Кабулда кароосуз калган сегиз бала ачкачылыктан чарчап калганы белгилүү болду.
БУУнун эки программасы кышта 39 млн. калкы бар Ооганстандын 23 миллионго чукулу ачарчылыкка дуушар болушу мүмкүн экенин эскертти. Улуттар Уюму тез арада гуманитардык жардам уюштуруу демилгесин көтөрдү.
Мурдагы бийликте иштеген саясий ишмерлер аймактарда турсун, баш калаа Кабулдун өзүндө кароосуз калган жаш балдар ачкачылыктан чарчап калып жатканы тууралуу коңгуроо кагышууда.
Ооганстандагы хазарлардын саясий лидери, мурдагы президенттин коопсуздук боюнча улук кеңешчиси Мохаммад Мохакик Facebook баракчасына Кабулдун батыш жагындагы 13-райондо кароосуз калып, ачкачылыктан кайтыш болгон сегиз жаш баланын жасаты бир жерден табылганын жазды. Анын айтымында, алардын сөөгүн жергиликтүү тургундар жана андагы молдо жерге берген.
«Алар сегиз жаш бала болчу. Алардын чоңу сегиз жашта, ал эми эң эле кичинеси бир жарым жаштарда эле. Балдардын эч кимиси жок. Алардын ата-энеси кайтыш болуп, каралашкан жакын туугандары дагы жок экен. Биз ал жакка бардык. Үйгө кирип карасак, баары эбак эле көз жумган экен. Балдар ушунчалык ачка болгондуктан буттарын сунганга дагы жарашкан эмес», - деп билдирди Facebook баракчага чыккан видео тасмада жергиликтүү молдо Мохаммед Али Бамиани.
“Талибан” жетектеген Ооганстандын өкмөтү бул үрөй учурган окуяга карата азырынча эч кандай комментарий бере элек. БУУнун Бүткүл дүйнөлүк айыл чарба жана Азык-түлүк программалары Ооганстандагы кырдаал тууралуу бир учурда биргелешкен билдирүү жасап, өнүккөн өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө ыкчам гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча кайрылды. Анда Ооганстанда калктын азык түлүктүн таңкыстыгына байланыштуу жагдайына камтамачылык айтылып, батыл чараларды көрүү демилгеси көтөрүлдү.
Асмандаган баалар, азык-түлүк таңкыстыгы
Кабулдун тургуну Самиулла азыр коопсуздук менен тамак-аш негизги көйгөй экенин белгиледи:
«Биздин бийликтен күткөн үмүтүбүз эле элди эртерээк коопсуздук жана жумуш менен камсыз кылып берсе жакшы болот эле. Калк азыр жумушсуздук менен азык-түлүк жетишпестигинен жабыркап турат. Азык-түлүктүн баасы асман чапчыды. Мына ушул нерселер элди аябай жакырчылыкка кептеген себептер», - Самиулла.
БУУнун маалыматы боюнча быйылкы кышта гуманитардык жардам берилбесе, 39 млн. калкы бар Ооганстандын 23 миллионго чукулу ачарчылыкка дуушар болушу мүмкүн. Мындай кырдаалга өлкөдөгү башаламандыкта талибдер бийликке келип, эл аралык жардам токтотулуп, ансыз дагы араң турган экономикалык абал начарлап, коронавирустун айынан калктын калың катмарынын турмушу кескин оорлогону себеп болгон.
Евробиримдик Ооганстанга 1 млрд. евро жардам берүү пакетин колдоду. Ал гуманитардык жардам Кабулдун тааныла элек “Талибан” бийлигине эмес, жеринде иштей турган эл аралык уюмдар аркылуу түздөн-түз ооган элине көрсөтүлө турганы боюнча расмий маалыматты 12-октябрда Еврокомиссиянын жетекчилиги жарыялаган.
«Ооганстан боюнча биз буга чейин бир нече ирет айтып, сиздер билгендей, биз азыр аздан болсо дагы жеринде иштөөнү камсыздоонун үстүндөбүз. Коопсуздук үчүн биз анын бардыгын толук айта албайбыз. Бирок бул андагы бийликти таануу эмес. Биз жардамга муктаж ооган элине жакын болгубуз келет. Албетте, анан «Талибан» менен иштешүүгө туура келет. Себеби гуманитардык жардамды үзгүлтүксүз киргизүүдө кызматкерлердин жана оогандардын коопсуздугун камсыздоо керек», - деди Еврокомиссиянын чет элдиктердин иши боюнча өкүлү Набила Массрали.
Ооган кризисинин кесепеттери
БУУнун эксперттери эгерде токтоосуз түрдө чара көрүлбөсө, миллиондогон оогандыктар ачкачылыктын айынан жер которуп, жакынкы кошуна өлкөлөрдүн аймагына агылуу коркунучу бар экенин болжолдошту.
Анда жылда эл аралык колдоодон ажырап калган ооган эли быйыл ноябрь айынан келерки жылдын март айына чейин гуманитардык кырдаал курчуп, анын кесепеттери көп жылга созулушу мүмкүн экени белгиленди.
Туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоону убада кылган Ооганстандагы «Талибан» өкмөтү эл аралык санкцияларга жана ИГИЛдин байма-бай террордук кол салууларына дуушар болууда. Анан калса талибдердин бийлигин бир дагы өлкө тааный элек.
“Талибандын” саясий жетекчилиги Дохада Кытайдын тышкы иштер министри менен жолугушуп, орчундуу маселелерди сүйлөшөрү күтүлүүдө. Бээжин талибдердин бийлигин тааный элек. Бирок Кытай мамлекети элчилигин калтырып, аны менен кызматташарын жарыялаган.
Буга чейин ал “Талибандан” уйгур жоочулары Ооганстанды Кытайга каршы колдонуусуна жол бербөөнү талап кылып, бул боюнча шарт койгону белгилүү. “Талибандын” саясий жетекчилиги быйыл июль айында Бээжинде иш-сапары менен болуп, Кытай бийлиги менен сүйлөшкөн.