Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:16

Ооган казактарынын үмүтү Нур-Султанда


Казакстан Ооганстандан 35 этникалык казакты учак менен эвакуациялаган, Алматы аэропорту. 9-сентябрь, 2021-жыл.
Казакстан Ооганстандан 35 этникалык казакты учак менен эвакуациялаган, Алматы аэропорту. 9-сентябрь, 2021-жыл.

Гуманитардык кризиске кабылган Ооганстанда этникалык казактар тез арада көчүрүп кетүүнү өтүнүп, Нур-Султанга кайрылды. Оогандык казактар тамак-аш тартыштыгын баштан кечирип, чыдоого мүмкүн болбой калганын билдирген.

Буга чейин Казакстандын делегациясы Кабулга гуманитардык жардам жеткирген. БУУ азык-түлүк тартыштыгы чечилбесе, Ооганстандын калкынын жарымынан көбү ачкачылыкка дуушар болорун эскертүүдө.

"Жагдайыбыз жакшы болбой калды"

Гуманитардык кризиске кабылган Ооганстанда жашаган этникалык казактар жумушсуз калып, жакырчылыкка дуушар болуп, балалуу үй-бүлөлөр тамак-аштан кыйналып жатканына даттанышкан. Оор абалда калган казактардын тобу кышка чейин аларды тарыхый мекенине көчүрүп кетүүнү суранып, Казакстандын бийлигине кайрылды.

“Мен өзүм казакмын. Казакстанга барайын десем, акчам жок. Казакстандын Кабулдагы консулдугуна барсам, арызымды ушуга чейин караша элек. “Тизме боюнча консулдукка чакырабыз” деп, чакырган да жок. Өзүбүз болсо, Мазари-Шарифте турабыз. Жумуш жок, балдарыбыз кичине. Консулдуктан чакыруу күтүп эле отурабыз”, - деди Кабулдагы Казакстандын консулдугуна бир айдан бери улам каттап жатканын айткан этникалык казак Мохаммед Назер.

Айрыкча, "Талибан" Ооганстанда бийликти алгандан бери бир катар ишканалар жабылып, көпчүлүк этникалык казактар жумушсуз калып, тамак-ашка муктаждык жаралган.

Кабулда жашаган казак Лал Мохаммед Жума Назар үй-бүлөсү үч айдан бери азык-түлүктөн өтө кыйналганын кеп салып, ачкачылыктан куткаруу үчүн казак өкмөтүнөн жардам сурады.

“Иштейин десек, жумуш жок. Жегенге нан жок, жагдайыбыз жакшы болбой калды. Келинчегим кан кусуп ооруп жатат. Жаш балдар менен кыйынчылыкты баштан кечирүүдөбүз. Өтүнүч, жардам бериңиздер бизге ”, - дейт Кабулдагы этностук казак Лал Мохаммед Жума Назар.

Нур-Султан буга чейин Ооганстандагы этностук казактарды көчүрүп кетүүгө убада бергени менен ушул күнгө чейин 35 гана үй-бүлө чыгарылган.

Казакстандын Кабулдагы элчилиги буга түшүндүрмө бере элек. Ооганстандагы казактардын так саны белгисиз. Өлкөдө кайыр сураган адамдар кескин көбөйүп, тамак-аш муктаждыгы күч алганы кабарланууда.

Нур-Султандын Кабулга жардамы

Эки күн мурун Казакстандын атайын өкүлү Ержан Казыхан жетектеген делегация Кабулга гуманитардык жардам жеткирди.

Акорданын маалымат кызматы Казакстандын делегациясы “Талибан” өкмөтүнүн башчыларынын бири Абдул Гани Барадар жана тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолукканын билдирди.

"Казакстандын ооган элине гуманитардык жардам көрсөтүшү жана соода-экономикалык байланыштарды калыбына келтирүү маселеси талкууланды", - деп жазылган Акорданын расмий кабарында.

Казакстандын делегациясынын башчысы Ооганстанга гуманитардык жардам катары 5 миң тонна ун жана коронавируска каршы QazVac вакцинасын тапшырганы белгиленди.

Казакстандын президенттинин атайын өкүлү Ержан Казыхан 5 миң тонна буудайдын сертификатын "Талибан" өкмөтүнүн башчысынын орун басары, молдо Абдул Гани Барадарга тапшырып жаткан учуру.
Казакстандын президенттинин атайын өкүлү Ержан Казыхан 5 миң тонна буудайдын сертификатын "Талибан" өкмөтүнүн башчысынын орун басары, молдо Абдул Гани Барадарга тапшырып жаткан учуру.

Казак делегациясынын бул сапарын Ооганстандагы “Талибан” өкмөтүнүн расмий өкүлү Забиулла Мужахид ырастап, жолугушуулар тууралуу "Твиттер" баракчасына жазып чыкты.

Кыргызстандын Ооганстанга жардамы

Кыргызстандын Кабулдагы элчилигинин кызматкери Нурлан Орузбаев этностук кыргыздарга көрсөтүлгөн жардам боюнча “Азаттыкка” буларды билдирди:

Нурлан Орузбаев. Кыргызстандын Ооганстандагы элчилигинин кызматкери
Нурлан Орузбаев. Кыргызстандын Ооганстандагы элчилигинин кызматкери

“Ооганстанда ачкачылык, азык-түлүктүн тартыштыгы, кымбатчылык эл арасында кадимкидей сезилип жатат. Азыр эл аралык коомчулук ар тараптуу гуманитардык жардам жиберип жатат. Кыргыз бийлиги да боордош ооган элине эки ирет гуманитардык жардам жөнөттү. Кыргыз бийлиги уюштурган акыркы гуманитардык жардам 13-октябрда биздин этникалык кыргыздарга жеткирилди”.

Тажик бийлиги соңку үч айда коопсуздугунан коркуп, ачкачылыктан азап чеккен 15 миңдей ооган качкыны келгенин билдирген. Ооганстандагы гуманитардык капсалаңды жөнгө салуу үчүн БУУ тез арада гуманитардык жардам уюштуруу демилгесин көтөрдү.

Улуттар Уюму быйыл кышта 39 млн. калкы бар Ооганстандын 23 млн. чамалуусу ачарчылыкка дуушар болорун жана миллиондогон оогандар ачкачылыктын айынан кошуна өлкөлөргө агылышы мүмкүн экени тууралуу билдирүүсүн жарыялады.

XS
SM
MD
LG