп эсептейм. Себеби канча деген мамлекеттин ичинен медал алган спортчу ийгиликке жеткен болот. Эми Жоламандын келечеги дагы алдыда. Кийинки мелдештерден үмүт кылабыз”.

Дүйнөнүн эки жолку чемпиону

Жоламан Шаршенбеков 25 жашта. Грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону, эки жолку күмүш байгесинин ээси. Азиянын үч жолку чемпиону жана эки жолку күмүш байгесинин ээси.

Жоламан Шаршенбеков беш бир туугандын үчүнчүсү. Талас облусунун Манас районунун Бала-Саруу айылында төрөлгөн. Учурда үй-бүлөсү менен Бишкекте турат.

Бишкектеги №5 мектепте окуп, Дене тарбия академиясын аяктаган.

Жоламандын агасы Тынарбек дагы грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасында 2023-жылга чейин эл аралык мелдештерге катышкан. 2022-жылы Монголияда өткөн Азия чемпионатында ага-ини балбандар өз салмактарында жеңишке жетип, эки Азия чемпиону бир үй-бүлөдөн чыккан алгачкы спортчу болушканын Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайты жазган.

Балбандардын атасы Назарбек Рысалиев 2022-жылы Жоламан Шаршенбеков алгач ирет Дүйнө чемпиону болгондон кийин “Азаттыкка” маек куруп, Жоламан үчүн ата конуштан жер которушканын айтып берген.

"Экөөнү күрөшкө алып келгенимдин себеби менин күрөшкө кызыкканыма байланыштуу. Бала чагымда күрөшкө абдан кызыкчумун. Айылда машыга турган эч нерсе жок эле. Кошуна жайгашкан Покровка деген айылга барып машыгып жүрчү элем. Ал зал бир ачылып, бир жабыла берип максаттарга жетпей калганбыз. Өзүм кийин айылдагы балдарды бир аз машыктырып жүрдүм. Балалуу болгондо өзүм күрөшпөй калсам да балдарым күрөшүп, ийгиликке жетсин деп тилек кылгам. Кудайдан болуп, балдарым да күрөшкө шыктуу болуп машыгып калышты. Жоламан 3-класста, Тынар 6-класста окуган кезде Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районундагы Хаким Махмудовдун кол алдында машыга башташты. Жоламан алгач жөн эле машыгып жүрүп, Чыгыш-5 кичи районундагы спорт залда мелдеш болуп калганда ага катышып калды. Өзүм билген ыкмаларды ага көрсөтүп үйрөтүп, ал мелдеште 3-орунду ээледи. Ошондо машыктыруучу Хаким Махмудов Жоламандын күрөшкө шыктуу экенин байкап, машыгууга келсин деп сунуштаган. Балдарым күрөштөн максаттарына жетсин деп Талас облусунун Манас районунун Бала-Саруу айылынан атайын Бишкекке да көчүп келгенбиз. Айылда өзүңөр билгендей жакшы шарт жок да. Балдарга машыгууга жакшы шарт түзөлү деп Бишкекте иштеп, ушундай келечек түзүп берүүгө аракет кылдык. Кудай буюрса, агасы Тынар экөө эл аралык мелдештерге чогуу барып, байгелерге ээ болуп жүрүшөт. Өзүм Бишкекте жеке чарба иштери менен алекмин. Апасы Бишкектеги №5 мектеп гимназиясында математика сабагынан мугалим. Жоламан беш бир туугандын үчүнчүсү. Бишкектеги №5 мектепте окуп, Дене тарбия академиясын аяктады. Алдыда дагы спортту таштабай, максаттарына жетүүгө аракет кылам деп жүрөт. Негизги максаты - Олимпиадада байге алуу", - деп айткан балбандын атасы Назарбек Рысалиев.

Жоламан Шаршенбеков, 25 жашта.

  • Грек-рим күрөшү боюнча Дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2022, 2023).
  • Дүйнө чемпионатынын эки жолку күмүш байгесинин ээси (55 кг, 2018-ж., 60 кг, 2021-ж.).
  • Азиянын үч жолку чемпиону (2022-ж., 2023-ж., 2024-ж.).
  • Азия чемпионатынын эки жолку күмүш байгесинин ээси (2018-ж., 2020-ж.). Азия оюндарынын жеңүүчүсү (2023).
  • Уландар (кадеттер) арасында Азия жана Дүйнө чемпионатында коло (54 кг. 2016-ж.).
  • Жаштар арасында Азия жана Дүйнө чемпионатында күмүш медал (55 кг, 2017-ж.) тагынган.
  • 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионатында алтын, Дүйнө чемпионатында (U23) күмүш (2019-ж.) байгеге ээ болгон.
  • Олимп оюндарына экинчи жолу катышты. 2021-жылы Токиодо өткөн
  • Олимпиадада Шаршенбеков 7-орунду ээлеген.
  • Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) 2022-жылдын жыйынтыгы менен Шаршенбековду грек-рим күрөшү боюнча “Жылдын мыкты спортчусу” атап, Париж олимпиадасына башка балбандар үчүн күчтүү атаандаш болорун белгилеген.
XS
SM
MD
LG