Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:19

ЖККУ тажик-ооган чек арасында дагы аскердик машыгуу өткөрөт


Тажикстанда өткөн ЖККУнун аскердик машыгуусуна катышкандар.
Тажикстанда өткөн ЖККУнун аскердик машыгуусуна катышкандар.

Орусия башында турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) мүчөлөрү ноябрда тажик-ооган чек арасына чукул жерде төртүнчү аскердик машыгуу өткөрөт. Бул тууралуу ЖККУнун расмий өкүлү Владимир Зайнетдинов билдирди.

Ага төрт миңдей аскер жана 500 атайын техника тартылат. Иш-чара чек арага жакын жердеги Тажикстандын Харбмайдон жана Момирак полигондорунда өтөт.

17-августта Орусия менен Тажикстан ооган чегине чукул аймакта бир нече айлык аскердик машыгууларды баштаган. Бир апта мурун орус, тажик жана өзбек жоокерлеринин биргелешкен окуусу аяктаган. Сентябрдын башында ЕККУга кирген мүчөлөрдүн миңдеген жоокери Кыргызстандагы машыгууларга катышкан.

Ооганстан менен чектешкен Борбор Азия өлкөлөрү чек арадагы коркунучтар менен качкындардын агымынан чочулайт.

ЖККУга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет.

XS
SM
MD
LG